Күнөө иштер напсиге жагат. Ыймандуу киши напсине алданып, күнөө кылышы мүмкүн. Бирок, күнөө кылган кезде акылы менен ыйманы аны кыйнайт. Адам акылы менен ыйман келтирет. Напсине жаккандыктан күнөө иштерге бет бурушу мүмкүн. Ушул себептен да, ыйман жана напсине берилүүнүн эки бөлөк нерселер экендиги байкалат.
Иштеги, амалдагы катачылыктар, бузуктуктар адамды динден чыгарбайт. Күнөө экендигине ишенбей же маани бербей кыла турган болсо, анда куфур болот жана динден чыгат. "Зуннар” деген поптордун белбоосун колдонуу же буттарга сыйынуу сыяктуу ыймансыздарга таандык, куфурдун белгиси болуп эсептелген иштер жүрөктөгү ыйманды кетире турган иштер деп кабыл кылынат.
Аллаху тааланын бар жана бир экенин жана Пайгамбары аркылуу көрсөткөн өкүмдөрүн кабылдаган мусулман ошол өкүмдөргө моюн сунууда кемчилик жасаса, ага албетте капаланат. Аллах менен Пайгамбарга ишенбеген жана жасаган иштерин Аллахтын буйругу болгондуктан эмес, башка себептерден улам жасаган адам Аллахтын кулу болууну да кабылдабайт. Бул экөөнө Аллаху таала албетте бирдей карабайт. Мисалы, бир адамдын эки баласы бар болсо, бири окубайт, жумуш кылбайт, эч кимге пайдасы жок. Бирок, атасынын алдында адеп сактайт, каталарын, айыптарын ойлоп өкүнөт. Атасы ушул баласынын кайгысын тартат.
Экинчи баласы эмгекчил, адамдарга пайдалуу иштер менен алектенет. Бирок, бир күнү атасына каршы чыгып, "Сен кимсиң ушунча? Сени тааныбаймын” деп, оор сөздөр айтат. Ошол заматта бардык жасаган жакшылыктары жок болот. Атасы аны кууп салат. Анын жалынып-жалбарып кечирим суроодон башка амалы калбайт. Мына, күнөөкөр мусулман менен ыймансыз ушул эки балага окшойт.
Мусулмандыкка ишенген жана аны жакшы көргөн адамды кемчиликтерине байланыштуу мусулмандыктан чыгарууга болбойт. Ыймандуулук дегени - мусулмандыкты кабылдоо жана бардык өкүмдөргө моюн сунууда кемчилик жасаса да, урмат көрсөтүү болгондуктан мусулмандыктын негизи деп саналат. Амал ыймандын бир бөлүгү болгондо, күнөө кылган ар бир адам ыймансыз болуп калмак. Дүнүйөдө мусулман калмак эмес.