Жиндер тууралуу


Жиндин бар экенинен күмөн саноо адамдын мусулманчылыктан чыгуусуна себеп болот. Б.а., жиндердин бар экенине ишенбеген адам мусулман эмес.

Жиндер аба менен оттон жаратылган. Оттун жалыны көрүнбөйт. Курамындагы катуу молекулалар ысыкта жалтырап көрүнөт. Ошондуктан, жиндер көзгө көрүнбөйт. Жалын экиге бөлүнөт: "зулманий” жана "нураний”. Экөөнү тең көз менен көрүү мүмкүн эмес. Зулманий жалындан жиндер, нураний жалындан периштелер жаратылган. Топурактан (ар түрдүү элементтерден) жаратылган адамдагы элементтердин органикалык түрлөргө кире турганы сыяктуу, периштелер менен жиндердеги оттун да түрү өзгөрүп, каалаган бир сыпатка кире алат.

Жиндердинда мусулманы жана капырларыболот. Периштелер менен жиндер жаратылышыжагынан бир-бирине жакын. Периштелер кадырлуу, ал эми жиндеркадырсыз. Периштелердежарыкжагы, ал эмижиндердеот жагы басымдуулук кылат. Периштелердинжиндергежакындыгы адамдынжаныбарларга болгонжакындыгына окшош. Адамдардын улуулары периштелерден кадырлуу,жиндердажаныбарлардан кадырлуу болуп эсептелет. Философтордун бир тобу жана Кадария сектасындагылардын (тагдырды адам жаратат деп ишенгендердин сектасы) кээ бир өкүлдөрү жин менен шайтанга ишенишпеди. Ошондуктан, алар Ислам дининен чыгышкан.

Курани каримдин "Зарият” сүрөсүнүн 56-аятында: "Адамдарды жана жиндерди Мени таанып, кулчулук кылуулары үчүн жараттым”, - деп билдирилген. "Ар-Рахман” сүрөсүнун 74- аятында жиндердин Бейишке бара тургандыгы тууралуу айтылат. Б.а., мусулман жиндер Бейишке барат. "Ар-Рахман” сүрөсүнүн 31-аятындагы "Сакалейн” калимасы да "Эй, адамдар менен жиндер” дегенди билдирет. "Нас” жана "Жин” сүрөлөрү да жиндердин бар экенин ачык түрдө далилдөөдө. Жиндин бар экенин көрсөткөн аяттарды башка мааниде чечмелегендер Ислам дининен чыгат. Жиндер тууралуу Сеййид Абдулхаким Арвасинин "Кашкул” китебинен алынып "Саадат-и Абадиййа” китебинде кеңири маалымат берилген.

 


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш