Ислам дини » Динибиз » Периштелерге ишенүү » Периштелер эмне үчүн жаратылды




Периштелер эмне үчүн жаратылды


Суроо: Аллах эч кандай жардамга муктаж эместигине карабастан периштелерди эмне үчүн жаратты? Өзү бир гана "бол” деп айтуу менен жарата алган нерселерди эмне үчүн периштелерге кылдырууда?  

ЖООП: Ооба, Аллаху таала эч кимдин жардамына муктаж болбогондой эле, бардык нерсени жоктон бир гана "бол” деп буюруу менен жарата алат. Бир аяти кариманын мааниси: "Аллах бир нерсени жараткысы келгенде "бол” дейт, ал нерсе ошол замат болот.” [Бакара, 117]

Бирок, Аллаху тааланын бардык нерсени бир себеп менен жаратуусу илахий адаты. Мисалы, Жабраил алейхиссаламды пайгамбарларга вахий жөнөтүү менен, Азраил алейхиссаламды адамдардын жанын алуу менен милдеттендирген. Эгер кааласа Жабраил алейхиссаламсыз да  пайгамбарларына вахий жибере алмак. Негизи алардын куттуу жүрөгүнө илхам кылып жибергени да болгон. Азраил алейхиссаламсыз да жаныбызды ала алат. Булутсуз да жамгыр жаадырат. Баланын болушу үчүн эне-атаны себеп кылып жараткан. Себептер менен жаратуу канчалык адаты болсо да кааласа себепсиз да жаратат. Чындыгында, Хазрети Исаны атасыз, Хазрети Адамды энесиз жана атасыз жараткан.

Аллаху таала нанды тойгузууга себеп кылгандай эле, дарыларды да ооруларды эмдөөгө себеп кылган. Бардык себептерди жараткан жана аларга таасир кубатын берген зат – Аллаху таала.

Муса алейхиссалам мындай суроо берди:

— Йа, Раббим! Ооруну кылган ким, ооруну айыктырган ким?

Аллаху таала мындай деди:

– Экөөнү тең кылган менмин.

– Анда дарыгердин эмне кереги бар?

— Дарыгерлер мен шыпаа үчүн жараткан себептерди билишет жана кулдарыма беришет. Мен болсо аларга ушул аркылуу ырыскы жана сооп берем. (Кимя-и саадат)

Андай болсо, "периштелер эмне үчүн жаратылган” деп айтуу "Аллах дарыларга эмне үчүн пайдалуу таасир кубатын берди” дегенге окшош. Ошондон улам ата-бабаларыбыз "Хикметинен суралбайт” деп айтышкан.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш