Ислам дини » Динибиз » Аллаху таалага ишенүү » Аллаху тааланын нематтары




Аллаху тааланын нематтары


Бардык адамдарга ар бир нематты жиберүүчү  жалгыз Аллаху таала. Бардык нерсени жараткан жалгыз  гана Ал. Ар бир макулукту ар дайым бар кылып кармап  турган да Ал. Кулдардагы жогору жана жакшы сыпаттар  Анын мээрими менен ихсаны болуп саналат. Жашообуз,  акылыбыз, билимибиз, күч-кубатыбыз, көрүүбүз, угуубуз,  сүйлөй алуубуз бардыгы тең Андан. Санап бүтүрүүгө болбой  турган ар түрдүү нематтарды, жакшылыктарды жиберүүчү да - Ал. Адамдарды кайгы-кыйынчылыктардан куткаруучу, дубаларды кабыл кылуучу, дарт жана кырсыктарды  кетирүүчү да - Ал. Ырыскыларды жаратуучу жана таратуучу -  жалгыз Ал.  

Анын ихсаны ушунчалык көп; күнөө кылгандардын да  ырыскыларын токтотуп койбойт. Күнөөлөрдү ушунчалык  жашырат; буйругун тыңдабаган, тыюуларынан сактанбаган  күнөөкөр адамдарды көпчүлүктүн алдында ашкере  кылбоодо жана намысын кетирбөөдө. Кечирими жана  мээрими ушунчалык көп; жаза менен азапка татыктуу болгон  кулдарын жазалоого шашылбоодо. Нематтарын,  ихсандарын досторуна жана душмандарына чачууда. Эч  кимден эч нерсени аяп жаткан жок. Бүткүл нематтарынын эң  чоңу, эң баалуусу катары туура жолду, бактылуулук жана  кутулуу жолун көрсөтүүдө. Туура жолдон адашпоо жана  Бейишке кирүү үчүн колдоо көрсөтүүдө. Бейиштеги чексиз  нематтарга, түгөнбөс, учу-кыйыры жок лаззаттарга, өзүнүн  ыраазычылыгы менен махабатына жете алуубуз үчүн  сүйүктүү Пайгамбарына "саллаллаху алейхи ва саллам"  моюн сунуубузду буйрук кылууда.  

Мына, Аллаху тааланын нематтары айдан ачык. Башкалардан келген жакшылыктар да Аллаху тааладан  келүүдө. Башкаларды себепкер кылган, аларга жакшылык  кылуу каалоосун берген, аларга жакшылык кылуу күч кубатын бере турган да - Ал. Ошондуктан, ар жактан, ар  кимден келе турчу нематтарды жибере турган да - Ал. Андан  башкасынан жакшылык, ихсан күтүү аманатчыдан аманат  катары бир нерсе суроого жана кедейден садага суроого  окшойт. Бул сөздөрүбүздүн орундуу жана туура экендигин  жахилдер да аалымдар сыяктуу, акылы тайкылар да ззэни  курч адамдар сыяктуу түшүнө алышат. Адамдын бул  нематтарды жиберген Аллаху таалага колунан келгенче  шүгүр кылуусу - адамдык милдети. Акыл буйрук кылган  милдет жана карыз.  


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш