Ислам дини » Динибиз » Аллаху таалага ишенүү » Аллаху тааланы көрүү




Аллаху тааланы көрүү


Аллаху таала бул дүйнөдө өзүн көрсөткөн жок. Сезүү органдары аркылуу да билинген жок. Кыямат күнү махшарда капырларга, күнөөкөр адамдарга кудуреттүү каары менен, ал эми ыймандууларга мээримдүүлүгү, көркөмдүүлүгү менен көрүнөт. Ыймандуулар Бейиште Аны жамал сыпаты менен көрүшөт. Периштелер жана аялдар да көрүшөт. Капырлар мындай ниматтан куру калышат. Жин тайпасынын да ушул бакыттан куру кала тургандыгын билдирген кубаттуу кабарлар бар. Аллаху тааланын көрүнө тургандыгына ишенүү керек. Кандай көрүнөөрү тууралуу ойлобоо керек. Себеби, Аллаху тааланы таанып билүүгө акылдын күчү жетпейт.

Аллаху таала физика жана химия илимдери менен өлчөнбөйт. Аллаху таала материя да, дене да, элемент да эмес. Эч нерсе менен аралашпаган, өлчөнбөйт, эсептелбейт, өзгөрбөйт, орду, мезгили, мекени жок. Өткөн чагы, келечеги, алды, арты, үстү, оңу, солу жок. Ошондуктан, адамзаттын акылы, аң-сезими, илими, Аллаху тааланын эч бир ишин, кандай көрүнө тургандыгын элестете албайт. Кол, бут, жак, жер жана ошол сыяктуу Аллаху таала үчүн колдонулуусу жаиз болбогон (уруксат берилбеген) сөздөрдүн Куран аяттары жана хадиси шарифтерде кездешүүсү, биз түшүнгөн, билген жана жашоодо колдонуп жаткан маанилерде эмес. Мындай аят жана хадистер "Муташабихат" деп аталат. Буларга бир гана ишенип, бирок, кандай экенин элестетүүгө тырышпоо керек. Же болбосо бул сөздөргө узун же кыска тавил кылуу керек болот. Б.а., Аллаху таалага жараша турган башка маанилер берилет.

Мухаммед алейхиссалам Аллаху тааланы Мираж түнү көргөн. Бирок, Пайгамбарыбыздын көрүүсү бул дүйнөдөгү баш көзү менен көрүү эмес болчу. Кимде-ким Аллаху тааланы бул дүйнөдө көрдүм десе, ал динсиз болот. Кээ бир олуялардын көрүүсү- акырет жана дүйнөдөгү көрүү эмес. Б.а, руйат эмес. Аларды "Шухуд" абалы каптайт (көңүл көзү аркылуу мисалын көрүү). Кээ бир олуялардан көрдүм дегендер чыккан болсо да, алардын ушул сөздөрү сакр (илахий махабаттын мастыгы) абалында шухудту (көргөндөй болуу сезими) руйат (көрүү) деп сезүүдөн пайда болгон. Же болбосо тавил менен түшүнүлө турган сөздөрүнүн бири болушу мүмкүн.

Аллаху таала үчүн убакыт маселеси жок. Анда эч бир жактанэч кандай өзгөрүш болбой тургандыктан мурда да, кийин да мындай эле/болот деген сыяктуу сөздөрдү айтуу ката болот. Аллаху таала эч ким менен, эч нерсе менен бирикпейт, кошулбайт. Анын каршылашы, окшошу, ортогу, шериги, көмөкчүсү, коргоочусу, ата-энеси, уул-кызы, жубайы болбойт. Ага бир гана хазыр жана назыр деп айтылат, б.а., ар дайым бүткүл барлык менен бирге, курчап жана көрүп турат. Ичинде жана сыртында, үстүндө эмес. Адамдарга күрөө тамырынан да жакын. Бирок, Анын курчап туруусу, бирге жана жакын болуусу биз билген мааниде эмес. Аллаху тааланын жакындыгына алымдардын илими менен, окумуштуулардын аң-сезими менен, олуянын кашифтери (көңүлдө пайда болгон илими) менен түшүнүүгө болбойт. Бул нерсенин табиятын адамдын акылы түшүнө албайт. Аллаху таала заты жана сыпаттарында бир. Эч биринде өзгөрүш, башка көрүнүш алуу деген нерсе болбойт.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш