Ислам дини » Динибиз » Аллаху таалага ишенүү » Тафаккур деген эмне?




Тафаккур деген эмне?


Суроо: Тафаккурдун диндеги орду кандай?

ЖООП: Тафаккур динибизде маанилүү ибадаттардын бири. Тафаккур – күнөөлөрү, макулуктар жана өзү тууралуу ойлоонуу, ой жүгүртүү, Аллаху таала жараткан нерселерден ибрет (сабак) алуу. Курани каримде жакшылар макталганда мындай деп айтылат:

"Алар турганда, отурганда, жамбаштап жаткан абалында да дайыма Аллахты эстешет, асмандардын жана жердин жаратылуусу жөнүндө терең ой жүгүртүшөт. Алар: "Оо, биздин Раббибиз, Сен буларды жөн жараткан жоксуң. Сен [бекер, маанисиз нерселерди жаратуудан] муназзахсың (аруусуң). Бизди Тозок азабынан сактай көр”, - дешет.” [А. Имран, 191]

Хадиси шарифтерде дагы мындайча айтылат:

"Аллаху тааланын улуулугу, Бейиш жана Тозок жөнүндө бир көз ирмем тафаккур кылуу (ой жүгүртүү) түндү ихйа кылгандан (тирилткенден) жакшыраак.” [Абушшейх]

"Тафаккур – ибадаттын жартысы.” [И. Газали]

"Тафаккур сыяктуу баалуу ибадат жок.” [Ибни Хиббан]

"Бираз тафаккур бир жылдык [нафил] ибадаттан баалуураак.” [К. Саадат]

("Асмандар менен жердин жаралышында, түн менен күндүн алмашып турушунда [узарып, кыскарышында] акылдуу адамдар үчүн албетте ибрет берүүчү далилдер бар” [А. Имран, 190]  аяты бар кезде мен кантип ыйлабайын? Бул аятты окуп туруп тафаккур кылбаган адамга убалдар болсун!) [И. Хиббан]

"Аллаху тааланын жараткандары тууралуу ойлонгула, Анын заты тууралуу ойлонбогула!” [Байхаки]

"Унчукпоосу тафаккур, кароосу ибрет болуп, көп истигфар кылган адам кутулат.” [Дайлами]

Аалымдар айтышат:

Тафаккур – адамды билимдүү кылат. Билимдүү болгон адам болсо амал кылат. (Вахб бин Мунаббих)

Тафаккур - жакшылык менен жамандыгыңды көрсөтүүчү күзгү. (Фудайл бин Ияд)

Аллаху тааланын улуулугун ойлогон адам Ага каршы чыга албайт. (Бишр-и Хафи)

Тафаккур зээнди ачат. (Имам-и Шафии)

Дүнүйөнү ойлонуу акыретке парда. Акыретти ойлонуу гафлеттен куткарып, хикметти (даанышмандыкты) сүйлөтөт. (Абу Сулайман Дарани)

Ар бир мүмкүнчүлүктө Аллаху таала жараткан нерселер тууралуу тафаккур кылуу керек. Мисалы, адам өз колун кароосу керек. Эгер манжалары болбогондо бир нерсени кармап көтөрүүсү канчалык кыйын болмок. Же манжалары такыр кыймылдабаганда, колдор болбогондо, көзүбүз болбогондо, көзүбүз башка жерде болгондо, жагдайыбыз кандай болмок? Тырмагыбыз тынымсыз өскөн сыяктуу эгер тиштерибиз да өскөндө эмне болмок? Эгер тиштерибиз сөөк менен бирге болгондо, чиригенде кантип жулунмак? Чач өскөнү менен, каштын, кирпиктин өспөй турганын ойлонуу керек. Адам терек сыяктуу чоңоюп кеткенде эмне болмок? Өсүмдүктөрдү жана мөмө-жемиштердин жаратылуусун, жылдыздар менен планеталардын гармонияда экенин ойлонуу керек. Буларды канчалык мыкты жараткандыгы үчүн Аллаху таалага хамд кылуу керек! Ушинтип адамдын ыйманы да кубаттанат. Бирок, тынымсыз ушулар менен алек болуп, өзүнө зарыл болгон фикх маалыматтарына кайдыгерлик кылуу болсо өтө коркунучтуу.

Тафаккур төрт түрдүү болот:

1-Аллаху тааланын макулуктарындагы кооздук жана пайдалар жөнүндө ойлонуу Ага ыйман келтирип, Аны сүйүүгө себеп болот.

2-Ал убада кылган сооптор жөнүндө ойлонуу ибадат кылууга себеп болот.

