Үйрөнүлүүсү фарз же важиб болгон фыкх илимдерин үйрөнбөгөндүк күнөө болуп эсептелет.
Курани каримден намаз окуй тургандай жаттоо парз. Муну үйрөнгөндөн соң фыкх билиминен фарз-ы айн, б.а., ар бир мусулмандын билүүсү шарт болгондорду үйрөнүү Курани каримдин көбүн жаттоодон жакшыраак амал. Ибадаттар жана соода-сатык үчүн керектүү болгон фыкх илимин үйрөнүү парз. Ар кимдин ишине карата керектүү болгон нерселер фарз-ы айн болуп эсептелет.
Фыкх билимин таштап, тафсир менен алпурушуу туура эмес. Себеби: тафсирден вааз жана кысса үйрөнүлөт. Фыкх үйрөнүлбөйт. Ошондуктан, фыкх билимин үйрөнүп, харам эмне, халал эмне экендигин жакшылап билип алуу зарыл. Ашыкча фыкх билимин үйрөнүү да нафил ибадат кылуудан дагы сооптуураак. Буларды үйрөнүп жатып тасаввуф билимин жана олуялардын өмүр баянын окуп үйрөнүү да мустахаб болот. Буларды окуп үйрөнүү жүрөктүн ыкыласын арттырат.
Фыкх аалымдары терең фыкх билимдерин Курани каримдин аяттарынан жана хадиси шарифтерден чыгарышкан, аларды даярдашып фыкх китептерине жазышкан.
Фыкх китептерин таштап динди тафсир китептеринен үйрөнүүгө аракеттенүү жаиз эмес (туура эмес). Ансыз да мужтахид болбогон адамдардын фыкх билимдерин Курани каримден жана тафсирлерден үйрөнүүлөрү мүмкүн эмес. Тозокко кире тургандыктары билдирилген 72 бузук фырканын аалымдары аятттарды туура эмес, жаңылыш маани чыгарышкандыктан улам жолдон адашышкан.
Хадиси шарифте: «Курани каримди өз көз карашы менен тефсир кылган адам ыйманын жоготот», - делген.