Адамдын акыретке ыйман менен кете тургандыгы же ыймансыз кете тургандыгы акыркы деминде белгилүү болот. Ошондуктан да, тообо кылуу ар бир мусулмандын биринчи милдети болууга тийиш. Аллаху таала Курани каримде мындай деп буюрууда: "Тообо кылгыла. Тообо кылуу аркылуу кутула аласыңар!”
Кандайдыр бир кичинекей күнөөнү кылбоонун сообу бүткүл ааламдын нафил ибадаттарын орундоодон алынган сооптон да артык . Анткени, нафил ибадаттарды орундоо парз эмес. Ал эми, күнөөлөрдөн сактануу баарына бирдей парз. Парздардын жанында нафил ибадаттар деңиздин жанындагы бир тамчыдай да боло албайт.
Аллаху таала ыраазы болгон иштер "Парздар” жана "Нафилдер” болуп экиге бөлүнөт. Нафил ибадаттардын парз ибадаттардын жанында эч кандай куну жок. Бир парзды орундоо, убактысы өткөн болсо, дароо казасын орундоо, аруу ниет менен миң жыл нафил ибадат кылуудан алда канча абзел. Нафил намаз, садага, нафил орозо, зикир чалуу жана башка дагы нафил ибадаттардын баары тең ушундай. Мисалы, зекет берүү парз болгондуктан, бир алтын зекет берүү, тоолордой алтын садага берүүдөн алда канча жакшы. Жада калса, парздарды орундаганда, бул парздын сүннөттөрүнөн бир сүннөткө жана адептеринен бир адепке маани берүү да ошончолук өтө пайдалуу.
Расулуллах алейхиссалам: "Бир кичинекей күнөөдөн качуу, бүткүл жиндердин жана адамдардын ибадаттарынан да жакшыраак”, - деп айткан.
Мухаммед алейхиссаламга кымындай моюн сунуу бүткүл дүнүйө нематтарынан жана бүткүл акырет лаззаттарынан да үстөм жана кабыл болот. Ахли сүннөт аалымдарынын, ошол улуу аалымдардын жана салих кишилердин китептеринде билдирилген туура ишенимден, ыймандан кылдай айрылгандардын Кыяматта азаптардан кутула алуусу мүмкүн эмес.