Ыймандын алты
шартынын үчүнчүсү - Аллаху таала жиберген китептерине ишенүү. Аллаху
таала бул китептерди периштелер аркылуу кээ бир пайгамбарлардын кулагына айтып,
кээ бирине жазуу түрүндө жеткирсе, кээ бирин периштесиз угузуу жолу менен
түшүргөн. Бул китептердин бардыгы Аллаху тааланын сөзү. Абадий (түбөлүк, соңу
жок) жана азалий (башталышы жок) болгон сөздөрү жаратылган эмес. Алар
периштелердин же болбосо пайгамбарлардын сөздөрү эмес. Аллаху тааланын сөзү биз
сүйлөй турган, биз жаза турган сөздөргө окшобойт. Ал тамгалар жана тыбыштардан
турбайт. Аллаху тааланы жана Анын сыпаттарын адам баласы түшүнө албайт. Бирок,
Анын сөзүн адамдар окуйт, эсте сактап, жазышат. Бул сөздөр биз менен бирге
болуу жагынан жаратылган сыпатка ээ. Аллаху тааланын сөзү иретинде каралганда
түбөлүк болуп эсептелет.
Самавий
китептер
Аллаху таала
жиберген сухуфтардын саны жүз, ал эми китептери болсо төртөө.
Он сухуф -
Адам алейхиссаламга, элүү сухуф - Шит алейхиссаламга, отуз сухуф - Идрис
алейхиссаламга, он сухуф - Ибрахим алейхиссаламга жиберилген.
"Сухуф” –
барактын бир бети дегенди билдирбейт. Чакан китеп, рисала деген сөз.
Тоорат китеби
Муса алейхиссаламга,
Забур китеби
Давуд алейхиссаламга,
Инжил китеби
Иса алейхиссаламга,
Курани карим
Мухаммед алейхиссаламга жиберилген.
Адам бир
нерсени айткысы же болбосо сурагысы келсе аны алгач ой элегинен өткөрөт.
Адамдын оюндагы бул маанилер "калами нафсий” деп аталат. Аларга арабча,
кыргызча же башка бир тилде деп айтылбайт. Ар түрдүү тилдерде айтылышы алардын
маанисинин өзгөрүүсүнө себеп боло албайт. Ошол маанилерди сыртка чыгара турган,
түшүндүрө турган сөздөр "калами лафзий” деп аталат. Калами лафзий түрдүү
тилдерде айтылышы мүмкүн.
Мындан калами
нафсийдин калам ээсинин башка илим, ирада ж.б. сыяктуу сыпаттарындай карапайым,
өзгөрбөй турган сыпаты экени түшүнүлөт. Ал эми калами лафзий калами нафсийди
түшүндүрө турган, кулакка угула турган тамгалардын жыйынтыгы болуп эсептелет.
Аллаху
тааланын сөзү – токтобой турган, өчпөй турган, тозулбай турган Жараткандын заты
менен бирге боло турган түбөлүк сөз. Ал тамга жана тыбыштан турбайт, өзгөрүшү,
бөлчөктөнүүсү мүмкүн эмес. Каалаган тилде айтылат. Араб тилинде айтылса – "Курани
карим”, Ибраний тилинде айтылса - "Тоорат”, Суряний тилинде айтылса
- "Забур”, Грек тилинде айтылса- "Инжил” деп атала турганын "Шарх-уль
макасид” китеби билдирүүдө.
Калами илахий
(Аллахтын сөзү) түрдүү нерселерди түшүндүрөт. Кыссалар, б.а., окуялар тууралуу
айтылса ал "кабар” болот. Же болбосо "инша” деп аталат.
Аткарылуусу тийиш болгон нерселерди билдирсе "эмир” болот. Тыюуларды
билдирсе "нахий” болот. Ушуну менен катар Калами илахийде эч кандай
көбөйүү жана азайуу сыяктуу өзгөрүштөр болбойт. Түшүрүлгөн китептер менен
сахифалардын баары Аллаху тааланын калам сыпатынан пайда болот.
Аллаху таала
жиберген сахифалар менен Тоорат, Забур, Инжил китептери ошол абалында
сакталбай, адамдар тарабынан өзгөртүлгөн. Азыркы кезде туура болгон сухуфтар,
Тоорат, Забур, жана Инжил китептери калган эмес. Яхудилердин колдорундагы
Тоорат менен христиандар окуп жүргөн Инжил да адамдар тарабынан жазылган
туундулар болуп саналат. Ушуну менен катар, ар бир доордо жыйналып турган
поптор консулунда да аларга өзгөртүүлөр киргизилип турган. Бири-бирине таптакыр
кайчы келе турган Инжилдер да жазылган.
Курани карим
ошол китептердин бардыгынын өкүмдөрүн жойгон. Курани каримден башка китепке,
Мухаммед алейхиссаламдан башка пайгамбарга моюн сунуу туура эмес. Мусулман
болуу үчүн Курани каримге жана Мухаммед алейхиссаламга ишенүү шарт. Мусулмандар
Аллаху таала жиберген бардык китептерге ишенип, аларды урматтайт. Бирок, Курани
каримден башка өзгөртүлбөгөн китеп жок. Курани карим ошол калыбында
өзгөртүлбөстөн ушул кезге чейин жеткен.