Ислам дини » Динибиз » Тагдырга ишенүү » Тагдыр өзгөрөбү?




Тагдыр өзгөрөбү?


Суроо: Дуба менен тагдыр өзгөрүшү мүмкүнбү? "Кудай жазган болсо бузсун” деген сөздүн мааниси кандай? Дуба кылууну каалоо дагы тагдырданбы? Тагдырдын өмүрү кайсы жерге чейин? Ал эзелийби же түбөлүктүүбү? Тагдырдын дагы бир тагдыры барбы?

ЖООП: Алгач каза менен тагдырды жана алардын түрлөрүн билүү керек.

Тагдыр – бул Аллаху тааланын боло турган нерселерди эзелде билүүсү. Каза – тагдырдагы нерселерди убагы келгенде жаратуусу. Башкача айтканда, тагдыр эмгек акысы баракчасы сыяктуу. Каза болсо бул айлыктын бөлүштүрүлүшү. Аллаху таала ар кимдин эмне кыларын, кайда, кантип өлөөрүн билет. Бул тагдыр, буйрук, бакыт, насип, таалай, жазмыш, бешене, маңдайга жазылган жазуу деп аталат.

Эгер бир фильм кайра-кайра көрсөтүлсө, аны мурда көргөн адам экинчи-үчүнчү жолу көрүп жатып: "Башкы ролду ойногон актёр аттан жыгылып өлөт”, - десе, ал айткан үчүн фильмдеги актёр өлөбү же айткан адам аны мурда көргөнү үчүн билеби?

Аллаху таала дагы адамдарга эмне болорун билгендиктен бул нерселерди лавх-и махфузга жазган. Бир аяттын мааниси төмөнкүдөй:

"Аллах ар бир жандуунун турган жерин жана акыры бараар жерин билет. Алардын баары ачык китепте [лавх-и махфузда].” [Худ, 6]

Тагдырдын өзгөрө турганы да, өзгөрбөй турганы да бар. Мисалы, өзгөрбөгөн ажал ажал-и мусемма деп аталат. Бир аяти кариманын мааниси төмөнкүдөй:

"Өлүм бир көз ирмемге кечикпейт жана өз убагынан мурун да келбейт.” [Аараф, 34]

Адамдын амалына жараша өмүрү жана ырыскысы өзгөрүшү мүмкүн. Курани каримде мындай мааниде айтылат:

"Аллах каалаганын өчүрөт, каалаганын өзгөртпөйт. Умм-ул китаб [лавх-и махфуз] Анда.” [Раад, 39]

Умм-ул-китаб – эзелий болгон келам-и Илахи (Аллахтын сөзү) жазылган китеп. Периштелер муну түшүнө алышпайт. Убактылуу эмес. Аллахтан башка эч ким билбейт. Ал эч качан жок болбойт. Лавх-и махфузда өзгөрүү болот. Муну периштелер көрүшөт. Адамдын амалына жараша өмүрү жана ырыскысы өзгөрөт. Жакшылар жаман, жамандар жакшы катары өзгөртүлүшү мүмкүн. Башка бир аяттын мааниси да төмөнкүдөй:

"Ар кимдин өмүрү жана өмүрлөрдүн кыскарышы албетте китепте жазылган.” [Фатыр, 11]

Өзгөрүшү мүмкүн болгон каза-тагдыр каза-и муаллак деп аталат. Эгер бир адам жакшы амал кылып, дубасы кабыл болсо, ал каза өзгөрүшү мүмкүн. Хадиси шарифтерде мындай деп айтылат:

"Каза-и муаллакты эч нерсе өзгөртпөйт. Дуба гана өзгөртөт.” [Хаким]

"Тагдыр тадбир менен, сактануу менен өзгөрбөйт. Бирок, кабыл болгон дуба балээ-кырсык келип жатканда коргойт.” [Табарани]

"Сыла-и рахм өмүрдү узартат.” [Табарани]

Тагдырдын лавх-и махфузда жазылганы каза деп аталат. Эгер бир адамга тагдыр кылынган балээ-кырсык каза-и муаллак болсо, ал адамдын дуба кылуусу да тагдыр кылынган болсо, ал дуба кылат, дубасы кабыл болгондо балээ-кырсыктын алдын алат. Дубанын балээ-кырсыктын алдын алуусу да каза жана тагдырдан. Колчатыр жамгырга каршы калкан болгон сыяктуу, дуба да балээ-кырсыкка каршы калкан болот.

Ажал-и мусемма өзгөрбөйт, бирок, ажал-и каза өзгөрүшү мүмкүн. Мисал: Эки адам Хазрети Давудга бири-биринин үстүнөн арызданышты. Азраил алейхиссалам келип: "Бул эки адамдын биринин ажалына бир жума калды. Экинчисинин өмүрү болсо бир жума мурун бүткөн эле, бирок, өлгөн жок”, - деди. Хазрети Давуд таң калып себебин сураганда жооп катары айтты:

"Экинчисинин бир тууганы бар эле. Ага таарынып жүргөн эле. Бул барып анын көңүлүн алды. Ушул себептен Аллаху таала мунун өмүрүн 20 жылга узартты.” [Лавх-и Махфуз жана Уммул-ул-китаб китепчеси]

Адамдын тагдыры өзгөрүшү мүмкүнбү?

Суроо: Бир адамдын кылган амалдарына жана тандоолоруна жараша тагдыры өзгөрүшү мүмкүнбү, жакшы болуп турганда жаман, жаман болуп турганда жакшы боло алабы?

Жооп: Маселеге байланыштуу Ахмед ибни Кемал паша хазреттери "Лавх-ил-махфуз ва Умм-ул-китаб” аттуу китепчечинде мындай дейт:

"Раад сүрөсүндөгү "Аллах каалаганын өчүрөт. Каалаганын өзгөртпөйт. Умм-ул китаб Анда” маанисиндеги аяти каримада лавх-и махфуз билдирилүүдө. Умм-и китаб – эзелий болгон илахий сөздүн аты. Периштелер муну түшүнө алышпайт. Убактылуу эмес. Башкача айтканда, бул жерде убакыт жазылган эмес. Аллаху тааладан башка эч ким билбейт. Ал эч качан жок болбойт. Эгер лавх-и махфузда болсо анда өзгөрүү болот. Муну периштелер көрүшөт. Адамдын амалына жараша өмүрү жана ырыскысы өзгөрөт. Жакшылар жаман, жамандар жакшы катары өзгөртүлүшү мүмкүн. Ошентип, бирөөгө өлүмүнө жакын жакшы иштерди жасатып, акыркы деминде ыйман менен жиберет. Башка бирөөгө болсо жаман амалды жасатып, ыймансыз жиберет. Ошондуктан, Расулуллах алейхиссалам дайыма "Аллахумма йа мукаллибал кулуб, саббит калби, ала диник” дубасын окучу. Дубанын мааниси: "Эй, улуу Аллахым! Жүрөктөрдү жакшыдан жаманга, жамандан жакшыга өзгөртүүчү зат бир гана Сенсиң. Жүрөгүмдү динимде туруктуу кыла көр, башкача айтканда, динимден кайтарба, ажыратпа!” Кутман сахабалар мунун укканда: "Йа, Расулаллах! Сиз дагы кайтуудан коркосузбу?” – деп сурашканда, "Мекр-и илахийден мени ким камсыз кыла алат?” – деди. Анткени, хадиси кудсиде: "Адамдардын жүрөгү Рахман болгон Аллахтын кудуретинде. Жүрөктөрдү өзү каалагандай өзгөртөт”, - деп айтылган. Башкача айтканда, Жалал жана Жамал сыпаттары менен жаманга жана жакшыга өзгөртөт.”

Адамдын өмүрү өзгөрүшү мүмкүнбү?

Суроо: Бир адамдын кыла турган дубасы же бере турган садакасынын себеби менен өмүрү кыскарышы же узарышы мүмкүнбү? Ушуну менен катар, садака же дуба менен келе турган дарттардын, балээ-кырсыктардын алды алынышы мүмкүнбү?

Жооп: Бул маселеге байланыштуу Имам Газали хазреттери "Ихйа-ул улум” китебинде мындай дейт:

"Каза-и муаллак Лавх-и махфузда жазылган. Эгер ал адам жакшы амал кылып, дубасы кабыл болсо ал каза өзгөрөт.” Хадиси шарифте мындай деп айтылган:

"Каза-и муаллак тадбир менен, сактануу менен өзгөрбөйт. Бирок, кабыл болгон дуба ал балээ-кырсык келе жатканда сактайт.”

Дубанын балээ-кырсыкты кайтаруусу да каза жана тагдырдан. Калкан жебеге каршы коргоочу болгон сыяктуу, суу жерден чөп өсүүгө, абадагы кычкылтек газы жандуулардын клеткасындагы азык заттарды күйгүзүп жылуулук пайда болушуна себеп болгондой, дуба да Аллаху тааланын мээриминин келүүсүнө себеп болот. Бир хадиси шарифте:

"Каза-и муаллакты эч нерсе өзгөртө албайт. Бир гана дуба өзгөртөт жана өмүрдү бир гана ихсан, жакшылык арттырат”, - деп айтылган. Аллаху тааланын тагдырынын Лавх-и махфузга жазылуусу каза. Эгер бир адамга тагдыр кылынган (жазылган) балээ-кырсык каза-и муаллак болсо, башкача айтканда, ал адамдын дуба кылуусу да тагдыр кылынган болсо, дуба кылат, кабыл болгондо балээ-кырсыктын алдын алат. Ажал-и казаны да жакшылык кылуу кечиктирет. Бирок, Ажал-и мусемма өзгөрбөйт. Ажал-и каза делген, мисалы, бир адам эгер жакшылык кылса же садака берсе, ажылык зыяратын орундаса өмүрү алтымыш жыл, буларды кылбаса кырк жыл деп тагдырга жазылуусу сыяктуу. Убакыт толгондо ажалы бир көз ирмемге да кечикпейт. Бир адамдын үч күн өмүрү калып, тууганын Аллах ыраазычылыгы үчүн зыярат кылуусу менен анын өмүрү отуз жылга узарат. Отуз жыл өмүрү бар адамдын да тууганы менен байланышын үзгөнү үчүн омүрү үч күнгө кыскарат.

Давуд алейхиссаламга эки адам келип, бири-биринин үстүнөн арызданышат. Ал угуп, чечим чыгарып, кетип жатканда Азраил алейхиссалам келип:

- Бул эки адамдын биринчисинин өлүмүнө бир жума калды. Экинчисинин өмүрү болсо бир жума мурун аяктаган болчу, бирок, ал өлгөн жок, - деди. Давуд алейхиссалам таң калып, себебин сураганда:

- Экинчисинин бир тууганы бар эле. Буга таарынып калган эле. Бул барып анын көңүлүн алды. Ошондуктан, Аллаху таала буга жыйырма жыл өмүр тагдыр кылды, - деди.

Тафсир-и Хазинде мындай деп айтылат:

"Тагдыр эзелде Лавх-и махфузда жазылган. Кийин эч нерсе жазылбайт. Лавх-и махфузда боло турган өзгөрүүлөр жана өмүрдүн узартылышы, кыскарышы эзелде жазылган. Бул каза-и муаллак деп аталат. Аллаху тааланын тагдырды, башкача айтканда, эзелдеги илими кандай болсо, Лавх-и махфуздагы өзгөрүүлөр ага жараша болот. Хазрети Омар жарадар болгондо Каабул-ахбар хазреттери:

"Эгер Хазрети Омар дагы жашагысы келгенде дуба кылмак. Анткени, анын дубасы сөзсүз кабыл болот”, - деди. Ал жердегилер;

- Кандайча минтип айтып жатасың? Аллаху таала: "Ажал бир көз ирмемге кечикпейт жана  өз убактысынан мурда келбейт”, - деген мааниде айткан дешкенде:

- Ооба, ажал келгенде кечикпейт. Ажал келе электе садака, дуба жана салих амал менен өмүр узарат. Анткени, Фатыр сүрөсүндө: "Ар кимдин өмүрү жана өмүрлөрдүн кыскарышы дайыма жазылган”, - маанисинде буюрган деп жооп берди.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш