Мактоо
(хамд) – бардык ниматтарды Аллаху тааланын жаратканына жана
жибергенине ишенүү жана айтуу деген сөз. Шүкүр кылуу - бардык ниматтарды
Ислам динине ылайык колдонуу дегенди билдирет. Нимат - пайдалуу нерсе. Ниматтар
ахли сүннөт китептеринде жазылган.
Мусулман адам
колу менен харам нерсени кармабашы керек. Кулагы менен харам нерсени
укпашы, буту менен харам жерге барбашы, оозуна харам нерсени албашы, көзү менен
харам нерселерди карабашы, тили менен харам
нерселерди сүйлөбөшү керек. Адамдын дене мүчөлөрү харам нерселер
менен, б.а., Аллаху таала тыюу салган нерселер менен байланышын үзө турган
болсо, адам түбөлүк бакытка жетет. Антпесе, оор жазаларга дуушар болот.