Ислам дини » Динибиз » Ибадаттарыбыз » Ибадатты жашыруу




Ибадатты жашыруу


Суроо: Нафил ибадаттарды адамдарды шыктандыруу үчүн парздар сыяктуу ашкере түрдө орундоо туура болобу?

Жооп: Рия, башкача айтканда, элге көргөзүп мактануу деген коркунуч жок болсо адамдарды шыктандыруу максатында напил ибадаттарды ашкере орундоо жаиз болот. Эгер рия коркунучу бар болсо же рияга жол ачуу мүмкүн болсо напил ибадаттарды жашыруун орундоо керек.

Ислам аалымдары "Кандайдыр бир кайрымдуулуктун жасалуусуна жол көрсөткөн адам аны жасагандай болот" деген ыйык хадисине ылайык садаганы ашкере түрдө берүүнүн, жакшылыкты ашкере жасоонун эки эсе сооптуу экендигин айтышкан. Биринчиси - садаганын сообу, экинчиси - адамдарды ошого шыктандыруунун сообу. Бир ыйык хадисте айтылат:

"Садаганы жашыруун берүү ашкере берүүдөн жакшыраак, бирок, үлгү болуу, адамдарды садагага шыктандыруу үчүн ашкере түрдө берилген садага жашыруун берилгенден жакшыраак." (Дайлами)

Рия болуп калуу коркунучу бар болсо садаганы жашыруун берүү сооптуураак. "Йа, Расулаллах, кандай садага баалуураак?" – деп сурашты. Пайгамбарыбыз(саллаллаху таала алейхи васаллам): "Аз мал-мүлктөн жашыруун берилген садага", - деп жооп берип: "Эгер садаканы ашкере түрдө берсеңер жакшы болот, жашыруун берсеңер силер үчүн кайырлуураак", - деген ыйык аятты окуду. (Табарани)

Имам Раббани хазреттери айткан: "Парздар орундалганда рия аралашпайт. Ал эми, напил ибадаттарда элге көргөзүп мактануу деген ой көп болот. Ошондуктан, зекетти ашкере берүү керек. Напил садаганы болсо жашыруун берүү зарыл, ошондо кабыл болуу ыктымалы көбүрөөк болот." (2/82)

Курани каримде төмөндөгүчө мааниде айтылат:

"Жашыруун садага жакшыраак." (Бакара, 271)

"Раббиңерге жалбарып, купуя түрдө, үнсүн дуба кылгыла!" (Аъраф, 55)

"Раббиңди ашкере кыйкырбай зикир кылгын!" (Аъраф, 205)

Ыйык хадистерде төмөндөгүчө мааниде айтылат:

"Аллахты купуя түрдө зикир кылгыла!" (Ибн Мубарак)

"Хафаза периштелери укпаган зикир уккан зикирден 70 эсе баалуураак." (Байхаки)

"Кыяматта Аллаху таала коргой турган жети кишинин бирөөсү оң колу бергенин сол колу билбей тургандай садаганы жашыруун берген киши." (Бухари)

"Жашыруун берилген садага – Аллаху тааланын каарын кайтарат." (Байхаки)

"Садаганы жашыруун берүү – жакшылыктын казынасы." (Табарани)

"Эң үстөм садага – жашыруун беридген садака." (Табарани)

"Түндө окулган намаздын күндүз окулган намаздан үстөмдүгү жашыруун берилген садаганын ашкере берилген садагадан үстөмдүгү сыяктуу." (Табарани)

"Парздардан башка үйдө окулган намаз мечитимде окулгандан үстөм." (И. Абидин)

"Парздардан башка үйдө окулган намаз кайырлуураак." (Бухари)

"Эч ким жок жерде окулган напил намаздын сообу ашкере түрдө окулгандан 25 эсе артык." (И. Ахмед)

"Куранды ашкере окуган киши ашкере садага бергендей, жашыруун окуган киши жашыруун садага бергендей болот." (Тирмизи)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш