Ислам дини » Динибиз » Аллаху таалага ишенүү » Шайтан эч нерсе жарата албайт




Шайтан эч нерсе жарата албайт


Суроо: Жамандыктарды шайтан жаратат деп айткан бир аял: "Жоолук салынуу диндин беш шартынын бири эмес. Менин жоолугум жүрөгүмдө”, - деп айтууда. Шайтан жаратуучу болобу? Ыймандын алты шартынын бири "жакшы менен жамандын Аллахтан экенине ишенүү” эмеспи? Жоолук кандайча жүрөктө болот? Мындан тышкары эмнеге китептерге каршы сүйлөөдө? 

ЖООП: Эгерде бир адам китептерде айтылгандай жана баары айткан нерсени эле айтса ал көңүлдү тартпай калат, атактуу боло албай калат. "Намаз, орозо, оронуу парз. Аллахтан башка жаратуучу жок”, - десе, уккандар: "Муну биз да билебиз”, - дешет. Эгер динибизге каршы сүйлөсө, башкача бир нерсени айткан болот, ошондо ал таанымал болот. Бүгүнкү күндө кээ бир адамдар таанымал, атак-даңкка ээ болуу үчүн мындай баары, атүгүл, мусулман эместер да билген өкүмдөрдүн тескерисин айтышат. "Калыпташып калган нерсени өзгөртүп жатабыз” дешет. Исламдын шарты беш, ыймандын шарты алты эмес дегендер чыкпады беле?

 Эми биринчи суроого жооп берели.

 "Жамандыктарды шайтан жаратат” деп айтуу туура эмес. Шайтан алсыз бир макулук, Кудай сактасын, ал жаратуучу эмес, эч нерсени жарата албайт. Жалгыз жаратуучу – Аллах. Бир нече аяти кариманын мааниси:

 "Силердин Раббиңер бардык нерсенин жаратуучусу болгон Аллах.” [Мумин, 62]

 "Силерди да, кылган иштериңерди да жараткан Аллах.” [Саффат, 96]

 "Раббиң каалаганын тандап жаратат. Башкалардын тандоого укугу жок.” [Касас, 68]

 "Аллах бардык нерсенин жаратуучусу.” [Зумар, 62]

 Тафсирчилердин султаны имам Кады Бейдави хазреттери бул аяти кариманы төмөнкүдөй ачыктайт:

 "Жакшыны, жаманды, ыйманды, күфүрдү жана бардык нерсени жаратуучу – бир гана Аллаху таала. Бардык нерсе Анын тасарруфунда.”

 Бул аяти карималарды бир мусулман кантип четке кагат? Четке кагуучулардын ишенбөөсүнүн мааниси жок. Пайгамбарыбыз алейхиссалам жогорудагы аяти карималарды түшүндүрүп, мындай дейт:

 "Бардык иштер Аллахтан, жакшысы дагы, жаманы дагы.” [Табарани]

 "Аллаху таала айтат: "Мен ааламдардын Раббисимин, жакшыны да, жаманды да мен гана жаратам.” [И. Нежжар]

 "Аллаху таала жакшылык каалаганынын тиричилигине жеңилдик берет. Ал эми жамандык каалаганынын оокатын кыйынчылыкка кабылтат.” [Бейхеки]

 "Тагдырдын, жакшылык менен жамандыктын Аллахтан экенине ишенбеген адам момун эмес.” [Тирмизи]

 "Аллаху таала: "Мага ишенип, бирок, тагдырга, жакшылык менен жамандык менин тагдырым менен болоруна ишенбеген адам менден башка Кудай издесин”, - деди.” [Ширази]

 Аллаху таала жамандыкты балээге татыктуу болгон адамга жиберет. Бир аяттын мааниси:

 "Башыңарга келген кандайдыр бир балээ өз колуңар менен кылгандарыңардын кесиринен. [Ушуну менен катар] Аллах алардын көбүн кечирет.” [Шуура, 30]

 Андай болсо балээ, башкача айтканда, жамандык күнөөлөрүбүздүн кесиринен жиберилүүдө, бирок, жиберүүчү баары бир – Аллах. Аяти кариманын уландысында "Аллах алардын көбүн кечирет”, - дейт. Демек, балээни жиберүүчү да, анын көбүн кечирүүчү да Аллаху таала.

 Бир аяти кариманын мааниси да төмөнкүдөй:

 "Аларга бир жакшылык тийгенде: "Бул Аллахтан”, - деп айтышат. Ал эми башына бир жамандык келгенде: "Бул сенин айыңан”, - дешет. "Күллүн мин индиллах” [Баары Аллахтан] деп айт!” [Ниса, 78]

 Бул аяти каримада апачык айтылгандай, жакшылык да, жамандык да Аллахтан келүүдө. "Күллүн мин индиллах” деп айтылууда. Баары Аллахтан. Бул ыймандын алты шартынын бири. Амантуда "Жакшылык да, жамандык да Аллахтан” деп айтылган. Буга ишенбеген момун боло албайт. Аллаху таала бизге жамандыкты эмне үчүн жибергенин жогорудагы аяти каримада баяндайт. "Өз колуңар менен кылган күнөөңөрдүн кесиринен”, - деп айтат. Ошентип, жамандыктын келүүсүнө өзүбүз себепкер болуудабыз. Күнөө кылуудабыз, балээге татыктуу болуудабыз. Бир аяти кариманын мааниси:

 "Сага келген ар бир жакшылык Аллахтан [бир ихсан катары] келүүдө, ар бир жамандык да [күнөөлөрүңдүн жообу катары] өзүңдөн келүүдө.” [Ниса, 79]

 Жакшылыкты да, жамандыкты да жаратуучу зат – Аллах. Шайтан же башка бирөө эмес. Мусулман эместер ишенгендей "күнөө кудайы” деген нерсе жок.

Жүрөгүн таза деп ойлоо

 Намаз окубоо, орозо кармабоо эң чоң күнөөлөрдүн бири. Ичкилик менен зина да эң чоң күнөөлөрдүн бири. Күнөө кылгандардын жүрөгү көмүрдөй карайып калат. Таза болуусу мүмкүн эмес. Анткени, Пайгамбарыбыз алейхиссалам мындай дейт:

 "Күнөө кылган адамдын жүрөгүндө кара так пайда болот. Эгер тообо кылса ал так өчүрүлөт. Тобо кылбай, кайра күнөө кылса ал так чоңоюп, бүтүндөй жүрөктү каптап, жүрөк капкара болуп калат.” [Хараити]

 Көрүнүп тургандай, күнөө кылгандардын жүрөгү таза болбойт. Күнөө жүрөктү карайтат. Ар кандай күнөөлөрдү кылып да "Сен жүрөктү кара!” деп айтуу дин жахилдеринин же зындыктардын (ыймансыздардын) сөзү. Эгерде бир адам жер жүзүндөгү кедейлердин баарын тойгузса, ар бирине бирден үй берсе, ар бир көчөгө мечит салып, суу чыгарып берсе, бирок, намаз окубаса, алардын эч бирине сооп берилбейт. Башкача айтканда, намаз окубоонун чоң күнөөсү алардан пайда болчу соопту жок кылат.

 Имам Раббани хазрети мындай дейт: 

Салих амалдарды кылбай [Ахли сүннөткө ылайык ыйман келтиргенден кийин, намаз окубай, орозо кармабай, күнөөлөрдөн сактанбай] "Жүрөгүм таза, сен жүрөктү кара!” деп айтуу жалган, куру сөз, өзүн өзү алдагандык. Денесиз рух болбогондой эле, дене ибадат кылмайынча жана күнөөлөрдөн сактанмайынча жүрөк таза болбойт. (1/39) 

Олуялардын улууларынан Имам Мухаммед Масум Фаруки хазреттери дагы мындай дейт: 

Жунайд Багдади хазреттеринин шакирти болгон олуялардын улууларынан Абу Али Родбари хазреттери музыкалык аспап жана башка күнөөлөрдөн сактанбай: "Жүрөгүм таза, жүрөккө кара!” – деп айткандын бара турган жери Тозок дейт. (2/110) 

Ар кандай күнөө кылгандардын жана ибадат кылбагандардын мусулмандарга каршы "сен жүрөккө кара, жүрөгүбүз таза, Аллах жүрөккө карайт” деп айтканы туура эмес. Хадиси шарифте: "Жүрөк бузулса дененин иштери да дайыма бузулат”, - деп айтылган. (Байхаки) 

"Аллаху таала силердин сырткы келбетиңерге, мал-мүлкүңөргө [даражаңарга, жакшы иштериңерге] карабайт; жүрөгүңөргө карайт, аларды эмне ниетте кылганыңарга карайт, ошого жараша сооп же күнөө жазат” хадиси шарифи ибадат кылганда, жакшылык кылганда булардын Аллахтын ыраазычылыгы үчүн кылынганын же кылынбаганынын маанисин көрсөтүүдө. Эгер ниет Аллахтын ыраазычылыгы эмес болсо анын эч кандай кадыры жок.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш