Суроо: Хазрети
Аййубдун ооруп, түрлүү балээлерге дуушар болуусунун себеби эмнеде?
Жооп
Аййуб
алейхиссалам намазга турганда дүнүйө менен алакасын толук үзүп, Аллаху тааладан
башка эч бир нерсени ойлочу эмес. Аллаху таала анын ибадат жана таакаттагы
сабырын мактаганда жердеги жана асмандагы бардык периштелер аны зыярат кылууга
келди. Шайтан Аййуб алейхиссаламга көралбастык кылып, Аллаху таалага жалбарды:
- Эй Раб, бул
кулуңа кандай изаат бердиң эле периштелер аны зыярат кылууга келишүүдө?
- Аййуб
менин сабырдуу кулум. Сабырдуу кулдарыма ушундай жакшылыктар да аз.
- Эй Раб, анын
сабырдуу же сабырдуу эмес экени менин тажрыйбама байланыштуу. Уруксат бер, мен
да аны бир тажрыйба кылып көрөйүн!
- Эй малун,
тажрыйба кылып көр!
Хадиси шарифте
айтылды:
"Күмөндүү
алтын от менен тажрыйба кылынган сыяктуу адамдар дагы дарт менен, балээ менен
сыналат.” [Табарани]
Шайтан уруксат
алгандан кийин Аййуб алейхиссаламдын жанына барды. Сабырын түгөтүп, жолдон
тайдыруу үчүн алгач мал-мүлкүнө кол салды. Тоодо оттоп жүргөн малынын баарын
[кой жана эчкилерин] кырып, Аййуб алейхиссаламдын алдына барды. Аны сажда кылып
турган абалда көрүп, мындай деди:
-Эй,
Аййуб, сен дагы эле ибадат менен алексиң. Раббиң сага ачууланды. Бүт малыңды
кырып салды. Сен дагы эле ага ибадат кылып жатасыңбы?
Аййуб
алейхиссалам намазын бүтүрүп, салам бергенден кийин айтты:
- Малымдын
баары кырылганын айтып жатасың. Алар менен менин эмне байланышым бар? Мен
болгону алсыз пендемин, кулмун. Кулдун эмнеси болмок эле? Бүт мал-мүлк кожоюнга
таандык. Кожоюн өз малдарын өлтүргөн болсо мага эмне? Мен кулмун, кулдугумду
билемин.
Анан кайра
ибадатын баштаганда шайтан бушайман болду. Бул жолу анын бала-бакырасына кол
салды. Он баласын тең өлтүрүп, кайра Аййуб алейхиссаламдын жанына келип мындай
дейт:
- Эй Аййуб,
кылып жаткан ибадаттарыңдын Аллахтын алдыда чымындын канатындай баркы жок.
Раббиң сага ачууланды. Балдарыңдын баарын өлтүрдү.
-
Балдарымдын мени менен эмне байланышы бар? Жараткан да, жан берген да, жашоо
берген да, өлтүргөн да - Ал. Өкүм жалгыз Каххар болгон Аллаху тааланыкы.
Кайра намазга
турду. Шайтан тилегине жетпегени үчүн абдан кейиди. Аллаху таалага жалбарды:
- Эй Раб,
Аййуб кулуңдун өтө сабырдуу экенине күбө болдум. Мал-мүлкүн жана бала-бакырасын
өлтүрүп салсам дагы көңүлүн сенден алалбадым. Мага уруксат берсең, барып
колумду Аййубдун денесине тийгизип, аны ооруга чалдыктырайын! Көрөлү, бул жолу
сабыр кыла алабы?
- Бар кет,
билгениңди кыл!
Шайтан Аййуб
алейхиссалам сажда кылып жатканда мурдунан үйлөдү. Бүт денеси ээриди. Уу жылан
чаккандай болду. Бүт денеси жара болду. Ага карабастан бир жолу болсо дагы
кыңкыстап онтободу. Шайтан доктур келбетинде келип: "Бир дартың болсо айт,
дароо дарылайын” – деди. Бирок, дартын билдирбеди, жагдайынан даттанбады. Жети
жыл ооруп жатты. Ошого карабастан алы жеткенче Раббине ибадат кылчу.
Аййуб
алейхиссалам Аллаху тааладан үмүтүн үзбөй, сабыр кылып, сыноодон ийгиликтүү
чыккандан кийин бүт мал-мүлкү жана бала-бакырасы кайра өзүнө берилди. Аллаху
таала сабыр кылуучулар менен бирге. Анын каза жана тагдырына сабыр кылуучулар
чексиз ниматтарга ээ болот. Курани каримде мындай мааниде билдирилет:
"Сабыр
кылуучу момундарга сооп-сыйлыктар эсепсиз берилет.” [Зумар сүрөсү, 10]
Хадиси
шарифтерде да:
"Аллаху
таала айтты: "Кимдин денесине, бала-бакырасына же мал-мүлкүнө бир балээ
келсе, ал да сабр-ы жемил көрсөтсө [ылайыгы менен сабыр кылса], Кыяматта
андан сурак суроого тартынамын.” [Хаким]
Аййуб
алейхиссалам ден-соолугуна, мал-мүлкүнө жана балдарына жеткенде ал түнү таңга
жуук бир "ах” тартып, ыйлады. Себебин сурашканда мындай деп айтат:
"Ар
түнү таңга жуук "Эй оорулуубуз, кандайсың?” деген үн укчумун. Азыр ошол
убакыт болду. Бирок, эч кандай үн укпагандыгым үчүн ыйлап жатамын.” [Р.
Насыхин]
Хазрети
Аййубдун ыйлашы
Суроо: Мен
окуган бир Курандын котормосунда Хазрети Аййуб оорусунан улам даттанууда.
Пайгамбарлардын оорудан улам даттануусу дуруспу? Же болбосо котормодо бир
жаңылыштык барбы?
Жооп
Мурда да
жазганыбыздай, Курандын котормосу деген наам менен жазылган эч бир котормону
окууну сунуш кылбайбыз. Анткени, Курани каримди кыска же узун которуу мүмкүн
эмес. Ишинин ахли (адиси) болгон аалымдар гана накылдын негизинде тафсирин,
кавлин жасашат. Котормодон дин үйрөнүлбөйт.
"Саад” сүрөсүнүн
44-аяти каримасынын маанисинде:"Аййубдун [малына, жанына жана
бала-бакырасына келген кыйынчылыктарда] сабырдуулугун көрдүк. Ал эң
мыкты пенде эле! Дайыма Аллахка берилип, Ага сыйынчу!” - деп билдирилди. Бул аяти
каримада Аллаху таала Аййуб алейхиссаламдын сабырын мактоодо жана: "Ал
эң мыкты пенде эле”, - деп
айтууда. Эгер Аййуб алейхиссалам оорусун даттанганда Аллаху таала аны мактамак
эмес.
Бул маселени
аалымдар төмөндөгүдөй түшүндүрүшөт:
Оорусун
адамдарга ыйлактап айта берүү даттануу болуп саналат. Оорусун доктурга айтуу
башка адамдарга айтуу сыяктуу эмес. Эч ким жок бир жерде "Эй Рабби!
Ооруман улам ибадаттарымды аткара албай жатамын” деп ыйлоо ооруну даттануу
эмес, ибадатын аткара албаганы үчүн абалын арыз кылуу болуп саналат. Бир
мааниде кечирим суроо болуп саналат. Абалын Аллаху таалага арыз кылып, дуба
кылууда бир маселе жок. Курани каримде да Якуб алейхиссаламдын: "Кайгы-капам
менен арыз-муңумду [башкаларга эмес] Аллахга гана арыз
кыламын!" дегени билдирилет. [Юсуф сүрөсү, 86]
Оорусуна
кайгырган жок
Курани каримди
эң мыкты билген жана тафсир кылган киши шексиз-күмөнсүз сүйүктүү Пайгамбарыбыз
алейхиссалам болуп саналат. Ушул суроону Андан да сурашканда: "Аллаху
таалага ант берип айтамын, Аййуб алейхиссалам оорусу үчүн кыңкыстап онтободу.
Жети жыл, жети ай, жети күн, жети саат ошол балээге дуушар болгону үчүн өйдө
туруп намаз окуй албай, жерге жыгылды. Ибадатта кемчилик кетиргенде:
"Чынында мага оору тийди” - деди.”
Шайтан Аййуб
алейхиссаламды алдоо үчүн жанына барып: "Малыңа, жаныңа жана бала-бакыраңа
келген бул балээден кутулууну кааласаң мага сажда кыл, сени эски абалыңа
келтирейин” – деди. Шайтандын бул оор сөзү Аййуб алейхиссаламдын кайратына
катуу тийди. Чоң балээге дуушар болгонун түшүнүп: "Чынында мага
оору тийди”, - деди.
Оорусу көпкө
созулган сайын тааныштары андан алыстады. Бир гана садык жубайы аны таштап
кетпеди. Шаардын четинде бир там салдырды. Керектөөлөрүн шаардан алып келтирчү.
Бир күнү дагы шаарга барган учурда Хазрети Жабрайил Хазрети Аййубга Аллаху
тааланын лутуфун билдирди:
"Эй,
Аййуб, балээ бердим, сабыр кылдың. Эми болсо эмне кааласаң тиле, берейин.”
Аййуб
алейхиссалам да аятта билдирилгендей абалын арыз кылып, дуба кылды. Аллаху
таала: "Анын дубасын кабыл кылдык”, - деп билдирди. (Анбия сүрөсү, 84)
Жерден суу
чыкты
Сад сүрөсүндө
билдирилгендей Жабрайил алейхиссалам Хазрети Аййубдун бутун жерге уруусун
айтты. Бутун жерге урганда жерден туп-тунук бир суу чыкты. Бул суу ичкенде
муздак, жуунганда жылуу акчу. Бул суудан бир ууртам ичип, бираз башына төккөндө
оорусу дароо кетти, күч-кубатка толду. Жаш жигит болду. Хазрети Жабраил ага
таза жана баалуу кийимдерди кийгизди.
Бир канча
убакыт өтүп, жубайы шаардан тамак-аш менен кайтканда аны төшөктө көрбөй, ыйлай
баштады. "Оорулуума эмне болду, жапайы айбандар жеп кетти бекен?” – деп
кыйкырып жатканда Хазрети Аййуб ага сүйлөп:
- Эй аял, сен
кимди издеп жатасың?
- Оорулуу бир
күйөөм бар эле. Аны жоготуп алдым.
- Аты ким эле?
- Сабырдуу
Аййуб эле.
- Көрүнүшү
кандай эле?
- Ден-соолугу
чың кезинде сага окшош эле.
- Эй, Рахима,
мына ошол балээге дуушар болгон Аййуб менмин.
Жубайы менен
Аллаху таалага шүгүр кылып, көпкө ыйлашты. Шаарга кайтып келишкенде эски үйүнүн
жаңы салынганын, мурда өлгөн жети уулу менен үч кызынын тирилгенин, кырылган
төөлөрүнүн, койлорунун жана башка малдарынын баары кайтарып берилгенин көрүштү.
Ал тургай кампасынын алтын менен күмүшкө толо экенин да көрүштү. Жубайы дагы
жашарды жана 26 балалуу болду. (Р. Насыхин, Тибйан)
Суроо: Хазрети
Аййуб ооруп жатканда жараларынын курттап кеткени чынбы?
Жооп
Ооба, чын.
Айрымдар Пайгамбарларга мындай оору келбейт деген болушса да Пайгамбарлардын
жарасына курт түшпөйт деген нерсе жок. Пайгамбарлардын жети сыпаты бар:
1- Аманат,
2- Сыдк,
3- Таблиг,
4- Адалет,
5- Исмат,
6- Фатанат,
7-
Эмнул-азл.
Жараларынын
курттап кетиши пайгамбарлык сыпаттарына каршы эмес. Аййуб алейхиссаламдын
жараларынын курттап кеткени тууралуу улуу аалым Алауддин-и Аттар хазреттери
дагы билдирген. (С. Абадиййа)