3-Ал билдирген азаптар жөнүндө ойлонуу Андан коркууга, жамандык кылбоого жана күнөөдөн сактанууга себеп болот.

4-Анын нематтарына, ихсандарына жооп катары напсине баш ийип күнөө кылганын, гафлетте (кайдыгерликте) жашаганын ойлонуу Аллахтан уялууга себеп болот. Аллаху таала жерлердеги жана асмандардагы макулуктар жөнүндө ойлонуп сабак алгандарды жакшы көрөт.

Хазрети Мусанын үммөтүнөн бир адам 30 жыл ибадат кылат, аны бир булут көлөкөлөп турат. Бир күнү булут келбей калып, күн астында калып кетет. Энеси: "Кандайдыр бир күнөө кылган болсоң керек”, - дейт. Баласы: "Жок, мен күнөө кылган жокмун”, - дейт. Энеси: "Асмандарды, гүлдөрдү карап, бирок, Жараткандын улуулугу жөнүндө ойлонбогон болсоң мындан да чоң ката болобу?” - деди.

Бардык нерсени ырааттуу жараткан

Суроо: Ыйман кантип кубаттанат?

ЖООП: Эгер төмөнкү маселелерди үйрөнгөн адам Ахли сүннөт итикадын дагы билсе ыйманы кубаттанат. Ыйманы жок адам болсо буларды изилдеп көрсө, ынсабы жана насиби да бар болсо Аллаху тааланын бар экенине жана кудуретине ишенет. Аллаху тааланын бар экенин, кудуретин көрсөткөн нерселердин бир канчасы:

Адамдардын чоң ылдамдык менен космосто жалгыз айланып жаткан, ичи отко толгон тегерек планетанын үстүндө жалаң жердин тартылуу күчү менен жашоосу кандай керемет нерсе. Тоолор, таштар, деңиздер, жандуулар, өсүмдүктөр эмне деген улуу бир кудуреттин жардамы менен пайда боло алууда, өнүгүп, ар кандай өзгөчөлүктөрдү көрсөтүүдө. Кээ бир жаныбарлар жерде жүрсө, кээ бири асманда учуп, кээ бирлери болсо сууда жашайт.

Күн эң жогорку жылуулук менен камсыз кылат, өсүмдүктөрдүн өсүшүнө себеп болот, кээ бирлеринде болсо химиялык өзгөрүүлөрдү жасап, ун, кант жана башка заттардын пайда болушун камсыздайт.

Адам өзүнүн денесинин кандай чоң завод жана лаборатория экенинен кабары жок. Ал эми, жалгыз дем алып-чыгаруу да чоң химиялык кубулуш. Абадан алынган кычкылтек денеде күйгөндөн кийин көмүр кычкыл газы катары сыртка чыгарылат.

Тамак сиңирүү системасы болсо өзүнчө бир завод сыяктуу. Ооз аркылуу кабыл алынган азык заттар менен суусундуктар ашказан жана ичегиде бөлүнүп, майдалангандан кийин денеге пайдалуу бөлүгү ичке ичегилерде чыпкаланып, канга аралашып, сиңбеген бөлүгү сыртка чыгарылат. Бул кубулуш автоматтык түрдө жана чоң иреттүүлүк менен ишке ашат жана дене бир завод сыяктуу иштейт.

Адам денесинде өтө татаал формулалардагы заттарды иштеп чыгаруучу, ар кандай химиялык реакцияларды жасоочу, анализдөөчү, арылтуучу жана ууларды жок кылуучу, жаракаттарды айыктыруучу, турдүү заттарды чыпкалоочу, энергия берүүчү система бар болгондой эле, мыкты бир электр тармагы, рычагдык система, электрондук компьютер, кабарлоо системасы, жарык, үн кабылдоо, басым жана аны жөнгө салуу системасы, микробдор менен күрөшүү жана аларды жок кылуу системасы да бар.

Жүрөк болсо тынымсыз иштеп турган зор насос. Бүт ушул материалдык кынтыксыздыктан тышкары, түшүнүү, ойлонуу, жаттоо, эстөө, өкүм жана чечим чыгаруу сыяктуу эбегейсиз руханий кубаттар да бар. Бул кубаттардын баалуулугун өлчөөгө адамдардын мүмкүнчүлүгү жетпейт. Демек, адамдын денеси менен бирге руху да бар.

Жандуу-жансыз барлыктардагы бул тартипти изилдеп, бир жаратуучунун бар экенине ишенген адам Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын билдиргендеринин баарына ишенмейинче мусулман болбойт.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш