Ислам дини » Динибиз » Ибадаттарыбыз » Динибизде илимдин мааниси




Динибизде илимдин мааниси


Илим үйрөнүүнүн мааниси, кундуулугу өтө көп. Курани каримде: «Билбесеңер ахли зикирден (илим  ээлеринен) сурагыла!» (Анбия, 7) 

Жогорудагы ыйык аяттагы «зикир» сөзү илим деген маанини билдирет. Бул ыйык аят билбегендердин аалымды таап,  ошолордон сурап үйрөнүүлөрүн буйрук кылууда. (Хадика)  

Курани каримде мындай делген:  

«Аллах ыйман келтиргендерди көтөрөт. Илим берилген момундарды (Бейиште) эсе-эсе даражаларга көтөрөт».  (Мужадала, 11) 

«Аларга айткын, билгендер менен билбегендер бирдей  болобу? Билген адам албетте кадырлуу». (Зумар, 93)  

«Кулдары арасында Аллаху тааладан эң көп  коркуучулар – аалымдар». (Фатр, 28) 

Хадиси шарифтерде да мындай деп айтылган: 

«Илим үйрөнүү аял-эркек бардык мусулмандарга парз». (Байхаки) 

«Бейишкен мазарга чейин илим үйрөнүүгө аракет  кылгыла!» (Шира) 

«Илим – Исламдын өмүрү, ыймандын тиреги». (Абуш  шайх) 

«Эч ким жахилдиги менен урматуу, ал эми илими менен  маскара болбойт». (Аскери) 

«Бош убактысын илимге жумшаган адам кутулат». (И. Маварди) 

«Салих аалымдардан болгула, эгер салих аалымдардан  боло албасаңар, ошондой аалымдардын мажилистерине катышкыла, силерди хидаятка (туура жолго) жеткизе турган, адашуучулуктан алыстата турган  илимди тандагыла!» (И. Маварди) 

«Кайда илим бар болсо, ошол жерде мусулмандык бар». (С. Абадиййа) 

«Илим менин жана башка пайгамбарлардын да мурасы.  Ким мага мурасчы болсо, Бейиште мени менен бирге  болот» (Дайлами) 

«Аллах маскара кылгысы келген кул илим менен  адептен кур калат». (Ибн Нажжар) 

Хазрети Али мындай деген: Илим байлыктан жакшыраак,  анткени, байлыкты сен коргойсуң, ал эми илим болсо сени  коргойт. Байлык жумшоо менен азаят, илим болсо жумшоо  аркылуу көбөйөт».


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш