Ислам дини » Динибиз » Ибадаттарыбыз » Ибадаттын пайдасы аны кылган адамга




Ибадаттын пайдасы аны кылган адамга


Адамдардын көпчүлүгү күмөн жана кыял менен аракет кылып, адашат. Ушундай ката ойду тутунгандардын бир бөлүгү: "Аллаху таала биздин  ибадаттарыбызга муктаж эмес. Ибадаттарыбыздын Ага кымындай пайдасы жок. Адамдардын ибадат  кылуулары же багынбоолору Анын улуктугунун алдында бирдей нерсе. Ибадат кылгандар бекеринен  кыйналып, убара болушууда”, - деп айтышат.  Минтип ойлоо чоң жаңылыштык. Алар Ислам динин  билбегендиктен ошентип айтышууда. Ибадаттардын  Аллаху таалага пайдасы бар деп жана ушул себептен буйрук кылынган деп эсептешет. Минтип эсептөө чоң  жаңылыштык. Бул - болбой турган нерсени болот деп  ойлоо сыяктуу. Ар бир адамдын кылган ибадаттарынын пайдасы жалгыз өзүнө гана.  Ушундай экенин Аллаху таала "Фатыр” сүрөсүнүн  18-аятында айкын билдирген. Бул сыяктуу ката  ойлогон адам дарыланууну четке каккан бейтапка  окшойт. Бул бейтапка дарыгер дарыланууга кеңеш берет. Ал болсо дарыланбасам догдурга эч зыяны  тийбейт деп, дарыланбайт. Догдурга зыянынын  тийбей тургандыгы туура. Бирок, ал өзүнө зыян  тийгизүүдө. Догдур өзүнө пайдасы тийсин деп эмес,  бейтаптын оорудан кутулуп, айыгып кетүүсү үчүн дарыланууга кеңеш берүүдө. Догдурдун кеңешин  орундаса оорудан кутулат. Орундабаса өлүп калышы да мүмкүн. Мунун догдурга эч кандай зыяны тийбейт. 


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш