Ислам дини » Динибиз » Ыйман жана Ислам » Макр-и илахий деген эмне?




Макр-и илахий деген эмне?


Суроо: Ал-и Имран жана Анфал сүрөсүндө "ва макару ва макараллах, валлаху хайрул макирин” = "Аллах макр [амалкерлик] кылгандардын эң мыктысы” деп айтылууда. Аллахтын амалкерлик кылуусу деген эмне?

ЖООП: Макр – айла колдонуу, тузак куруу ыкмасы менен залал келтирүү дегенди билдирет.

Макр-и илахий – Аллаху тааланын макр [айлакерлик] кылгандардын макрларын өзүлөрүнө буруусу, жамандыктарын, курган тузактарын бузуусу жана айлаларына жооп катары аларды жазалоосу деген маанилерди билдирет. Аллаху таала адамдар кылган макрдан муназзах (таза, алыс), каалаганын кылууга кудуреттүү, хаша, амалкерлик кылууга муктаж эмес. Макр-и илахий айлакерлик кылгандардын айлаларын бузуу аркылуу аларга айлаларынын жамандыгын билдирүү жана кээ бирлеринин тообо кылууларына себеп болуу жагынан жакшы.

Макр-и илахий тууралуу бир нече мисал келтирели:

1-Аллаху таала мусулмандарды мүшриктердин көзүнө аз сандуу кылып көрсөттү. Аларды Бадрга алып келди, алар мусулмандарга кол салышты. Бирок, алар жеңилип, өлтүрүлүштү. Бул бир макр-и илахий эле.

2-Яхудилер Хазрети Исаны өлтүрүү максатында айлакерлик кылышты. Аллаху таала болсо Хазрети Исаны куткарып, яхудийлерди балээге учуратты. Алардын королу Яхуда Хазрети Исаны өлтүрүш үчүн үйүнө бир мунафык адамды жиберди. Хазрети Жабраил болсо андан мурдараак келип, Хазрети Исаны асманга көтөрдү. Мунафык Хазрети Исаны таба албаган соң сыртка чыкты. Аллау таала ошол мунафыкты Хазрети Исага окшош кылып көрсөттү. Алар аны Хазрети Иса деп ойлоп, ошол мунафыкты крестке кадап өлтүрүштү. Мунафыкты ушинтип жазалоосу да бир макри илахий.

3- Мүшриктер фасат (бузукулуктун) очогу болгон Дар-ун надвага чогулуп, күн сайын жайылып бараткан Исламды токтотуу үчүн чара издеп жатышкан эле. Кээ бирлери Пайгамбарыбызды өлгүчө зынданга камап салууну пландаса, кээ бирлери төөгө миндирип, Меккедеги үйүнөн кууп, сүргүн кылууну пландап жаткан эле. Абу Жахил болсо ар бир уруудан тандалып алынган жаштар тарабынан кылыч менен бир учурда өлтүрүлүүсүн сунуштаган эле. Ошентип, жанга-жан алына албай, так бирине кастык кылына албай тургандыгы тууралуу ой-пикир баарына жаккан эле. Ошол түнү ал план ишке ашмак. Бирок, Жабраил алейхиссалам абалды Расулуллахка кабарлаган эле. Ал да Аллахтын арстаны Хазрети Алини төшөгүнө жаткырып, куттуу үйүнөн чыгып, эң ишенимдүү досу Хазрети Абу Бакр менен бирге хижрат кылган эле. Алардын изине түшкөн адамдын атынын буттары кумга тыгылуусу, жөргөмүштүн үңкүрдүн эшигине желе тартканы сыяктуу мужизалар көрүлгөн эле. Бир аяттын мааниси төмөнкүчө:

"Хабибим, эсте, капырлар сени байлап камоо, өлтүрүү же сүргүн кылуу үчүн сага амал издеп [тузак куруп] жатышканда, Аллах дагы аларга амалкерлик кылган эле [алардын тузактарын жокко чыгарган эле].” [Анфал, 30]

4- Макр "азап” деген маанини да билдирет. Бир аяттын мааниси төмөнкүчө:

"Зыян тарткан коомдон башкасы макр-и илахийден [Аллахтын азабынан] ток көңүл боло албайт.” [Аъраф, 99]

5-Арам иш кылууга себеп болгон адаттан тыш иштер да макр же истидраж деп аталат. Мисалы, фираундун өмүрүндө бир да жолу башы ооруган эмес эле. Анын тиштеринин арасына эт менен тамактын калдыктары кирип, анын тынчын албоо үчүн тиштери абдан бекем эле. Аты менен дөбөдөн түшкөндө атынын алдыңкы буттары узарчу. Ал өзүндөгү ушундай жагдайларды көрүп, мен "кудаймын” деген эле. 19чу капыр бирөө өзүндө ушуга окшош жагдайлар байкалгандыктан ал да "мен пайгамбармын” деген эле.

6- Макр сөзүнүн истидраж деген мааниси да бар. Башкача айтканда, Аллаху таала бир адамга бираз убакытка чейин кайырлуу болбогон нематтарды берет. Бул немат сыяктуу көрүнгөн нерсе - балээт-кыйынчылыктар. Бир аяттын мааниси төмөнкүчө:

"Капырлар өздөрүнө көп мал-мүлк жана бала-бакыра берүү менен жакшылык кылып жатабыз деп ойлойбу? Жок, алар мындан бейкабар. Булардын немат эмес, балээ экенин түшүнө алышпоодо.” [Муминун, 55-56]

Демек, капырларга берилген дүнүйөлүк нерселер дайыма балээ болот. Кант диабети менен ооруган адамга берилген таттуулар, халвалар сыяктуу. Анын тезирээк куруусуна себеп болот.

Капырдын мал-мүлкүнө суктануу

 Суроо:  Мусулмандык менен байланышы жок көптөгөн адамдар жана көпчүлүк мусулман эместер мал-мүлккө ээ. А көптөгөн мусулмандар болсо муктаж жана кыйынчылыкта. Эмне үчүн Аллах капырларга мынча байлык берүүдө?

ЖООП: Мусулман дүнүйөнү, тагыраагы, мал-мүлктү да акырет үчүн каалайт. Эгер бул байлык биз түбөлүк жашай турган акырет мекенине зыян келтирсе анда жактырылбайт. Ушул себептен Пайгамбарыбыз алейхиссалам мындай дейт:

"Йа, Раббим! Жолдон чыгаруучу кедейлик жана жолдон чыгаруучу байлыктан жана алар себеп болчу фитнадан сага сыйынам.” [Бухари, Муслим]

Демек, кедейлик да, байлык да фитна болушу мүмкүн. Биз үчүн кайсы бири жакшы болсо ошону каалаш керек.

Аллахтын адаты – себептер менен жаратуу. Ошол себептерге жармашкан ар бир адамга каалаган нерсени берет. Өз ишин билген адам табат.

Исламият – адамдын эмне кылуу керектиги жөнүндө билдирилген эрежелердин жыйындысы. Капыр буларды да колдонсо пайдасын көрөт. Мусулман катары аны колдонгон адам да акыретте да пайдасын көрөт.

Капырларга мал-мүлк берүү аларга жакшылык эмес. Аллахтын алдында дүнүйөлүк мал-мүлктүн кымындай баркы жок. Бир хадиси шарифтин мааниси:

"Аллахка ант берем, эгер бул дүнүйөнүн Аллахтын алдында чымын-чиркейдин канатындай бир баркы болгондо, капырларга бир ууртам суу бермек эмес.” [Тирмизи, Ибни Асакир]

"Аллаху таала капырларга көп мал-мүлк берди. Бирок, адамдардын баары капырдыктын жакшы нерсе экенин, ошондуктан мал-мүлккө ээ болушкан деп ойлоп, баары капыр болушу мүмкүн. Ушул себептен ар бир капырды бай кылган жок. Болбосо, дүнүйөдө бир да капырды кедей кылмак эмес, баарын мал-мүлккө бөлөмөк. Ушуга байланыштуу Курани каримде мындай деген мааниде айтылат:

"Раббиңдин ырайымын [пайгамбар жиберүүсүн] алар бөлүштүргөн бекен? Дүнүйө жашоосунда өз ара алардын маишаттарын (тиричилик-ырыскыларын) биз бөлүштүрдүк. Бири-биринин ишин аткартуу үчүн [кээ бирин аалым, кээ бирин жахил, кээ бирин бай, кээ бирин кедей, кээ бирин күчтүү, кээ бирин алсыз, кээ бирин башчы, кээ бирин кызматкер, кээ бирин жетекчи, кээ бирин жумушчу кылуу аркылуу] бирин экинчисинен бийик кылдык. [Ошентип гана алардын ортосунда бирикме жана биримдик пайда болот, дүнүйө иретке келет. Байдын байлык жагынан эч кандай артыкчылыгы болбогондой, кедейдин кедейлик жагынан эч кандай кемчилиги жок. Адамдар арасында ырыскыда гана эмес, илимде, жахилдикте, жакшылыкта, жамандыкта жана башка нерселерде айырмачылык бар. Эгер бардык жактан тендик болгондо, эч ким эч кимге кызмат кылмак эмес, дүнүйөнүн тартиби бузулмак, дүнүйө жоюлмак. Буларда да алардын эч кандай ролу жок. Ушундай болгон соң, алардын бир пайгамбар жиберүүдө кандай күчтөрү болмок эле?] Раббиңдин ырайымы алар жыйнаган нерселерден жакшыраак. Эгер адамдар [капырларга суктанып, баары капыр] бир эл болуп кетпегенде, Рахман болгон Аллахты четке каккандардын үйлөрүнүн чатырын, аларга чыга турган шатыларды, бөлмөлөрүнүн эшиктерин, жазданып отурчу тактыларын күмүштөн жасап, аларды алтын зыйнаттарга бөлөмөкпүзБулардын баары дүнүйө жашоосунун убактылуу пайдаларынан башка нерсе эмес. Акырет саадаты болсо Раббиңдин алдында Ага каршы чыгуудан сактангандар үчүн.” [Зухруф, 32-35]

Нематтардан куру калуунун себеби

 Суроо: Кээ бир адамдар дүнүйөлүк, кээ бир адамдар болсо акыреттик нематтардан куруу калууда. Мунун себеби эмне?

ЖООП: Адамдардын Аллаху таала ихсан кылган дүнүйө жана акырет нематтарына жете албоолорунун себеби - бул нематтардан жүз буруулары. Жүз бурган адам албетте эч нерсе ала албайт. Оозу жабык идиш апрель жамгырына албетте жете албайт. Дүнүйөдө Аллаху тааланы четке каккан көптөгөн адамдардын дүнүйөлүк нематтарда жашап, алардан куру калбаганы ойлонулса да, аларга дүнүйө үчүн эмгектеринин натыйжасы берилүүдө. Бирок, дүнүйө үчүн гана эмгектенгендерге берилген дүнүйөлүк нерселер чындыгында азап жана балээ. Аллаху таала аларды алдап, немат түрүндө көрсөткөн балээлер. Ушуга байланыштуу Муминун сүрөсүнүн 55-56-аяттарынын маанисинде айтылат: "Капырлар көп мал-мүлк жана бала-бакыра сыяктуу дүнүйөлүктөрдү бергенибиз үчүн өздөрүнө жакшылык кылып, жардам берип жатканыбызды ойлошобу? Пайгамбарларыма ишенбегендиктери жана Исламды жактырышпаганы үчүн аларга сыйлык берип жатканыбызды айтышуудабы? Жок, андай эмес. Алданышууда. Булардын немат эмес балээ экенин түшүнүшпөөдө.”

Аллаху тааладан жүз бургандарга берилген дүнүйөлүктөр - болгону азап-кыйынчылык, балээ. Бул кант диабети менен ооруган адамга берилген таттуулар сыяктуу.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш