Суроо: Эгер мусулмандар
айткандай Аллахтын бардык нерсеге күчү жетсе, адилеттүү жана ырайымдуу болсо,
эмне үчүн күнөөсүз балдарды, күнөөсүз адамдарды ачка калтырат, жер титирөө
сыяктуу себептер менен өлтүрөт? Буларга жана жамандыктарга эмне үчүн тоскоол
болбойт?
ЖООП: Бул жерде беш суракка алуу бар: Аллахтын бардык
нерсеге күчү жетеби? Адилеттүүбү? Ырайымдуубу? Жамандыктарга эмне үчүн тоскоол
болбой жатат? Адамдар эмнеге тең эмес? Ирети менен жооп берели:
Аллахтын
күчү бардык нерсеге жетет.
Кең асмандарды, асмандардагы планеталарды, жерлерди, деңиздерди, жер астындагы
кендерди, муздак-ысык сууларды, сансыз адамдарды, жиндерди, периштелерди,
жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү, мөмө-жемиштерди ойлоп көрсөк, буларды жоктон
ким бар кыла алат? Өзүнөн өзү кокусунан пайда болгонун акыл-эси бар бир да адам
айта албайт. Кокусунан пайда болбогондой эле, бардык адамдар чогулуп бир
кумурсканы, бир чиркейди, бир арпа, бир буудай данын жарата алышабы? Бир адамды
эмес, бир көзүн да жаратышы мүмкүнбү? Адам мынчалык алсыз болуп туруп бардык
нерсени жоктон жараткан Аллаху тааланы кантип алсыздык менен күнөөлөй алат?
Кылымдар
бою ысыгы, жарыгы азайбаган жана күн сайын үзгүлтүксүз айланып турган Күндү
көрбөй жатышабы? Күн нурунда түрдүү шоолалар бар. Эгер жарык болбогондо көздү
пайдалануу мүмкүн болот беле? Түстөрдү кантип айырмалоого болот эле? Күн менен
түн болмок эмес, бардык жер караңгы болмок. Эгер Күн азыркы ордунан жерге
жакыныраак болгондо, ысыктан жер бетинде эч бир жандык жашай алмак эмес. Эгер
Күн жерден алысыраак болгондо, сууктан дагы жер бетинде жашоо болмок эмес.
Кичинекей бир уруктун ичинде чоң дарактын программасы катылган. Бир спермада
чоң адамдын программасы бар. Мындай улуу тартипти акыл-эси жайында бир адам
кантип четке кага алат?
Аллах
адилеттүүбү?
Адилеттүүлүк
деген эмне? Адилеттүүлүк сөздүк жагынан бир нерсени өз ордуна коюу дегенди
билдирет. Адилеттүүлүк укукта башчынын өлкөнү башкаруу үчүн чыгарган мыйзамдарынын
ичинде аракет кылуусу. Зулумдук болсо бул мыйзамдын сыртына чыгуу. Бүт нерсени
жоктон жараткан Аллаху таала хакимдердин хакими, бүткүл нерсенин чыныгы ээси
жана жалгыз жаратуучусу. Аны мыйзам алдында кармай турган жогорку, Анын үстүндө
башчысы, кожоюуну жок. Ошондуктан, "Аллахтын кылган баланча иши
адилеттүүлүккө туура келбейт” деп айтууга болбойт.
Адилеттүүлүктүн
дагы бир аныктамасы – жеке менчиги, мүлкү болгон бир нерсени колдонуу дегендик.
Зулумдук болсо – башка бирөөнүн мүлкүнө кол салуу. Ааламдагы жана ичиндеги
бардык нерсенин жаратуучусу Аллаху таала болгондуктан, Андан башка жаратуучу
жок болгондуктан жана эч ким эч нерсеге ээ болбогондуктан, Раббибиз кылган
иштер эч кимдин мал-мүлкүнө кол салуу эмес. Анын кылган иштери үчүн "адилеттүүлүккө
туура келбейт” деп айтууга болбойт. Мүлк Аныкы, аны өзү каалагандай
колдонот. Эч кимдин эч нерсе суроого акысы жок.
Эгер бир адам өзү өстүргөн картошкасын кайнатып жесе, тамагын жасаса, пюре
жасаса, жаныбарларга берсе, бул зулумдук болобу? Башкалардын эмне үчүн картошкага
мындай мамиле кыласың деп айтууга акысы барбы? Ар ким өзүнүн мүлкүн каалагандай
колдонот. Мал-мүлк кимге таандык болсо ээси да ал. Аалам болсо Аллаху
тааланыкы. Аны бир адамдын картошка эгиши менен салыштырууга болбойт.
Картошканы адам жоктон бар кылбайт. Аллах жараткан топуракта өсөт. Ага
карабастан, анын картошканы каалагандай колдонууга укугу бар. Ал эми Аллаху
таала ааламды жана андагы адамдарды жоктон жараткан. Бир адамдын картошканы
колдонуу укугу сыяктуу Аллаху тааланын ааламда жана адамдарда тасарруф
(колдонуу) укугу жокпу? Албетте бар. Кээ бир жерден кайнаган суу, кээ бир
жерден муздак суу чыгарат. Кээ бирөөнү кара, кээ бирөөнү ак кылып жаратат. Кээ
бирөөнү узун, кээ бирөөнү кыска кылып жаратат. Кээ бирөөнү сокур, кээ бирөөнү
дүлөй кылып жаратат. Кимдир бирөөнү бала кезде өлтүрөт, кимдир бирөөнү
карыганда. Мүлк аныкы, "эмнеге минтип жараттың, эмнеге мындай кылып жатасың”
дегенге эч кимдин акысы жок. Бул тасарруфтарды башка бирөөнүн мүлкүндө кылса
ошондо адилетсиздик болот. Ал өзүнүн мүлкүн колдонууда, башка бирөөнүн
мал-мүлкүнө кол салбоодо. Кимдир бирөөнүн эккен картошкасын пюре жасашына
кийлигише албагандан кийин, Аллаху тааланын ишине кийлигишүүгө кимдин акысы
болушу мүмкүн? Анын сыңарындай, бир жыландын мени эмнеге жылан кылып жараттың, мени
арстан кылып жаратсаң болмок дегенге акысы барбы? Арстандын да эмнеге мени
айбан кылып жараттың, мени да адам кылып жаратсаң жакшыраак болмок деп айтууга
акысы барбы? Бул ар бир жаныбарга тиешелүү. Чочко, кумурска, чаян, чымын, баары
окшош сөздөрдү айта алышмак. Кедей эмнеге мени бай кылбадың деп Аллахтан эсеп
суроого аракет кылса, туура болобу? Бир эркек азыр сулуу менен бай бааланат,
мени эмне үчүн аял кылып жаратпадың деп айтса орундуу болобу? Ошондой эле аны
чочко же ит кылып да жаратышы мүмкүн эле. Бир аял мен күчтүү балбан болууну
кааламакмын, мени эмнеге эркек кылып жараткан жоксуң деп айтса, орундуу болобу?
Кара адам мени эмне үчүн ак кылып жаратпадың деп айта алабы?
Бул
мисалдарды көбөйтүү, ал тургай эмне болбосун анын терсин айттуу мүкүн. Фермер
асыл тукумдагы малдарды бир жерге койсо же ар бирине өзүнчө орун даярдаса же
кээ бир асыл тукумдагы жаныбарларды бир сарайга киргизсе, буга кимдин эмне деп
айтууга акысы бар? Же өзү каалаган учурда бир козу же бир тоокту союп жесе,
буга ким эмне дей алат? Анткени, жаныбарлар анын менчиги, аларды каалагандай
багат, каалаганын союп жей алат. Ааламдагы бүткүл нерселер да Аллаху тааланын
мүлкү, аны өзү каалагандай колдоно алат. Буга эч ким кийлигише албайт. Эгер
башка бирөөнүн мүлкүн колдонсо, ошондо гана адилетсиздик болушу мүмкүн. Эч
кимдин жеке ишине кийлигишүүгө болбойт.
Аллах ырайымдуубу?
Аллах ырайымдуубу
деп сурагандай жаманыраак башка эмне болушу мүмкүн? Андан өткөн ырайымдуу башка
ким болушу мүмкүн? Ар бир адамдын ырайымы чектелүү. Раббибиздин ырайымы болсо
чексиз. Бир аяти кариманын мааниси төмөнкүдөй:
"Аллахтын боорукердиги, ырайымы чексиз.” [Фуркан, 70]
Эки хадиси
шарифтин мааниси да төмөнкүчө:
"Аллаху тааланын момунга болгон ырайымы, мээрими,
боорукердиги бир эненин баласына болгон мээриминен да жогору турат.” [Бухари]
"Аллаху таала өзү жараткан жүз мээриминин бирин
макулуктарына берген. Ушул себептен эне баласына мээримдүүлүк кылат, айбандар
балдарын жакшы көрөт жана бардык макулуктар бири-бирине боорукердик кылат.” [Абу Яъла]
Демек,
адамдар менен жаныбарлардын ортосундагы ырайымдуулук да Аллах тарабынан
берилген бир ырайымынын натыйжасы. 99 ырайымы болсо өзүндө. Бисмиллахдагы
Рахман жана Рахим ысымдары да пенделерине жакшылык кылуучу, боорукер, ырайымдуу
деген маанини туюнтат. Кудай сактасын, "Аллах калп айтат, Ал ырайымсыз” деген
адам өзүнүн сабатсыздыгын ашкерелеген болот.
Фуркан сүрөсүнүн
жетимишинчи аяти каримасында бир капыр мусулман болсо, анын бардык күнөөлөрүн,
жасаган бардык жаман иштерин Аллаху таала соопко айлантат жана ага Бейишин
берет. Мындан да өткөн чоң ырайымдуулук башка кандай болушу мүмкүнбү?
Майып же сокур
кылып жараткан мусулмандарга да үч күндүк дүнүйөдө тарткан бул кыйынчылыктарга
сыйлык катары түбөлүк Бейиш нематтарын ихсан кылат. Эч бир пендесине бербеген
соопторду бул пенделерине ихсан кылат. Түбөлүк тозоктон куткарат.
Жамандыктарга эмне үчүн тоскоол болбой жатат?
Атеист
айтат: "Эгер Кудай бар болсо жана бардык нерсеге күчү жетсе, анда эмне
үчүн жамандыктарга тоскоол болбой жатат? Эмне үчүн адамдарга жамандык кылууга
уруксат берүүдө?”
ЖООП: Аллаху
таала күнөө жана жамандык кылбаган жандыктарды да жараткан. Мисалы, периштелер
жамандык кылбайт, күнөө кылбайт. Ал адамдарды жана жиндерди башкача жараткан.
Жакшылык жана жамандык кылуу сапаттары менен жаратып, өз эрктерине калтырган.
Эгер
жакшылык кылсаң сооп-сыйлык бар, жамандык кылсаң жаза бар деген. Биз билбеген
көптөгөн себептер жана сырлардан улам пенделерин сынакка алган. Эгер адамга
эркиндик бербесе суроо, эсеп болбойт. Күнөөнү да, соопту да өз эрки, өз каалоосу
менен кылышы керек. Эгер кыйнап сооп иш жасатылса, кыйнап күнөөдөн кайтарылса
анда сооп-сыйлыкка кантип татыктуу болот?
Аллаху
таала сынабастан эле пенделеринин эмне кыларын, кылмыш, күнөө кыларын билет.
Бирок, ал кылмыш жасай электен мурда жазаланса: "Күнөөм жок болуп
туруп, сынабай туруп мени жазалооң туура эмес”, - деп айтмак. Ушул
сыяктуу себептерден улам адамдарды сыноо үчүн дүнүйөгө алып келген. Моюн сунган
менен моюн сунбаган, кылмыш жасаган менен жасабаган белгилүү болсун деп кээ бир
тыюулар коюлуп, кээ бир ибадаттарды аткаруу мажбур кылынган.
Адамдар эмне үчүн тең эмес?
Адамдын
жаралуу максаты белинмейинче дүнүйөдөгү окуялардын себебин түшүнүү мүмкүн эмес.
Адам жансыз нерсе сыяктуу, чөп же айбан сыяктуу эмес, кулчулук жана сыноо үчүн
жаратылган. Эгер адам муктаждыксыз, кыйынчылыксыз жана бардык жагынан
кемчиликсиз жаратылганда, сыноо жана дүнүйө маанисиз болуп калмак. Эгер адамдардын,
жаныбарлардын жана ааламдагы башка жандуу-жансыз макулуктардын
кыймыл-аракеттери жана акылды таң калтыруучу системалары изилденип көрүлсө,
бардык нерсеге күчү жеткен Раббибиздин дүнүйөнү максатсыз жаратканы ойго да
келмек эмес.
Имам Раббани
хазрети мындай дейт:
Эгер
адамдар бул дүнүйөдө бир нече күн азап тартпаганда Бейиштин түбөлүк рахат жана
афиет нематтарынын баркын билишмек эмес. Ачка болбогон адам тамактын даамын
түшүнбөйт. Азап тартпаган адам ырахаттыктын баркын билбейт. (Мектубат,
2/99)
Эгер
ар бир адам бардык жагынан бирдей жаратылганда чоң кырсык болмок, коомдор
болмок эмес. Эгер адамдар бой, өң, келбет, акыл, байлык, ден соолук, күч,
сулуулук, ахлак сыяктуу бардык жагынан станоктон чыккандай тең, бирдей, башкача
айтканда, бири-бирине окшош болсо, миллиарддаган адамдарды бири-биринен
айырмалоо мүмкүн эмес болуп калат. Күйөөсү менен аялы бири-бирин тааный албайт,
адам аялын кызынан ажырата албайт, жашоо токтоп калат. Жалаң бул форманын
окшоштугунан улам эле миңдеген көйгөйлөр пайда болот. Башка тармактардагы
теңдиктер көрүлө электе эле, жашоодо орун ала электе эле жашоо бүтөт.
Эгер ар
бир адам билими жана маданияты жагынан да бирдей болгондо, гезитке, китепке,
киного муктаждык калмак эмес. Күрөш, чуркоо, сууда сүзүү сыяктуу спорттор,
жарыштар болмок эмес. Анткени, ар кимдин жөндөмдүүлүгү бирдей.
Жакшынын баркы жаман менен билинет. Ар бир адам жакшы болсо, жакшынын баркы
калбайт. Көрксүздүк жок болсо, суулукту түшүнүү мүмкүн эмес. Оору жок болсо
ден-соолуктун баркы билинбейт.
Адам
окуп, бардык жагынан кемчиликсиз адам болгусу келет. Эгер баары бирдей болсо
ким кимден жогору болот? Башчысыз, кызматчысыз, жумушчусуз коом болбойт. Байлар
зекет бере турган кедейди таба алышпайт.
Бардык
жагынан теңдиктин, окшоштуктун зыяндары сансыз көп. Ошондуктан, Аллаху таала
бүткүл нерсени акылмандык менен жана адилеттүү жараткан. Адилеттүүлүк болгондо
гана иш бир калыпта жүрөт. Мисалы, беш манжа бирдей болгондо, баш бармак
башкалардын арасында болгондо, азыркыдай натыйжалуу иш кыла алмак эмес, чоң
кемчилик болмок.
Адилеттүү
жаралууну бирдей жаралуу менен салыштыруу мүмкүн эмес. Бир эне-атадан акыл жана
жөндөмү ар кандай балдардын жаралуусу, миллиарддаган адамдардын бири-бирине
окшош эместиги, ал тургай манжаларынын издеринин ар башка болушу да Аллаху
тааланын кудуретинин чексиздигин көрсөтүүдө. Анын кудурети, күчү чексиз, даңкы
өтө бийик.