Ибадат үчкө
бөлүнөт.
1-Бир гана дене менен кылына турган
ибадаттар. Намаз окуу, орозо кармоо, Курани карим окуу, зикир чалуу – ушуга
жатат. Эч ким башка бирөөнүн ордуна дене ибадатын кыла албайт. Ар кимдин жеке
өзү жасоого тийиш.
2-Бир гана мал-мүлк менен аткарыла турган
ибадаттар. Мисалы, ушр, б.а., жерден алган түшүмдүн зекети, малдын зекети,
алтын жана күмүштүн зекети, соода таварынын зекети сыяктуу зекеттерди берүү,
кафарат, фитр садагасы, кедейлерди тойгузуу жана аларга кийим алып берүү.
Бирөөнүн мал-мүлкү менен кылына турган ибадаттын анын уруксаты менен жана
мал-мүлкү менен башка киши да орундай алат.
3-Дене жана мал-мүлк менен кылына турган
ибадаттар. Ажыга баруу ушул сыяктуу. Өмүр сүрүп жаткан бир адам үзүрлүү себеби
бар болсо, анын буйругу жана байлыгы менен анын ордуна башка адам ажыга барууга
болот. Өзүнө ажылык фарз болбогон адам нафил ажылык үчүн себепсиз башка адамды
жибере алат. Фарз болсун,
нафил болсун, каалаган бир ибадатты кылгандан кийин, мисалы, намаз, орозо,
садага, Курани карим окуу, зекет, таваф, ажылык, умра, олуянын кабырын зыярат
кылуу, маркумга кепин берүү сыяктуу ибадаттардын сообун тирүү же кайтыш болгон
башка адамга белек кылууга, багыштоого болот. Шафии жана Малики
мазхабдарында дене менен кылына турган ибадаттар багышталбайт. Имам Субки жана
андан кийин келген Шафии аалымдары (рахметуллахи таала алейхим эжмаин) аларды
да багыштоого болот деп айтышкан. Бирок, акыга ибадат кылдырууга же ибадаттын
сообун башка адамга сатуу жаиз эмес. Ибадатты жасоодон мурда соодалашса,
ибадатка акы талап кылынган болот. Кылынгандан кийин соодалашса, ибадатты
саткан болот. Бул экөө тең туура эмес.