Ислам дини » Динибиз » Ыйман жана Ислам » Туура ыйман жана ыйманды коргоо




Туура ыйман жана ыйманды коргоо


Суроо: Акыретте кутулуу эмнеге байланыштуу?

Жооп: Айрым адамдар "Аллахка ишенген ар бир адам Бейишке кирет” деп эсептешет. Бул өтө жаңылыш. Амантудагы алты негиздин бирине болсо да ишенбеген адамдын ыйманы өтпөйт. Ошондуктан, ишенүү эмес, туура ишенүү маанилүү. Акыретте кутулуу ибадаттын көп болуусуна эмес туура ыйманга байланыштуу. Ыкыластуу амалы аз болсо да, жада калса, бир да амалы болбосо, кымындай туура ыйманы бар болсо, ал адам  Бейишке кирет. Бир ыйык хадисте айтылат: "Жүрөгүндө кымындай ыйманы бар болгон адам Тозокто түбөлүк калбайт”. (Бухари, Муслим)

Ар бир адам дүнүйөдөн акыретке карай сапарга чыккан. Ар бир адам кандайдыр бир унаага минип, сапарга чыккан. Ал эми, туш  келди бир унаага эмес, туура унаага минүү маанилүү. Жаңылыш унаага минген адам өзү каалаган жерге эмес, унаа бара турган жерге жетет. Каабага баруу үчүн ниет кылып чыгып, Парижге уча турчу учакка минген адамдын ниети канчалык туура болгону менен Каабага бара албайт.

Аллаху таала акыйкатка, туурага аз да кызыккан, аз да болсо издеген адамга туура жолду, башкача айтканда, чыныгы Исламды насип кыла турганын убада кылган. (Анкабут 69, Шура 13) Аллах убадасынан кайтпайт. (Али Имран 9)

Демек, жаңылыш жолдогу адамдар кызыгуу түгүл, аны кичине болсо да ойлоп коюшпайт. Аллаху таала ырыскыга кепил, бирок, ыйманга кепил эмес. Туура ыймандуу болууга аракет кылуу зарыл. Итикад (ишеним) туура болбосо ибадат кылуунун пайдасы жок. Туура итикад – ахли сүннөт итикады! Туура итикад 1 санына окшойт. Ыкыластуу ибадаттар оң жагына коюлган нөл санына окшойт. Бир нөл коюлса 10, эки ноль коюлса 100 болот. Он жагына канча көп нөл коюлса баасы арта берет. 1 саны алынып салса баары нөл болот. Ыкылассыз (рия менен) кылынган амалдар да сол жактагы нөл сыяктуу, тактап айтканда, 1 санынын сол жагына коюлган нөл сыяктуу эч бир куну жок. Итикад туура болгондо ибадаттарды арттыруу адамдын кайратына, ыкыласына, илимине байланыштуу. Каалаганча арттырат. Бирок, туура итикад (ахли сүннөт итикады) жок болсо, ибадаттардын бир да пайдасы болбойт, сол жактагы нөл сыяктуу кунсуз болот.

Мутазила жана ушул сыяктуу акылга гана таянган (рационалист) топтор "амал ыймандын бир бөлүгү” деп ишенишет. Алардын ою боюнча күнөө кылган жана парздарды орундабаган адам капыр болот имиш. Башкача айтканда, ыйман х амал эсептешет. Булардын бирөөсү нөл болсо чыга турган жыйынтык да нөл болот деп айтышат. Ал эми ахли сүннөт ишеними боюнча амалсыз ыйман өтөт, ыймансыз кылынган амал өтпөйт. Ахли сүннөттө "амал х ыкылас” деп айтууга болот. Бирок, амал болбостон ыкылас менен да сооп табууга болот. "Эгер акчам болгондо мына бул кедейге көмөктөшмөкмүн” деп, ыкылас менен ойлогон адам, акча бербесе да, амал кылбаса да, ыкыластуу ниетинен улам сооп алат. Адамдын ыкыласы канчалык көп болсо, амалына көбөйтүлсө, жыйынтыгы да ошончолук көп болот. Мисалы, биздин ыкыласыбыз бирге тең болсо, 1000 кедейге бирден нан берип чыксак, 1х1000=1000 сооп жыйнайбыз. Сахабалардын ыкыласы өтө кубаттуу болгондуктан, мисалы, алардын ыкыласы 1 миллион болсо, бир кедейге бир нан берсе, бир миллион сооп алышат. Анткени, ыйык хадисте минтип айтылган:

"Ант берип айтамын, бир киши Ухуд тоосундай алтын садака берсе да, сахабамдын биринин берген бир ууч арпа садакасынын сообуна жете албайт”. (Бухари)

Сахабалардын ыймандары өтө кубаттуу жана ыкыластары өтө жогору болгондуктан ошондой үлкөн соопторго жетишкен. Сахабалардын даражалары да бирдей эмес эле. Бирөөсү экинчисинен үстөм болгон. Ошондуктан, Хазрети Абу Бакрдын берген бир ууч хурмасынын сообу менен башка сахабалардын берген садакасынын сообунун арасында тоодой айырмачылык бар. Бир ыйык хадисте минтип айтылган:

"Менден кийин сахабаларымдын өзара келише албаган маселелери тууралуу сурадым. Раббим мага: "Сенин сахабаларың менин алдымда көктөгү жылдыздар сыяктуу. Кээ бирлери башкаларынан да жаркыныраак. Алардын бирөөсүн ээрчиген адам туура жолду табат”, - деп буюрду”. (Дайлами) 

Туура ыйман деген эмне?

Суроо: Ыймандын туура болуусу үчүн керектүү шарттар эмнелер?

Жооп: Ыйман туура болмоюнча ибадаттарга сооп берилбейт. Ошондуктан, алгач туура ыйманды үйрөнүп, ошого ылайык ыйман келтирүү шарт. Ыймандын туура болуусу үчүн керектүү шарттардан айрымдары төмөндөгүчө:

1 – Ыйманда туруктуу болуу: "Үч жылдан кийин мусулманчылыкты таштап, христиан боломун” деген адам ошол замат динден чыгып, капыр болот.

2 – Хавф менен ражанын (коркуу менен үмүттүн) арасында болуу: Башкача айтканда, Аллахтын азабынан коркуу жана ырайымынан үмүт үзбөө керек.

3 – Жан чыга электе ыйман келтирүү: Жан чыгып жатканда акыретке тийиштүү нерселерди көргөндөн кийин капырдын ыйманы өтпөйт. Бирок, ошол маалда да мусулмандын күнөөлөрүнө тообосу өтөт.

4 – Күн батыштан чыгаардан мурда ыйман келтирүү: Күн батыштан чыккан кезде тообо эшиги жабылат.

5 – Кайыпты жалгыз Аллаху таала билет: Аллах билдире турган болсо бир пайгамбардын жана олуянын да биле тургандыгына ишенүү керек.

6 – Ыймансыздыкка себеп боло турган бир нерсени колдонбоо жана айтпоо: Мисалы, крест тагынуу, тамашалап болсо да "Мен капырмын” деп айтпоо керек.

7 – Диний бир өкүмгө шектенбөө: Мисалы, "Намаз жана хижаб парзбы, шарап арамбы?” деп шектенбеш керек.

8 – Итикадын (ишенимин, ыйманын) Ислам дининен алуу: Тарыхчылардын, философтордун эмес, Расулуллах алейхиссаламдын жана ахли сүннөт аалымдарынын билдиргени боюнча ыйман келтирүү.

9 – Амантудагы алты негизге ишенүү: Жакшынын, жамандын жана бардык нерсенин Аллахтан экендигине ишенүү керек. Адамда ирада-и жузиййа (тандоо укугу, эрк) бар. Кылган күнөөлөрүнө жоопкер. Ыймандын шартын бешке кыскарткан жана жетиге чыгарган адашкандар бар болсо да, ыймандын шарттарынан бирөөсүн болсо да четке каккан же жаңы шарт кошкон адам капыр болот.

10 – Хубб-и филлах, бугд-и филлахта болуу: Жакшы көрүүсү же жек көрүүсү жалгыз Аллах үчүн болуу. Аллахтын душмандарын жакшы көрүү, алар менен дос болуу, Аллахтын досторуна душман болуу куфурга себеп болот. Мисалы, ыймансыз болгон Сократты жакшы көрүү Имам Газалиге душман болуу сыяктуу.

11 – Ахли сүннөт вал жамаатка шайкеш итикад (ишенүү):

Бул итикаддан кээ бирлери төмөндөгүчө:

1 – Аллаху таала замандан, мекенден аруу. "Аллах асманда же Аршта” деп айтуу куфур болот.

2 – Аллаху таала эч нерсеге окшобойт. Мисалы, "Колу бар, буту бар, басат, түшөт, чыгат” сыяктуу адамдарга окшоштуруу куфур болот.

3 – Мухаммед алейхиссалам акыркы пайгамбар. Андан кийин пайгамбар келбейт. "Наби келбейт, бирок, расул келет” деген сыяктуу нерселерди айтуу куфур болот.

4 – Ахли кыбыланы намаз окуган жана куфурга себеп болгон ишеними болбогон мусулманды) кылган күнөөлөрүнөн улам капыр деп айтуу. Ибадаттар ыймандын бир бөлүгү эмес. Тактап айтканда, ибадат кылбаган жана күнөө кылган момунду капыр деп айтылбайт. Аллаху таала кааласа кичине күнөөдөн улам азап бериши мүмкүн, чоң күнөөлөрүн да кечирип жибериши мүмкүн.

5 – Бейиштеги мусулмандар Аллаху тааланы көрүшөт. Мутазила сектасы буга ишенбейт.

6 – Ыйман же бар же жок. Артып-кемибейт. Жаркындыгы, кубаттуулугу артып-кемийт.

7 – Курани карим макулук (жаратылган) эмес.

8 – Маасынын үстүнө масх тартуу жаиз.

9 – Мираж окуясы рух жана дене менен бирге ишке ашкан.

10 – Мужиза менен керемет чындык.

11 – Сахабалардын бардыгын сүйүп, эч бирин жамандабаш керек. Анткени, бардыгы бейиштик. 

12 – Абу Бакр Сыддык сахабалардын эң үстөмү.

13 – Рух өлбөйт.

14 – Кабыр зыяраты жаиз. Кабырдагы пайгамбар, шейит жана олуя заттардан көмөк суроо жаиз.

15 – Кабыр суроосу жана азабы чындык. Кабыр азабы рух менен денеге болот.

16 – Шапаатка, сырат көпүрөсүнө, эсепке жана мизан таразасына ишенүү.

17 – Окулган Курани каримди жана берилген кайыр-садаганын сообун өлгөндөргө багыштоо жаиз. Бул сооптор жана дубалар өлгөндөргө жетип барып, азаптарынын жеңилдөөсүнө жана жок болуусуна себеп болот.

18 – Өлтүрүлгөн, өзүн өзү өлтүргөн да өз ажалы менен өлгөн болот.

19 – Пайгамбарлар, чоң-кичинекей болсун, бир да күнөө кылышпайт.

20 – Бейиш менен Тозок түбөлүк. Бейиш менен Тозок азыр да бар. Күнөөкөр момундар Тозокто түбөлүк калышпайт, капырлар түбөлүк калышат.

21 – Бүгүн төрт хак мазхабдын биринде болуу шарт. Бирөөсүндө да болбогон адам Ахли сүннөттөн чыгат.

22 – Кыяматтын белгилеринен болгон Дажжалдын, Даббат-ул арздын, Хазрети Махдинин келе тургандыгына, Хазрети Исанын асмандан түшө тургандыгына, күндүн батыштан чыга тургандыгына жана башка билдирилген нерселерге шексиз-күмөнсүз ишенүү керек.

23 – Падышага, халифага баш көтөрүп, каршы чыгуу жаиз эмес.

(Бул маалыматтар Фыкх-ы акбар, Нухбат-ул-лаали, Р. Насихин, Мактубат-и Раббани, Ф. Фаваид китептеринен алынган.)

Ыйманына шектенүү

Суроо: Китептерде "Азыр ыйманым барбы же ыйманым уланабы деп шектенүү куфур болот” деп айтылып жатып, "Акыркы демде ыймансыз кетүүдөн коркуу керек, коркпогон ыймансыз кетет” деп айтылууда. Бул экөө бирдей эле нерсе эмеспи?

Жооп: Жок, бирдей нерсе эмес. Ибадаттарын орундаган адам ыйманынын бузулуусуна шектенсе жа күнөөм көп, ибадаттарым мени куткарбайт деп ойлосо, ыйманынын кубатуу экендиги белгилүү болот. Ыйманынын улана тургандыгына шектенген адам капыр болот. Шектенүүнү жактырбаса момун экендиги белгилүү болот. (Баззазия)

Ыйманы бар экенине жана дайым боло тургандыгына шектенүү жаиз эмес, куфур болот. Момун азыркы жана келечектеги ыйманы тууралуу бир да шектенбөөгө тийиш. Өлгөнгө чейин ыймандуумун деп айтууга тийиш.

Акыркы дем үчүн болсо коркуу менен үмүттүн арасында болууга тийиш. Акыркы демде ыймансыз кетүүдөн коркуу шек эмес, ыймандын белгиси. Ахли сүннөт аалымдары: "Акыркы демде ыймансыз кетүүдөн коркпогон адам ыймансыз өлөт”, - деп билдиришкен. Анткени, акыркы демге чейин ыйманды коргоп калуу же жоготуу анык эмес. Ошондуктан да, дайым коркуу ичинде жашоо, арамдардан сактануу, динибиздин бардык буйруктарын орундоо жана Аллахтын ырайымынан да үмүт үзбөө керек. 

Ыйманды коргоо үчүн

Суроо: Эң баалуу немат - ыйман. Бул ыйман нематын коргоо үчүн эмне кылуу керек? 

Жооп: Ыйманды коргоо үчүн төмөндөгү нерселерге маани берүү керек:

1 – Кайыпка ыйман келтирген болуу керек. Периштелерди, Бейишти, Тозокту көргөзүшсө өз көзүбүз менен көргөндүгүбүз үчүн "Бейиш, Тозок бар” деп айтуу ыйман болбойт. Мусулман эместердин бардыгы жаны чыгып жатканда Бейишти, Тозокту көрүшөт. "Ыйман келтирдик” деп айтышат, бирок, кабыл болбойт. Момундар даңкталып жатканда "Алар кайыпка ишенишет” деп айтылууда. (Бакара, 3)

2 – Кайыпты жалгыз Аллаху таала билет деп ишенүү. Пайгамбар, периште, жин кайыпты билбейт. Жалгыз Аллаху таала кааласа гана билдириши мүмкүн. Ошондуктан, мужизаны, кереметти четке кагып, ишенбөө жаиз эмес.

3 – Арамды арам, адалды адал деп билүү, башкача айтканда, кабыл кылуу. Атайылап арамды адал, адалды арам деген адам динден чыгат.

4 – Аллаху таала азап бербейт деп анын азабынан ишеничте болбостон коркуу керек. Курани каримде Раббинин азабынан корккондордун Анын азабынан ишенимде болушпагандыктары билдирилүүдө. (Маариж 27-28)

5 – Бир адам канчалык көп күнөө кылган болсо да өзүн сөзсүз Тозоктук деп билбеши керек. Бир кудси хадистин маанисинде: "Кулум асмандарга жете турганчалык күнөө кылса, бирок, ырайымыман үмүтүн үзбөстөн менден кечирим сураса кечиремин”. (Тирмизи)

Бир аяттын мааниси:

"Эй, көп күнөө кылууда аша чапкан пенделерим, Аллахтын ырайымынан (бизди кечирбейт деп) үмүтүңөрдү үзбөгүлө! Анткени, Аллах (ыймандуулардын) бардык күнөөлөрүн шексиз-күмөнсүз кечирет. Албетте, Ал чексиз кечирим жана ырайым ээси”. (Зумар, 53)

6 – Аллахтын азабынан коркуу керек, ырайымынан да үмүт үзбөө керек! Бир ыйык хадистин мааниси:

"Момун хавф менен ражанын (коркуу менен үмүттүн) арасында болсо, Аллаху таала ал кулдун үмүт кылган нерсесин берет жана корккон нерсесинен аны коргойт”. (Тирмизи)

7 - Хубб-и филлах, бугд-и филлахта болууБашкача айтканда, Аллах үчүн жакшы көрүү, Аллах үчүн жаман көрүү. Бул – ыймандын негизи. Бир хадиси шарифтин мааниси:

"Ыймандын негизи мусулмандарды сүйүү жана Аллахтын душмандарын сүйбөө”. (И. Ахмет)

Аллаху таала Хазрети Исага айтты:

"Жер менен асмандардагы бардык макулуктардын ибадаттарын кылсаң, досторумду жакшы көрмөйүнчө жана душмандарыма душмандык кылмайынча бир да пайдасы болбойт”. (К. Саадат)

8 – Ыймандын кабыл болуусу жана коргонуусу үчүн керектүү шарттардын кээ бирлери төмөндөгүчө:

Аллаху таала важиб-ул-вужуб жана чыныгы мабуд жана бардык нерселердин жаратуучусу.

Дүнүйө жана акыретте болгон бардык нерсени, материасыз, замансыз жана окшошсуз кылып жоктон бар кылган - жалгыз Аллаху таала гана.

Тобокел кылуу – парз.

Зарыл жана ижма менен билинген ишениле турган нерселерде кыяс болбойт. Буларда ижтихад же кыяс кылып жаңылган адам капыр болот. Зарыл жана ижма менен билдирилбеген ыйман маалыматтарында ижтихад кылып жаңылган адам капыр болбосо да, бидат ээси болот.

Ыйман артып жана кемибейт. Тактап айтканда, ыйман келтирилиши керек болгон нерселер жагынан артып-кемибейт, бирок, якин жана тастык жагынан нурдуулугу, кубаты артып-кемийт. Момундар ыйман жана тавхид маселесинде бири-бирилерине тең. Бирок, амал жагынан бири-бирилеринен айырмаланат. 

 Итикадын Ислам дининен алуу. Расулуллах алейхиссалам тарабынан билдирилген түрдө ыйман келтирүү.

 Күнөө кылган, бирок, тообо кылбай момун болуп өлгөн адамды Аллаху таала кааласа Тозокто азап кылат, кааласа кечирет жана бир да азапка учуратпайт.

Периштелер ыймансыздар айткандай, Аллаху тааланын ортоктору жана кыздары эмес. Күнөө кылышпайт. Периштелер эркек, аял болушпайт.

Курани каримдеги же жана башка диний китептерибиздеги диний бир өкүмгө шектенбөө. Мисалы, хижаб парзбы деп шектенбөө.

Адал да, арам да ырыскы. Ар бир адам өзүнүн гана ырыскысын жейт, бирөө башканын ырыскысын жей албайт. 

Алфаз-ы куфурдан бир сөздү маанисин кабыл кылбаса да айткан адам капыр болот. (Тактап айтканда, тамашалап же күлдүрүү үчүн айтса да куфур болот. Мисалы, тамашалап мен пайгамбармын десе куфур болот.)

Мас кезде алфаз-ы куфур айткан адамды капыр дебеш керек.

Бул аалам кийин жаратылган. (Философтор муну четке кагышат, аалам ушундай келген жана ушундай кетет деп ыймансыз болушууда.)

Ахли кыбыланы такфир кылбаш керек. Башкача айтканда, намаз окуп жаткан мусулманды кылган күнөөлөрүнөн улам капыр дебеш керек. (Ахли кыбыла делген адамдын бир ишеними мааниси өтө ачык жана так болгон бир далилге кайчы болсо анда куфур болот. Мындай адам намаз окуса да, ибадаттын баарын кылса да ыймансыз болот.)

Тасаввуфту четке какпоо. (Авариф-ул-маариф)

Пайгамбарлардан кийин адамдардын эң пазилеттүүсү – Хазрети Абу Бакр, анан кезеги менен үч халифа.

Кутман сахабалардын бардыгы Бейиштик. (Хадид сүрөсү, 10)

Аллаху тааланын кутман сахабаларга ыраазы экени Курани каримде билдирилүүдө. Алардын бирөөсүн болсо да жамандоо ошол ыйык аяттарга ишенбөө болуп саналат. (Татхир-ул-жанан)

Адамдарда келген жакшылык менен жамандык, пайда менен зыяндын бардыгы Аллаху тааланын тагдыр кылуусу (жаратуусу) менен болот.

Тагдыр – Аллаху тааланын азали илими менен адамдардын жана башка макулуктардын кыла турган иштерин билүүсү жана тилөөсү. Мунун жаратылуусу каза, экөө тең каза менен тагдыр деп аталат.

Аллаху таала каалаганын бир лутуф катары туура жолго салып коёт. Каалаганын да адилетине жараша адаштырат. Анткени, адамдардын иштерин Аллаху таала жаратат, бирок, адамга ирада-и жузия да берген, кылган ишине жоопкер кылган.

Өлтүрүлгөн да, өзүн өзү өлтүргөн да өз ажалы менен өлгөн болот. Ажалсыз өлүм болбойт. Курани каримде бир аяттын маанисинде минтип билдирилет:

"Эч ким ажалынын алдын ала албайт жана аны кечиктире албайт”. (Араф, 34)

Өз өмүрүнө кол салган мусулманга жаназа намазы окулат. (Дурр-ул-мухтар)

Өлгөндөн кийин ар бир адам тирилет.

Кабыр сурагы кабырда рухтун денеге кайтарылуусу жана капырлар менен күнөөкөр момундар үчүн кабыр азабы бар.

Момундардын Бейишке кирүүсү Аллахтын фазлынан (жакшылыгынан). Анткени, эч ким амалы менен Бейишке татыктуу боло албайт.

Адамдар тирилгенден кийин эсепке тартылышат. Амалдар мизан таразасында тартылат.

Пайгамбарлар, аалымдар жана салихтер күнөөкөрлөргө шапаат кылышат. Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын шапааты чоң күнөө кылгандар үчүн. Тоолордой өтө чоң күнөөлөрү бар болсо да, аз же көп болсун шапаатка жетишет. Кечирим менен шапаатка жеткендерден башка бардык күнөөкөрлөр күнөөлөрүнүн жазасын тартышат. Хадиси шарифте айтылды:

"Ар бир пайгамбардын мустажаб (кабыл болгон) бир дубасы бар. Мен дубамды үммөтүмө шапаат кылуу үчүн акыретке сактап койдум”. (Бухари)

Шапаатка ишенбей, четке кагуудан сактануу керек. Анткени, ыйык хадисте: "Шапаатыма ишенбеген адам ага жете албайт”, - деп билдирилди. (Ширъа)

Кыямат белгилерине ишенүү: Хадиси шарифте айтылды: "Ушул белгилер чыкмайынча Кыямат башталбайт: Күн батыштан чыгат, үч жер батат, Иса асмандан түшөт, Түтүн, Даббатул арз, Дажжал, Яжуж Мажуж жана Аденден бир өрт чыгат”. (Муслим)

Хазрети Махдинин келе тургандыгына ишенүү дагы Ахли сүннөт акыйдасынан. Хадиси шарифте айтылды:

"Кыямат башталардан мурда Аллаху таала менин урпагыман бирөөнү жаратат. Аты менин атым сыяктуу болот, атасынын аты менин атамдын аты сыяктуу болот. Андан мурда дүнүйө зулумдукка баткан болот, анын доорунда адилеттүүлүккө толот”. (Тирмизи, И. Асакир)

(Бул маалыматтардын бардыгы Фыкх-ы акбар, Эмали, Р. Насихин, Мактубат-и Раббани, Фараидул фаваид китептеринен алынган. Башка китептерден алынган маалыматтардын булагы аягында билдирилген.)

Суроо: "Куфурга түшүп калган болушум мүмкүн” деп ыйманды жаңыртуу жаиз деп айтылып жаткан бир учурда ыймандын бар экенине шектенүү куфур деп айтылууда. Бул экөөнүн арасында эмне айырмачылык бар? Экөө тең ыйманда күмөн эмеспи?

Жооп: Бул экөө бөлөк-бөлөк нерселер. Ыйманын жаңырткан адам ыйманы бар экенин билүүдө, эгер билбестен куфурга түшүп калган болсо, ыйманы алсыраган же эскирген болсо деп ойлоп жаңыртууда. Пайгамбарыбыз алейхиссалам: "Кийимдин эскиргендиги сыяктуу ичиңердеги ыйман да эскирет. Ыйманыңарды жаңырткыла!” – деп айткан. Ыйманыбызды жаңыртуу үчүн улам-улам шахадат келимесин айтып жүрүүгө тийишпиз.

"Ыйманым барбы жокпу” деп күмөндөнүү куфур болот. Тактап айтканда, "Ыйманым бар болду бекен?” деп шектенбеш керек. Бирок, "Жан чыгып жатканда ыйманымды сактай аламынбы?” деп азыртадан коркуу ыймандуу болуунун белгиси. Бул – ыйманда күмөн эмес. Ыйманды жоготуп алуу убайымынан пайда болгон негиздүү коркуу. Өтө кундуу асыл ташка ээ болгон бир адам аны жоготуп алуудан же уурдатып алуудан корккондугу сыяктуу. Андай адам "Менде асыл таш бар болду бекен?” деп шекке кабылбайт. Бир гана уурдатып жана жоготуп алуудан коркот.

Ыймандын кетүүсүнөн коркуу керек

Бир мусулман сөзүнүн жана иштеринин эмнеге алып бара турганын ойлонууга тийиш, ар бир иште динин коргоого тийиш. Бир да күнөөнү кичине деп билбеш керек. Бир адам кичине күнөө кылса, буга тообо кыл делсе, "Тообо кыла турган эч нерсе кылган жокмун го” же "Эмнеге тообо кылышым керек” десе ыйманы кетет. Баланын кичинекей кезинде эне-атасынын карамагында болгон абалда ыйманы бар эле. Балагат жашына толгондо алардын карамагынан чыгат. Ыйманды, Исламды билбесе, суралганда түшүндүрүп бере албаса ыйманы, үйлөнгөн болсо никеси да кетет. Анткени, никенин сахих болуусу жана улануусу үчүн ыймандуу болуу зарыл. Бир момунду өлтүргөн же өлтүрүлүүсүн буйрук кылган адамга "Жакшы кылдың” деп айткан адамдын ыйманы кетет. Жалгандан "Аллах билип турат, мен сени баламдан да артык көрөм” деп айтуу ыйманды кетирет. Милдет экенине ишенбей, маани бербей, жеңил мамиле кылып намаз окубоо, орозо кармабоо, зекет бербөө ыйманды кетирет. Аллаху тааланын ырайымынан үмүтүн үзүү куфур.

Негизи арам болбостон, кийин кандайдыр бир себептен улам арам болгон мал-мүлккө, акчага харам ли-гайрихи деп айтылат. Уурдалган жана арам жолдордон келген мал-мүлк ушундай. Буларга адал деп айтуу куфур болбойт. Тарп, чочко, шарап сыяктуу негизи арам болгон нерселер харам ли-айнихи деп талат. Буларга адал деп айтуу куфур болот, ыйманды кетирет. Арам экендиги так билинген бир арамдардын бирине адал деп айтуу да ушундай.

Азан, мечит, фыкых сыяктуу Ислам дини баалаган нерселерди кемсинтүү куфур болот, ыйманды кетирет. Дааратсыз экенине жана убактысы кирбегенине карабастан намаз окуу же билип туруп кыбыладан башка жакка бурулуп намаз окуу куфур болот, ыйманды кетирет.

Бир мусулманды жамандоо үчүн капыр деп айтуу куфур болбосо дагы капыр болуусун каалап айтуу куфур болот, ыйманды кетирет.     

Күнөө кылуу куфур болбойт

Аллаху тааланын буйруктары парз, тыюу салган нерселери арам деп аталат. Парздар менен арамдар Исламият (мусулманчылык) деп аталат. Мусулманчылыкка туура келбеген бир нерсе кылуу күнөө кылуу деп аталат. Күнөө кылуу куфур болбойт. Күнөө экенине маани берилбесе куфур болот, ыйманы кетет. Ибадат кылуу жана күнөөдөн сактануу зарыл экенине ишенбөө куфур болот, ыйманды кетирет.

Акылдуу, маалыматтуу, адабыятчы экенин көрсөтүү жана жанындагыларды таң калтыруу, күлдүрүү, кубантуу же маскаралоо үчүн айтылган сөздөрдө да "куфри хукми” коркунучу болушу мүмкүн. Каарданганда, жинденгенде жана кыжырланып айтылган сөздөр да ушундай.

Динди туура үйрөнүү үчүн

Суроо: Мусулмандар ыйман илимдеринде жана диний маселелерде шекке кабылып калса эмне кылууга тийиш жана мындай жагдайга түшүп калбоо үчүн эмне кылууга тийиш?

Жооп: Динибиз билдирген бир нерседе шекке кабылып калган адам Аллаху таала жана Анын Пайгамбары бул нерсе аркылуу эмнени билдирмекчи болгон болсо, ошондой ыйман келтирдим, ишендим деп айтууга тийиш. Шекке кабылып калган маселени түшүндүрүп бере алчу бир аалымды дароо издөөгө тийиш. Илимине жана динине бекемдигине ишенилген, акылдуу, ариф, арамдардан сактанган, диний илимдерди терең билген, кыйынчылыктарды чече алган бир затты издеп табуу керек. Ал заттан алган жооп күмөнүн кетирет жана ошондой ыйман келтирет. Андай затты издөө парз. Таштап койбостон дароо издеп баштоо керек. Таба албаса же тапканда да шектен кутула албаса, Аллаху тааланын жана Расулунун каалаганы, тилегени сыяктуу ишендим деп айтуу керек жана күмөнүн кетирүү үчүн Аллаху таалага дуба кылуу, жалбаруу керек. Мына ошондуктан да, ар бир шаарда кыйын маселелерди чече алган бир заттын болуусу – фарз кифая. Философтордун жалааларына табият таануу илимдери жана философия маалыматтары менен жооп бере алган, окумуштуу катары көрүнгөн адамдардын четке кагууларын илимий методдорго таянып чече алган, ыймансыздардын жаңылыш сөздөрүн, диндериндеги ката жерлерди далилдеп, четке кага алган, туура жолдон чыккандардын фитна отун өчүрө алган, дүнүйө тарыхын жана математиканы мыкты билген, Ислам илимдерин терең билген бир дин аалымы болууга тийиш. Кезинде Ислам өлкөлөрүндө ушундай аалым заттар көп жетилип чыкчу. Мындай дин аалымы жок болсо Ислам дини жахилдердин колунда оюнчук болот. Өздөрү каалагандай диний китептерди жазышат, жаштардын динсиз жетилүүлөрүнө себепкер болушат.

Бир мамлекетте Исламияттын тамыр жайышы үчүн баарынан мурда чыныгы дин аалымын жетилдирүү зарыл. Дин аалымы жок болсо Ахли сүннөт аалымдарынын китептерин жайылтууга аракет кылуу керек. Мындай китептер да жок болсо дин жахилдери дин адамы катары чыгып, китеп жазып, конференцияларды уюштурушуп, сабак берип элдин динин, ыйманын уурдашат.

Ыймандын бар экенинин белгиси

Суроо: Бир адамда ыймандын бар же жок экендигин кантип белгилүү болот? 

Жооп: Ыймандын шарты алтоо, булар ишениле турган нерселер. Амантудагы алты нерсеге ишенүү – ыйман. Ыймандын бул алты нерсесинен мурда келчү негизги эки шарты – кайыпка ишенүү жана хубби филлах, бугды филлах. Бир адамда ыймандын бар болуусу төмөндөгү эки шартка байланыштуу:

1 – Кайыпка ыйман. Бул – көзү менен көрбөстөн, акылына, маалыматына таянбастан ишенүү. Кайыпка ыйман негизги шарт жана кайыпка ыйман келтирүү зарыл. Анткени, дүнүйө жана акыреттин бардык бактылуулуктары көрбөстөн ишенүүгө байланыштуу. Жан чыга электе ыйман келтирген болууга тийиш. Жан чыгып жатканда акыретке байланыштуу бардык нерселер көрсөтүлөт. Ал кезде бардык ыймансыздар ыйман келтирүүнү каалашат. Бирок, ыйман кайыпка болууга тийиш. Көз менен көрбөстөн ишенүүгө тийиш. Көз менен көрүлгөн нерсеге ишенүү ыйман келтирген болуп эсептелбейт. Бирок, ал кезде момундардын тообосу кабыл болот.

2 – Хубби филлах жана бугди филлах. Бул эки шарт жок болсо, бир адам Амантуда билдирилген алты шартка ишенсе да момун боло албайт. Хубби филлах – Аллах үчүн жакшы көрүү. Бугди филлах – Аллах үчүн жаман көрүү. Ыймандын белгиси – хубби филлах менен бугди филлах. Бир ыйык хадисте: "Аллаху тааланын кээ бир кулдары бар. Булар пайгамбарлар эмес. Пайгамбарлар менен шейиттер Кыямат күнү буларга суктанышат. Булар бири-бирилерин тааныбаган, алыс жерлерде жашаган, Аллах үчүн бири-бирилерин сүйгөн момундар”, - деп билдирилген.

Аллаху таала эң көп жактырган ибадат – хубби филлах менен бугди филлах. Аллаху тааланын сүйгөндөрүн сүйүү керек жана бул ыймандын белгиси болуп эсептелет. Ибадаттардын эң үстөмү экендиги билдирилген хубби филлах менен бугди филлах да мына ушул. Расулуллах алейхиссалам хазреттери айтат: "Ыймандын негизи жана эң кубаттуу белгиси – мусулмандарды сүйүү жана мусулмандарга душмандык кылгандарды сүйбөө”. Аллаху таала Иса алейхиссаламга вахий кылып: "Эгер жерлерде жана асмандарда болгон бардык макулуктардын ибадаттарын кылсаң, досторумду сүймөйүнчө жана душмандарыма душмандык кылмайынча бир да пайдасы болбойт”, - деп билдирген.

Хадиси шарифте: "Аллаху таала бир пайгамбарына, баланча абид кишиден, дүнүйөдө зухд кылып, напсиңди рахатка жеткирдиң жана өзүңдү барктандырдың. Мен үчүн эмне кылдың? – деп сурагын, деп буюрду. Абид, Йа, Рабби! Сен үчүн эмне кылынат? – деп сураганда Аллаху таала, душмандарыма мен үчүн душмандык кылдыңбы жана сүйгөдөрүмдү мен үчүн сүйдүңбү? – деп буюрду”.

"Бир адам Аллаху тааланын душмандарын душман деп билбесе чыныгы ыйман келтирген болбойт. Момундарды Аллах үчүн сүйүп, капырларды душман деп билсе, Аллаху тааланын сүйүүсүнө жетишет”, - деп айтылды.

Суроо: Бир адамдын мусулман болуусу үчүн бир гана ыйман келтирүүсү жетиштүүбү?

Жооп: Ишенүүгө тийиш болгон нерселерди туура үйрөнүп, түздөп алгандан кийин ар бир мусулмандын өзүнө зарыл болгон адал, арам, парз, важип, сүннөт, мандуб жана макрух болгон нерселерди Ахли сүннөт аалымдарынын жазган фыкых, илмихал китептеринен үйрөнүүсү жана үйрөнгөндөрүнө амал кылуусу зарыл.

 


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш