Суроо: Ыйман канча бөлүк?
ЖООП
Ыйман бир болсо дагы кубаттуулук жагынан үч бөлүк:
1- Диндин өкүмдөрүн билбеген, эне-атасынан кандай
көргөн болсо ошондой ибадат кылган, ишенген ыйманы «таклиди ыйман» деп аталат.
Мындай кишинин ыйманынын кетип калуусунан коркулат.
2- Диндин өкүмдөрүн, тагыраак айтканда, парз, важиб,
сүннөт, мустахаб, мубах, арам, макрух жана муфсидди илмихалдан үйрөнүп амал
кылган адамдардын ыйманы «истидлали ыйман», башкача айтканда, далил менен түшүп
билүү болуп саналат. Мындай адамдардын ыйманы кубаттуу.
3- Арифтердин ыйманы. Баары динсиз болсо анын
көңүлүнө эч качан шек-күмөн келбейт. Анын ыйманы пайгамбарлардын ыйманы
сыяктуу. Бул чыныгы ыйман деп аталат.
Пайгамбарыбыз алейхиссалам билдирген ыйман туура
болду бекен деп изилдебейт. Ыйман Мухаммед алейхиссаламдын пайгамбар катары
билдирген нерселери, изилденбестен, акылга, тажрыйбага жана филасофияга
кайрылбастан тастыктоо жана ишенүү болуп саналат. Акылга туура келгендиги үчүн
тастыктай турган болсо акылын тастыктаган болот, расулун тактыктаган болбойт.
Же расулду жана акылды биргеликте тастык кылгандык болот, бирок, анда
пайгамбарга ишеним толук болбойт. Ишеним толук болмоюнча ыйман болбойт. Себеби,
ыйман ажыралбайт.
Пайгамбардык макам (даража) акылдын үстүндө.
Пайгамбардын сөздөрүн акылга ылайыктоого аракет кылуу Пайгамбарга ишенбегендик
болот. Акырет иштеринде, ыйман негиздеринде Пайгамбарга акылга таянбастан моюн
сунуу, уйуу керек.
Тасаввуфта (сопулук, олуялык) «фена» даражасына
кеөтөрүлбөгөн (олуя болбогон) бирөө чыныгы ыйманга жете албайт. (Фена –
Аллахтан башка нерселерди унутуу, көңүлдөн дүнүйө сүйүүсүн чыгаруу болуп
саналат.)
Мухаммед Масум хазреттери мындай деген:
Аллаху тааланы таануу эки түрдүү:
1- Ахли сүннөт аалымдары билдиргендей таануу,
2- Тасаввуф улууларынын таануулары.
Биринчи ыйманда напси өз ээн баштыгынан баш
тарткан эмес. Ыйманы чыныгы эмес, каймана. Бул ыйман кетип калуусу мүмкүн.
Экинчисинде напси дагы ыйманга келгендиги үчүн ыйман жок болуудан
коргонгон. «Йа, Рабби, сенден акыры куфур (ыймансыздык) болбогон
ыйман каалаймын» деген хадиси шариф жана Ниса сүрөсүнүн «Эй,
ыйман ээлери, ыйман келтиргиле» деген маанидеги 136-аяти карима дагы
чыныгы ыйман тууралуу билдирүүдө. Бул аят «Чыныгы ыйманга
жеткиле» деген мааниде.
Имам Ахмед хазреттери илим жана ижтихадда өтө бийик
даражага ээ болгонуна карабастан чыныгы ыйманга жетүү үчүн Бишри Хафи (жана
Зиннуни Мысри) хазреттери сыяктуу олуялардын сукбаттарын болду.
Имам Азам хазреттери дагы өмүрүнүн акыркы жылдары
Жафери Садык хазреттеринин сукбатында болгондон кийин: «Бул эки жыл болбогондо
Нуман курумак», б.а., «Чыныгы ыйманга жете алмак эмесмин», - деп буюрган. Эки
улуу имам тең илимде жана ибадатта ушундай бийик даражада алдыда
болгондуктарына карабастан тасаввуф улууларынын сукбаттарында болуп марифатты
жана мунун жемиши болгон чыныгы ыйманды колго тийгизишти.
Сенауллах-и Дехлеви хазреттери болсо мындай деген:
Тасаввуфта (олуялыкта) фена даражасына жеткен
сөзсүз ыйман менен өлөт. Бакара сүрөсүнүн «Аллаху таала ыйманыңарды
бошко кетирбейт» деген маанидеги 143-аяти каримасы жана «Аллаху
таала кулдарынын ыймандарын артка албайт. Бирок, аалымдарды жок кылып илимди
артка алат» деген хадиси шариф чыныгы ыймандын жана батын илиминин
артка алынбай тургандыгын билдирүүдө. [Иршад-ут-талибин]
Таклид менен ыйман
Суроо: Ахли сүннөт болуп же болбогондугу билинбеген,
бирок, аалым делген бир затка уйуу (б.а., дин-ыйман маалыматтарын ошондон
үйрөнүү) жаизби?
ЖООП
Ахли сүннөт аалымы экендиги белгилүү эмес бирөөнүн
сөздөрүнүн, китептеринин жана өзүнүн макталуусуна, берилүү менен кишин
толкундантып айткан сөздөрүнө, пропогандаларына алданып, буга уйуу жаиз эмес.
Ишенген бирөөнөн сурабастан анын жакшы экендигин билбестен, итикадында
(ишениминде), сөздөрүндө жана ибадаттарында ага уйуу кишини жамандыктарга алып
баруусу мүмкүн.
Мусулман болуш үчүн, б.а., Аллаху тааланын барлыгын,
бир экендигин, кудуретин, сыпаттарын түшүнүү үчүн ансыз да бирөөнү тууроонун
кажети жок. Табият илимдерин жакшы үйрөнгөн, акылы ордунда болгон бир киши бир
гана ойлонуу менен Анын бар экендигин түшүнөт. Бул жол менен Аллахтын бар
экендигин түшүнгөн бирөө Мусулмандыкты кабыл кылса, динибиз кабыл кылган
ыйманга жетет. Жасалган бир эмгекти көрүп аны жасаган бирөөнүн бар экендигине
ишенбестик акылсыздык болот. Ар бир адамдын мына ушундайча ойлонуп Аллахка
ишенүүсү динибиздин буйругу. Аллахка ишенген адамдын дагы хак дин болгон
Исламды табуусу керек. Хак динге ишенбестен «Мен Аллахка ишендим» деп айтуу
ыйман болбойт. Аллах билдирген динге Ал билдирген түрдө ишенбеген адам Аллахка
ишенген болуп саналабы?
Итикадда таклид кылып укканына ыйман келтирүү жаиз
болсо дагы назар жана истидлал кылбагандыгы, башкача айтканда, изденбегендиги
үчүн күнөө кылган болот. Амалда, ибадаттарда изилдебестен бир мазхаб имамына
моюн сунуу аалымдардын бир ооздон макулдуктары менен жаиз. (Хадика)
Эне-атасын, устаздарын туурап, туура итикадга
жеткен бирөөнүн ыйманы сахих болгону менен назарды жана истидлалды (изденүүнү)
таштап койгондугу үчүн, б.а., табият маалыматтарын кыскача үйрөнүп, Аллаху
тааланын барлыгын ойлонбогондугу үчүн күнөө кылган болот. Табият сабактарын
үйрөнбөгөн бирөө эне-атасынан, китептен үйрөнүп ыйман келтиргендиги, ойлонуп
кабыл кылгандыгы акылын колдонуп ишенгендиги үчүн истидлалды таштаган болуп
саналбайт деген аалымдар да бар.
Муну таклид дегидей итикад кылына турчу (б.а.,
ишениле турчу) нерселерди сурап үйрөнгөндөн кийин дароо ыйман пайда болуп
жаткан жок. Үйрөнгөндөн кийин ойлонуу, жактыруу жана кабыл кылуу, андан кийин
ыйман келтирүү пайда болууда. Ислам каалаган ыйман мына ушул. Үйрөнгөндөн кийин
ойлонбостон, жактырбастан кабылданган ыйман таклид менен ыйман болот. Далилсиз
болот. Ыймансыздардын эне-аталарын көрүп ыймансыз болуулары мына ушундай. Ислам
каалаган ыйман - кишинин кабылдоосу менен, далил менен, өз чечими менен болгон
ыйман. Ыймансыздардын ыймансыздыгы өзүнөн өзү пайда болбостон эне-аталарынан
алынууда. Алардан өздөрүнө өтүүдө.
Ыйманда таклиддин орду жок. Ибадаттарда таклид
Аллаху тааланын буйругу менен пайда болгондугу үчүн үйрөткөндөр да, үйрөнгөндөр
да Жаннатка ээ болушат.
Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи ва саллам)
Аллаху тааладан алып келип билдирген нерселеринин баарына көңүл менен ишенип,
тил менен дагы айтуу «Ыйман» деп аталат. Ыймандын орду Калб
(көңүл). Көңүл биз жүрөк деп аталган эт бөлүгүндө болгон бир кубат. Ыйманды
айтууга кандайдыр бир тоскоолдук болсо айтпоо кечирилет. Мисалы, коркутулган,
тилсиз болгон, айтууга убакыт табалбай өлгөндө айтуу керек болбойт.
Түшүнбөстөн, таклид кылып ишенүү да ыйман болот. Аллаху тааланын бар экендигин
түшүнбөө, ойлонбоо күнөө болот. Билдирилгендерден бирине ишенбөө бардыгына тең
ишенбегендик болот. Ар бирин билбестен бардыгына ишендим деп айтуу болсо ыйман
болот.
Истидлал менен ыйман
Суроо: Истидлал менен, башкача айтканда, акыл менен
таап пайда болгон ыйман, таклид менен, б.а., башка бирөөнө уйуу аркылуу пайда
болгон ыймандан да жогору эмеспи?
ЖООП
Имам Раббани хазреттери мындай деген:
Пайгамбарларды таклид кылып пайда болгон ыйман
«иман-ы истидлал» деп аталат. Себеби, мындай таклид кылган бирөө Пайгамбарлар
билдирген бардык нерсенин туура экендигин, акыл менен, пикири менен түшүнгөн.
Себеби, Аллаху тааланын бирөөнүн туура экендигин билдирүүсү үчүн ага
мужизаларды берүүсүнөн ал адамдын албетте туура сөздүү экендиги түшүнүлөт.
Башка бирине уюп пайда болгон ыймандын баасыз болуусу аталарынан көрүп ыйман
келтиргендикте. Пайгамбарлардын туура айткандыктарын, алар билдирген бардык
нерсенин туура экендигин ойлонбостон, бир гана ага эне-атадан көрүп пайда
болгон ыйман. Мындай ыйман иман-ы таклиди болуп, аалымдардын көбүнө карата
баасыз. Логикага таянып, акыл менен, ой менен пайда болгон ыйманга келсек бул
жолдон дин билдирген ыйманга барууга болот. Бирок, бул жолдон жеткендер өтө аз.
Пайгамбарларды таклид кылууга чыдабастан бир гана истидлал менен ыйман пайда
кылууга аракет кылгандарга убал болсун! Аллаху таала ыймандын кантип колго
тийгизиле тургандыгын бизге көрсөтүүдө. Ал-и Имран сүрөсүнүн 53-аятында: «Йа,
Рабби, сенин түшүргөнүңө ишендик, Расулуңа уйдук», - деп буюрулду. (1/272)
Суроо: Ыйманда мукаллиттиктен (тууроодон) кутулуу
үчүн эмнени билүү керек?
ЖООП
Жер, асман жана жандуулардагы, өз органдарындагы
тартипти көрүп, угуп, үйрөнүү менен буларды жасаган бир барлыктын бар экендигин
ойлоо мукаллит болуудан чыгарат. Бардыгыбыз ыйманда мукаллит эмес амалда
мукаллитпиз.