Ислам дини » Динибиз » Периштелерге ишенүү » Периштелер акылдуу барлыктар




Периштелер акылдуу барлыктар


Суроо: Периштелерде акыл жок экендиги, ошондуктан, аларда жоопкерчилик жок экендиги, диндер адамдар менен жиндер үчүн болгондуктан, периштелердин диндар эмес экендиктери, бир гана буйрук кылынганды аткарган робот сыяктуу барлыктар экендиги айтылууда. Бирөөлөр алардын эркек экендигин айтууда. Булар ыймандын алты шартынын бирин четке кагуу эмеспи?

ЖООП: Периштелерде эркектик да, аялдык да жок экендиги бардык акаид китептеринде жазылган. Буга чейин дагы христиандарды туураган кээ бир адамдар периштелердин ургаачы экендигин айтып, канаттуу кыздардын сүрөттөрүн тартышчу. Алар эми канаттуу эркектердин сүрөттөрүн тартышабы?

Периштелер нурдан, Иблис жана жиндер оттон жаратылган. Алардын баары акыл жана эрктүү барлыктар. Аллаху таала периштелерди да, Иблисти да сынады. Бир аяти кариманын мааниси мындайча:

"Адамга [Адамды көздөй Аллахка] сажда кылгыла деп айткан кезибизде Иблистен башка бардык периштелер сажда кылышты. Иблис болсо жүзүн буруп, бой көтөрдү, капырлардан болду.” [Бакара, 34]

Периштелердин күнөөсүз болушу аларда акыл жок дегенди билдирбейт. Акылга ээ болбогон барлык болсо пайгамбар боло албайт. Периштелерден дагы пайгамбарлар болгондугу Курани каримде билдирилген. Жабраил, Микаил, Исрафил жана Азраил [алейхимуссалам] периштелердин пайгамбарлары. Бардык периштелер илимдүү. Эки аяти кариманын мааниси:

"Периштелер: "Эй, Раббибиз! Сени кемчилик сыпаттардан танзих, кемал сыпаттар менен тавсиф кылып, Сенин бизге үйрөткөн нерселериңен башка биздин илимибиз жок”, - дешти.” [Бакара, 32] 

"Аллах, периштелер жана адилетти орундаган илим ээлери Андан башка кудай жок экенине күбөлүк келтиришкен.” [Ал-и Имран, 18]  

"Бул Куран - арштын ээси болгон Аллахтын алдында кадырлуу, күчтүү, сөзү тыңдалган жана ишенилген ардактуу бир элчи [Жабраил] алып келген сөз.” [Теквир, 19-21]

Аллаху таала периштелерге ар түрдүү милдеттерди берген. Бир аяти кариманын мааниси:

"[Момундардын рухтарын Бейишке, капырлардыкын Тозокко алып баруу ишинде] бири-бири менен жарышуучу жана иштерди башкаруучу периштелерге ант болсун.” [Назиат, 4-5]

Иштерди башкарууга милдеттүү периштелердин үстөмдүгүн белгилөө үчүн Аллаху таала аларга ант кылууда.

Аллаху таада периштелерден да расулдар тандаган. Бир аяти кариманын мааниси да төмөңкүдөй:

"Аллах периштелерден да, адамдардан да Расулдар [элчилер] тандайт.” [Хаж, 75]

Периштелер тууралуу акылсыз барлыктар деп айтуу аларды четке кагуунун башка бир ыкмасы. Периштелерге ыйман – ыймандын алты шартынын бири. Бир аяти кариманын мааниси:

"Аллахты, периштелерин, китептерин, пайгамбарларын жана акырет күнүн четке каккан адам катуу адашкан болот.” [Ниса, 136]

Периштелерде эркектик жана аялдык жок. Мүшриктердин "Периштелер аялдар, алар Аллахтын кыздары” деген сөздөрүнөн кийин Аллаху таала мындай деди:

"[Эй, мүшриктер] Раббиңер уул перзенттерди силер үчүн бөлдү да, өзү периштелерди кыз перзенттер кылып алдыбы?! Чынында, силер өтө чоң күнөөлүү бир сөздү айтып жатасыңар.” [Исра, 40]

"Мүшриктерден сура: "Кыздар Раббиники да, эркектер алардыкыбы? Биз периштелерди алардын көзүнчө кыз кылып жараттык бекен? Алар анык жалган айтышууда.” [Саффат, 149-151]

"Акыретке ишенбегендер периштелерге ургаачылардын аттарын коюп жатышат.” [Нажм, 27]

Бедир жана Хунейн согуштарында периштелер көмөккө келишкен эле. Эки аяти кариманын мааниси:

"Ошол кезде [Бедирде] момундарга: "Раббиңердин үч миң периштени түшүрүп, силерге көмөк берүүлөрү жетпейби? – деп жаткан элең.” [Ал-и Имран, 124]

"Силер Раббиңерден жеңиш үчүн жардам сурап жаттыңар эле. Ал да "удаама-удаа келүүчү миң периште менен силерге жардам берүүдөмүн”, - деп дубаңарды кабыл алды.” [Анфал, 9]

Согушка катышып, душманга каршы согуша алышууда. Буларды кантип акылсыз, аң-сезимсиз деп айтууга болот?

Расулуллах алейхиссаламдын жардамчыларынын периштелер экендиги билдирилүүдө:

"Анын досу жана жардамчысы – Жабраил жана салих момундар. Мындан башка периштелер да анын жардамчылары.” [Тахрим, 4]

Хадиси шарифтерде да периштелердин акылдуу экендиги билдирилген. Үч хадиси шарифтин мааниси:

"Жандуу нерсенин сүрөтү, ит жана жунуп адам болгон жерге ырайым периштелери кирбейт.” [Насаи]

"Сарымсак, пияз жеген адам мечитибизге келбесин. Анткени, адамдар ыңгайсыз болгон нерселерден периштелер да ыңгайсыз болот.” [Табарани]

"Жылаңач турбагыла! Бир гана жимада жана ажатканада силерден алыстаган хафаза периштелеринен уялгыла жана аларга урмат-сый көрсөткүлө!” [Тирмизи]

Демек, периштелер үйлөргө ырайым үчүн келе алышат жана эгер үйдө жунуп адам бар болсо биле алышат. Бул жөнөкөй иш эмес. Адамдарга ыңгайсыз болгон жагымсыз жыттар да алардын тынчын алышы мүмкүн жана алардын жанында жылаңач туруу туура эмес. Эгер алар роботтордой болсо, эмне үчүн жунуп, жаман жыттан ыңгайсыз болушат? Эмне үчүн алардан уялыш керек жана эмне үчүн аларга урмат-сый көрсөтүүгө буюрулсун?

Бир аяти кариманын мааниси төмөңкүдөй:

"Же алар [мүшриктер] жүрөктөрүндө сактаган нерселерди жана шыбыраган добуштарын укпайбыз деп ойлошобу? Жок, бир угуудабыз, алардын алдындагы элчилерибиз [периштелер] да жазууда.” [Зухруф, 80]

Амалдарыбызды байкап, жазып алган жана кабырында адамды суракка алган периштелерге алардын акылдуу жана илимдүү экенин көрсөткөн далилдерге карабастан акылсыз, робот сыяктуу барлыктар деп айтуу абдан туура эмес жана күлкүлүү.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш