Ислам дини » Динибиз » Тагдырга ишенүү » Таваккул (тобокел) деген эмне?




Таваккул (тобокел) деген эмне?


Аллаху таалага жакындагандардын өтө турган тепкичтин бири бул - таваккул. Анын даражасы өтө жогору. Ал эми, таваккулду үйрөнүү өтө кыйын. Аны орундоо андан да кыйын. Анткени, кимде-ким иштеринде Аллаху тааладан башка бирөөнүн таасири боло тургандыгына ишенсе, ал адамдын таухидинде (бир Аллахка ишенүүсүндө) кемчилик бар. Эгерде эч кандай себеп керек эмес деп айтса, Ислам дининен чыгат. Эгерде себептерди арага кою кажет эмес десе акылга да кайчы болот. Эгер кажет десе себептерге таваккул кылган болуп, бул болсо, таухидде кемчилик болот. Демек, таваккулду акылга, Исламга, ары таухидге ылайык түшүнүш керек. Ал үчүн терең илим кажет.

Таваккулдун фазилети: Аллаху таала бардык адамдарга таваккул кылууну буюрган. "Таваккул – ыймандын шарты”, - деген аят ушул буйруктардын бири. "Маида” сүрөсүнүн 23-аятында: "Эгер ыйманыңар бар болсо, Аллаху таалага таваккул кылгыла!”, "Али Имран” сүрөсүнүн 159-аятында: "Аллаху таала таваккул кылгандарды албетте сүйөт”, - деп билдирилген. "Талак” сүрөсүнүн 3-аятында: "Ким Аллаху таалага таваккул кылса Аллаху таала ага жетиштүү болот”, - деп билдирилген. Ушундай маанидеги көптөгөн аяттар бар.

Расулуллах мындай деген: "Үммөтүмдүн бир бөлүгү мага көрсөтүлдү. Алардын өтө көп экендигине таң калып, кубандым. "Кубандыңбы?” - деп сурады. "Ооба”, - деп айттым. "Булардын бир гана жетимиш миңи сураксыз Бейишке кирет”, - деп айтты. "Алар кимдер?” - деп сураганымда: "Иштерине сыйкыр, пал сыяктуу нерселерди аралаштырбай, Аллаху тааладан башкага таваккул кылбагандар, Аллахтан башкага таваккул кылбаган, сүйөнүп ишенбегендер”, - деп жооп берди”. Угуп отургандардын ичинен Укаша «радыйаллаху анх» туруп: "Йа, Расулуллах! Дуба кылыңыз, мен дагы ошолордун бири болоюн”, - дейт. Расулуллах: "Йа, Раббим! Муну ошолордун катарына кош!” - деп дуба кылат. Дагы бирөө туруп ошондой дуба тилегенде, Расулуллах ага: "Укаша сага караганда ылдамыраак аракет кылды”, - дейт.

Бир хадисте: "Аллаху таалага толук таваккул кылсаңар, куштарга ырыскы бергени сыяктуу силерге дагы жиберер эле. Куштар таң эртең ачка чыгышат. Кечинде болсо тоюп кайтышат”, - деп билдирилген. Дагы бир хадиси шарифте: "Кимде-ким Аллаху таалага сүйөнсө, Аллаху таала анын бардык иштерине жардам берет. Күтпөгөн жерден ага ырыскы жиберет. Кимде-ким дүнүйөсүнө ишенсе аны дүнүйөсү менен жалгыз калтырат”, - деп кабар берилген. Капырлар Ибрахим алейхиссаламды отко ыргытабыз деп жатканда: "Хасбияллаху ва нимал вакил (Мага Аллахым жетет. Ал эң жакшы камкор - өкүл)”, - дейт. Отко түшкөн кезде Жабраил алейхиссалам келип: "Тилегиң барбы?” - деп сурайт. Ал: "Бар, бирок, сенден эмес”, - деп жооп берет. Ошентип "хасбиаллах” сөзүндө тургандыгын көрсөттү. Ушуга байланыштуу "Ваннажми” сүрөсүнүн: "Сөзүндө турган Ибрахим”, - деген аяты менен макталган. Аллаху таала Давуд алейхиссаламга: "Ким бардык нерседен үмүтүн үзүп, бир гана Мага ишенсе, жер бетиндеги жана асмандагы бардык нерсе ага каршы чыкса, зыян келтирүүгө аракет кылса да Мен аны куткарамын”, - деген аятты жиберет.

Улуу олуя Ибрихим Эдхем «куддиса сиррух» бир поптон: "Кантип күн көрүп жүрөсүң?” - деп сураганда, поп: "Кайдан жибериле тургандыгын ырыскы берүүчүдөн сура, мен билбейм”, - деп жооп берет. Бир адамдан: "Күн бою Аллахка ибадат кыласың, эмне жеп-ичесиң?” - деп сурайт. Ал жооп катары тишин көрсөттү. Б.а.: "Тегирменди жасаган анын суусун да жиберет”, - демекчи болгон.

Харем бин Хаййан Вейсел Караниден: "Кайсы жакка барайын?” - деп сурайт. "Шамга (Дамаск)”, - деп жооп берет. "Шамда тиричилик кылуу кандай?” - деп сураганда Вейсел Карани: "Ырыскысына шектенген жүрөктөргө өкүнүчтөр болсун. Аларга насаат пайда бербейт”, - дейт.

Таваккул, б.а., тобокелчилик – бул жүрөктүн аткара турган иши, ал ыймандан пайда болот. Ыймандын да түрлөрү бар. Ал эми, таваккул эки нерсеге таянат. Алар таухидге ыйман келтирүү жана ырайымдуулук менен Аллахтын мээриминин чексиздигине ынануу.

Таваккул жүрөктө таухидге жана Аллаху тааланын мээримдүүлүгүнүн чексиздигине ишенүү аркылуу пайда болот. Бул абал адамдын чын жүрөктөн өз өкүлүнө толук ишенүү жана аны менен көңүлүнө тынчтык берүү деген сөз. Мындай адам дүнүйө мүлкүнө таянбайт. Дүнүйөлүк иштеринин бузулуусуна убайымданбайт. Аллаху тааланын кайдан болсо да милдеттүү түрдө ырыскы жибере тургандыгына ишенет. Ошол абалда болгон адамды төмөндөкү мисал менен оңой түшүнүүгө болот: Бир адамга жалаа жабылып, сотко тартылса, ал өзүнө адвокат жалдайт. Үч нерседе адвокатка толук ишенсе, ал адамдын көңүлү тынч болот. Биринчиси, адвокаттын жалпы жагдайды, жабылган жалаа тууралуу бардык окуяны жакшы түшүнгөн болуусу. Экинчиси, билгендерин түшүндүрүп берүү үчүн чындыкты айтуудан тартынбоосу жана ачык сүйлөй билүүсү. Үчүнчүсү, адвокаттын ал адамга мээримдүүлүк кылып, анын укугун коргоого чын пейилден киришүүсү. Адвокатына ушундай чексиз ишенсе, өзү да адвокаттан бөлөк бул маселе менен алектенип убара болбойт. "Али Имран” сүрөсүндөгү: "Аллаху таала бизге жетиштүү. Ал кандай жакшы камкорчу - өкүл”, - деген 173-аятты жакшы түшүнгөн адам: "Бардык нерсени Аллаху таала жасайт. Андан башка эч ким эч нерсе жасай албайт”, - деп, Анын илиминде, кудуретинде кемчилик жоктугуна жана рахматынын чексиздигине ишенген адам чаралар менен себептерге таянбайт.

"Ырыскы бөлүнгөн, жазылган, убакты келгенде мага да жетип келет. Аллаху таала өзүнүн улуулугуна, ырайымдуулугуна жарашкан иштерди кылат”, - деп эсептейт. Мындай ишенген адам көп экендигине карабастан, көпчүлүгүнүн ичинде кандайдыр бир убайым, коркунуч, үмүтсүздүк болот. Дагы да көп адамдар болот. Алар бир нерсеге ишенет. Бирок, табияттары ишенген ыйманына эмес, убайымдаган күмөнү жакка оолак болот. Дал убайымынын, күмөнүнүн туура эместигин, орунсуздугун билип туруп ошолорго баш ийет. Таваккул үчүн күчтүү ыйман жана күчтүү жүрөк керек. Ошондо гана жүрөгүндө эч кандай күмөн калбайт. Эгер ишеним менен өзүн өкүлүнө тапшыруу ишенимдүүлүгү толук болбосо таваккул да толук болбойт. Анткени, таваккул – жүрөктүн ар кандай иште Аллаху таалага өзүн толук тапшыруу жана күмөнсүз ишенүү болуп эсептелет.

Ибрахим алейхиссаламдын ыйманы, ишеними толук эле. Бирок, жүрөгүнүн тынычтануусу үчүн: "Эй, Раббим! Өлгөндөрдү кантип тирилтесиң? Мага көрсөтчү”, - дейт. Бакара сүрөсүнүн 260-аятында билдирилгендей: "Ишенген жоксуңбу?” – деп суралганда. Ибрахим пайгамбар: "Ишендим. Бирок, жүрөгүм тынчтык тапсын”, - деп айтат. Бирок, жүрөгүндө ыйманы, ишеними бар болчу. Ал жүрөгүнүн ыракат болуусун, тынчтык табуусун каалады. Анткени, жүрөктүн тынчтык табуусу алгач сезим менен кыялга баш ийет. Андан соң жүрөк да ошол якиинге (жакындоо) баш ийип, ачыктан-ачык көрүүгө муктаж болбойт.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш