Ислам дини » Динибиз » Пайгамбарларга ишенүү » Пайгамбарларга ишенүү




Пайгамбарларга ишенүү


Ыймандын алты шартынын төртүнчүсү - Аллаху тааланын пайгамбарларына ишенүү. Аллаху таала пайгамбарларды адамдарга туура жолду көрсөтүү үчүн жиберген. Исламда "Расул” сөзү "жаратылышы, мүнөзү, илими жагынан замандаштарынын эң улуусу, жогорусу, кадырлуусу” деген маанини билдирет. Пайгамбарларга "исмат” деген сыпат берилген. Алар пайгамбар болуудан мурда да, кийин да эч кандай күнөө кылышкан эмес.

Пайгамбарлардын сыпаттары

Пайгамбарларда пайгамбар экендиктери билдирилгенден кийин дүлөйлүк, сокурдук сыяктуу кемчиликтер болбойт. Ар бир пайгамбарда төмөндөгү жети сыпат бар экенине ынануу керек:

1. Аманат: Аманатка кыянат кылышпайт.

2. Сыдк: Сөздөрүндө турушат. Ката сүйлөшпөйт.

3. Таблиг: Аллаху тааланын буюрган жана тыюу салган нерселерин ошол бойдон толугу менен үммөттөрүнө билдиришет.

4. Адилдик:Бардык пайгамбарлар адилеттүү болушкан.

5. Исмат: Күнөөлөрдүн баарынан сактанышкан. Алар пайгамбар боло электе да күнөө кылышкан эмес.

6. Фатанат:Абдан акылдуу жана түшүнүгү мол деген сөз. Бардык адамзаттан акылдуу болот.

7. Эмнул-азл:Пайгамбарлыктан чыкпайт.

Жаңы дин алып келген пайгамбарлар "Расул” деп аталат, адамдарга өзүнөн мурда келген динди насыйхат кыла турган пайгамбарлар "Наби” деп аталат. Аллахтын динине чакыруу ишинде Расул менен набинин аткара турган кызматтарында айырмачылык жок.

Пайгамбарларга ишенүү – алардын баарын садык, чынчыл экенине ишенүү дегенди билдирет. Алардын бирине гана ынанбаган адам алардын эч бирине ынанбаган болот. (Яхудилер Муса алейхиссаламга ынанып, Иса алейхиссалам менен Мухаммед алейхиссаламга ишенишпейт. Християндар болсо, Иса пайгамбарга ынанып, соңку пайгамбар Мухаммед алейхиссаламды моюндашпайт. Ал эми, Муса алейхиссалам да, Иса алейхиссалам да Мухаммед алейхиссаламдын келе тургандыгын үммөттөрүнө кабар берген, Пайгамбарыбыздын өзгөчөлүктөрү жана артыкчылыктарын түшүндүрүп беришкен. Мусулмандар Иса алейхиссаламдын да, Муса алейхиссаламдын да пайгамбар экендигине ишенишет.)

Пайгамбардык касиетине көп эмгектенүү, көп ибадат кылуу, ачка калуу же азап тартуу аркылуу кол жеткизүү мүмкүн эмес. Жалгыз гана Аллаху тааланын тандоосу жана каалоосу менен болот. Адамдардын дүйнөдөгү жана акыреттеги иштери пайдалуу болушу үчүн жана зыяндуу иштерден сактанып, туура жолдо жүрүп, ырахатка жетүүлөрү үчүн пайгамбарлар аркылуу диндер жиберилди. Пайгамбарлар Аллахтын жолунда өзүнө душманчылык кылган заалым адамдардын келтирген зыяндарына, күлкү-мазактоолоруна карабастан, Аллахтын ынануу жана амал кылуу үчүн жиберген буйруктарын үгүттөөдө душмандарынан корккон эмес. Аллаху таала пайгамбарлардын чынчыл экенин көрсөтүү үчүн аларды мужизалар менен колдогон. Бул мужизаларга эч ким каршы чыга алган эмес.

Бир пайгамбарга моюн сунуп, ага ишенген адам ошол пайгамбардын үммөтү деп аталат.

Пайгамбарлар кабырларында бизге белгисиз болгон түрдө жашашат. Алардын ыйык денелери топуракта чирибейт.

Пайгамбарлардын көздөрү уйкуда болгону менен алардын көңүл көздөрү ачык болот. Пайгамбардык милдетин орундоодо жана пайгамбардык артыкчылыктары жагынан бардык пайгамбарлар бирдей. Жогоруда корсөтүлгөн жети сыпат баарында кездешет. Пайгамбар пайгамбарлык милдетинен чыгарылбайт, бошотулбайт. Алар адамдардын арасынан тандалат. Пайгамбарлардын бири-биринен өзгөчөлөнүп турган жактары бар. Мисалы, үммөттөрүнүн көптүгү, элинин көптүгү, илиминин кеңири жайылгандыгы, мужизаларынын көп жана үзгүлтүксүз болушу сыяктуу. Ушул сыяктуу өзгөчөлүктөр жагынан эң жогору турган Мухаммед алейхиссалам болуп эсептелет. Анын үммөттөрү да башка үммөттөргө караганда жогору турушат. Улул-азм деп аталган пайгамбарлар калган пайгамбарлардан жогору жана расулдар да набилерден жогору болот.

Пайгамбарлардын саны

Пайгамбарлардын анык саны белгилүү эмес. Алардын 124 миңден көп экендиги айтылат. Алардын ичинен 313 же 315и Расул. Алардын баарынын жогору болгон алтоо Улул-азм пайгамбарлар де аталышат.

Улул-азм пайгамбарлар: Адам, Нух, Ибрахим, Муса, Иса жана Мухаммед (алейхимуссалату вассалам). Отуз үч атактуу пайгамбар бар: Адам, Идрис, Шит, Нух, Худ, Салих, Ибрахим, Лут, Исмаил, Исхак, Якуб, Юсуф, Аййуб, Шуайб, Муса, Харун, Хызыр, Юша бин Нун, Ильяс, Альяса, Зулкифл, Шемун, Ишмоил, Юнус бин Мета, Давуд, Сулайман, Локман, Закария, Яхйа, Узайир, Иса, Зулкарнайн жана Мухаммед (алейхимуссалату вассалам).

Булардын ичинен жыйырма сегизинин ысымы Курани каримде берилген. Шит, Хызыр, Юша, Шемун жана Ишмоил Куранда көрсөтүлгөн эмес. Зулкарнайн, Локман, Узайрдын пайгамбар экендиги анык эмес.

Ибрахим алейхиссалам - халилуллах, б.а., Аллахтын адал досу. Анын жүрөгүндө Аллаху таалага болгон махабаттан башка эч нерсе жок эле. Муса алейхиссалам - калимуллах, анткени, ал Аллаху таала менен сүйлөшкөн. Иса алейхиссалам - калиматуллах, анткени, анын атасы болгон эмес. Бир гана "бол” деген буйрук менен энеси аны дүйнөгө алып келген. Адам алейхиссаламды ата-энесиз жараткан Аллаху таала Иса пайгамбарды да атасыз жаратты. Иса алейхиссалам Аллаху тааланын дааанышмандыкка толгон сөздөрүн адамдарга жеткирди. Мухаммед алейхиссалам – хабибуллах, б.а., Аллаху тааланын сүйүктүү жана эң кадырлуу кулу.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш