Ислам дини » Динибиз » Периштелерге ишенүү » Рахмат периштелери




Рахмат периштелери


Суроо: Кошунама: "Үйдө ит кармаба! Ит бар үйгө периште кирбейт”, - дедим. Ал болсо: "Жакшы турбайбы, анда Азраил периштеси да келбейт тура, көп жашайм”, - деди. Минтип айтуусу туурабы?

ЖООП: Албетте, бул өтө жаңылыш. Эгер динди мазактоо үчүн айтылса бул күфүр болот. Рахмат периштелери менен хафаза периштелери жана өлүм периштеси башка-башка. Милдеттери да башка. Ит бар үйгө ырайым периштелери гана кирбейт. Адамдардын күнөөлөрү менен соопторун жазып турган кирамен катибин периштелери болсо кирет. Бул периштелер адамдан ажатканада бөлүнөт. Ажатканада кылынган күнөө же соопторду Аллаху таала периштелерге билдирет. (Редд-ул-мухтар)

Демек, периште кирбесе да күнөөлөрдү жашыруу мүмкүн эмес. Периште көрбөсө да, хаша, Аллах да көрбөйбү?

Ырайым периштелери төмөнкү жерлерге кирбейт:

1- Ичинде жандуунун сүрөтү же айкели  бар бөлмөгө,

2- Ичкилик ичилген жана ичкилик бар жерге,

3- Кумар оюндары ойнолчу же кумар оюн каражаттары бар жерге,

4- Күнөө кылынган жерге,

5- Ит бар жерге,

6- Жунуп бар бөлмөгө,

7- Музыкалык аспаптар бар бөлмөгө,

8- Конок келбеген үйгө,

9- Аврат жери ачык адам болгон жерге,

10- Ата-энеге каршы чыгылган үйгө. (Нисабул-ахбар)

Периштелер кирбеген үйгө шайтан кирет. Шайтан болсо жамандык жасатууга аракет кылат. Эгер рахмат периштелери бир үйгө кирбесе алардын пайдаларынан жана кыла турчу дубаларынан куру калабыз. Хадиси шарифте билдирилген маселелердин кээ бирлери төмөнкүчө:

1 – "Периште кирбеген үйгө шайтан кирет.” Шайтан болсо ар кандай жамандыктарды жасатуу үчүн васваса (жаман ой) берет. [Бул жерлердеги периште – рахмат периштелери.]

2 – "Бир үйгө конок келгенде периштелер дасторкондо үй ээсине дуба кылышат.” [Таберани] Эгер периштелер кирбеген болсо ал дубадан куру калабыз.

3 – Дасторкондо сирке (уксус) жеген адамга периштелер дуба кылышат.” [И. Асакир] Периштелер кирбегенде сирке да желсе дубадан куру калабыз.

4 – "Периштелер сахурга турган адамга дуба кылышт.” [И. АхмедПериштелер кирбегенде ошол адам периштелер кыла турчу дубадан куру калат.

5 – Салават айткан адамдын күнөөлөрүнүн кечирилиши үчүн периштелер дуба кылышат.” Эгер периштелер келбесе бул дубадан куру калабыз.

6 – "Аллаху таала зикир кылынган жерлерге периштелер рахмат чачышат.” [Абушшейх] Эгер периштелер кирбесе бул рахматтан да куру калабыз.

7 – "Куранды хатм кылган адамга 60 миң периште дуба жана истигфар кылат.” [Дайлами] Эгер периштелер келбесе бул дубадан куру калабыз.

8 – "Бир адам намаз окуган жерден кеткенге чейин периштелер: "Йа, Раббим, буга рахмат кыла көр!” – деп дуба кылышат.” [Несаи] Эгер периште кирбесе бул дубадан куру калабыз. Эгер рахмат периштелеринин кирүүсүнө тоскоол болгон нерселер бар болсо намазыбыз да макрух болот.

9 – "Периштелер жакшылыкты үйрөткөн адамга дуба кылышат.” [Тирмизи] Эгер периште келбесе бул дубадан куру калабыз.

10 – "Дин боордошунун бир ишин орундаган адамга миңдеген периште дуба кылат.” Эгер периштелер келбесе бул дубадан куру калабыз.

11 – "Төшөккө даараттуу жаткан адам үчүн бир периште таңга чейин: "Йа, Раббим, муну кечире көр!” – деп дуба кылат.” [Хаким] Эгер периште келбесе бул дубадан куру калабыз.

12 – Өлүм алдында жаткан оорулуу бар бөлмөдө периштенин кирүүсүнө тоскоол болгон башка нерсе болбош керек. Момун рухун тапшырып жатканда рахмат периштелерин көрүп, жан берүү азабын сезбейт. Эгер ал жерге рахмат периштелери кирбесе ал адам өлүп жатканда кыйынчылыктарга кабылышы ыктымал. Ошондуктан, рахмат периштелеринин кирүүсүнө тоскоол боло турган нерсе кылбоо керек. 

Өлүм периштесинин жан алуусу 

Ал адамдын "Эгер периште үйгө кирбесе жанымды ала албайт, 250 жыл жашайм” деген сөзү өтө жаңылыш. Эмнеге 250 жыл? Анда миң жыл жашасын, атүгүл, эч качан өлбөсүн. Өлбөө мүмкүнбү? Өлбөө мүмкүн болбогон соң өлүм периштеси кайда болсок да жаныбызды алат. Дүнүйөнүн ар кайсы жерлеринде бир эле убакытта өлгөн адамдардын жандарын да бир убакытта алат. Бир шаардын электр чырактарын бир убакытта өчүргөн сыяктуу.

Ибрахим алейхиссалам Азраил алейхиссаламдан сурады:

— Дүнүйөнүн ар кайсы жеринде жер титирөө, согуш, оорулар сыяктуу себептерден улам бир убакта көптөгөн адамдар өлөт. Бир убакытта аларга кантип жетишесиң?

Азраил алейхиссалам айтты:

— Ажалы жеткендерди чакырам, дээрлик бардыгы менин алаканымдын ичине келишет.

Даанышман заттардын бири: "Жер жүзү өлүм периштеси үчүн бир илеген сыяктуу. Ажалы жеткенди алат”, - деди.  

Сулайман алейхиссалам өлүм периштесине мындай деди:

— Сен жанын алган адамдардын айрымдары жаш, кээ бири жаш балдар. Бул кандай болот?

— Ажалдарды тагдырга мен жазбайм. Колума ажалы жеткендердин тизмеси берилет. Мен болсо чакырам, алар келишет.

Мусулмандардын рухун Азраил алейхиссалам алат, капырлардын жанын болсо Азраил алейхиссаламдын буйругу алдындагы периштелер алат. Башкача айтканда, фасык жана капырлардын рухун башка периштелерге буйрук кылып алдыртат. 

Горшокту тазалоо 

Суроо: Жаш баланын горшокко ушаткан заарасын ошол жерде калтыруунун зыяны жокпу?

ЖООП: Ажатканага төгүп, горшокту жууш керек. Түнгө калбашы керек. Бир хадиси шарифтин мааниси төмөнкүчө:

"Үйдө идиштин ичинде заара калтырбагыла! Рахмат периштелери мындай бөлмөгө кирбейт.” [Таберани]

Ал тургай таштандыны да үйдө калтыруу туура эмес. Бир хадиси шарифтин мааниси төмөнкүчө:

"Эгер бир үйдө таштанды болсо ал үйдөн береке кетет.” [Дайлами]                     


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш