Суроо: Адам өзүнүн
момун экенин биле алабы? Ыймандын белгиси эмне?
ЖООП: Ыйман – Амантуда
билдирилген алты негизге ишенүү. Хадиси шарифте айтылат: "Ыйман –
Аллахка, периштелерге, китептерге, пайгамбарларга, акырет күнүнө [Кыяматка,
Бейишке, Жаханнамга, эсепке, мизанга], тагдырга, жакшылык менен жамандыктын
Аллахтан экенине, өлүмгө, өлүмдөн кийин тирилүүгө ишенүү. Аллахтан башка кудай
жок экендигине жана менин Анын кулу жана расулу экендигиме күбөлүк
берүү.” [Бухари, Муслим, Насаи] (Буларды чын жүрөктөн тастыктоо да
шарт.)
Күчтүү ыймандын
белгилери көп. Бул тууралуу хадиси шарифтердин кээ бирлери төмөнкүчө:
"Ыйманы эң күчтүү момун – көркөм ахлактуу адам. Ага ар
ким оңой жакындайт, келип-кеткендер көп болот. Ар ким менен жакшы мамиледе
болот. Айланасындагылар менен жакшы мамиледе боло албаган адамда жакшылык жок.” [Табарани]
"Кайда болбосун Аллаху тааланы унутпаган адамдын
ыйманы күчтүү.” [Байхаки]
"Аллахты жана Анын Расулун баарынан артык сүйгөн, сүйгөнүн Аллахтын
ыраазылыгы үчүн гана сүйгөн жана отко түшкөнгө караганда күфүргө кабылуудан
көбүрөөк корккон адам ыймандын даамын табат.” [Бухари]
"Бири-бириңерди жакшы көрмөйүнчө ыйман келтирген боло
албайсыңар.” [Табарани]
"Уяттуулук ыймандан.” [Бухари]
"Тазалык - ыймандын жарымы.” [Муслим]
"Ахдга опаа [сөзүнө
туруу] ыймандан.” [Хаким]
"Өзүнүн зыянына болсо да адилеттүү мамиле кылуу
ыймандан.” [Беззар]
"Балээ-кыйынчылыкка сабыр кылуу ыймандан.” [Беззар]
"Ыйман жылаңач. Анын кийими - такыбаа, зыйнаты - уяттуулук, сармаясы (капиталы) - фикх, мөмөсү болсо - амал.” [Дайлами]
"Ыймандын жетимиш бөлчөк бутактары бар. Эң үстөмү - "Ла илааха иллаллах”, эң төмөнү болсо - жолдо кыйынчылык туудурган бир
нерсени алып салуу. Уяттуулук да - ыймандын бир бутагы.” [Тирмизи]
"Ыйман – намаз дегендик. Намазды кылдаттык менен,
убактысын, сүннөтүн [жана башка
шарттарын] сактап окуган адам момун.” [И. Нажжар]
"Ыймандан болгон үч нерсе: тардыкта инфак кылуу [жакшылыкка сарптоо], жолуккан
мусулманга салам берүү жана өзүнүн зыянына болсо дагы адилеттүү мамиле кылуу.” [Насаи]
"Мына бул адамдын ыйманы күчтүү: Аллах үчүн кылган
иштерде таанылуудан эч коркпойт, рыясыз амал кылат, эки иштин бири акыретке,
экинчиси дүнүйөгө пайдалуу болсо, акыретке пайдалуу болгонун тандайт.” [Дайлами]
"Жамандаган, каргыш айткан, уят сөз айткан жана уятсыз адам камил (толук, жетик) момун эмес.” [Бухари]
"Мени перзенттеринен, эне-атасынан жана бардык
адамдардан артык сүйбөгөн адам ыйман келтирген болбойт.” [Бухари]
"Өзүнө каалаган нерсени башкалар үчүн да каалабаган
адам ыйманга жете албайт.” [Абу Яъла]
Жогорудагы
хадиси шарифтерге караганда ар бир таза адам ыймандуу болот экен деп түшүнүлүп
калат. Ал эми бир капыр да таза болушу мүмкүн. Бир капыр да уяттуу болушу
мүмкүн. Бир капыр да адилеттүү мамиле кылышы мүмкүн. Бир капыр да эл көрсүндөн
качышы мүмкүн. Хадистерди аалымдардын түшүндүрмөсү менен окуу керек. Эгер биз
окусак, жаңылыш түшүнүп калабыз.
Күнөө үчүн да
абал ушундай. Күнөө кылган адамга капыр деп айтылбайт. "Сөз ташыган
адам Бейишке кире албайт” хадисинин мааниси – күнөөсүнүн жазасын
тартпай же кечиримге, шапаатка жетпей кире албайт дегендик. "Гыйбат
кылган адам тозоктук” деген хадистин мааниси: эгер сооптору
күнөөлөрүнөн аз болсо гыйбат тозокко алып барат дегендик.
"Жүрөгүндө кымындай текебердик болгон адам Бейишке кире албайт” хадисинин мааниси: күнөөсүнүн жазасын тартпай же кечиримге, шапаттка
жетпей Бейишке кире албайт дегендик.
Дагы
хадиси шарифте момун адамдын ар кандай күнөөнү кылышы мүмкүн экендиги, бирок,
үч нерсени кыла албай тургандыгы алардын биринин жалган экени айтылган. Хадистен
сырттан караганда жалган айткан адамдын ыймандуу эмес экени түшүнүлөт. Бул
камил момун эмес дегенди билдирет. Ошондой эле, жалган - мунафыктыктын белгиси
деп билдирилген. Жалган айткан адам мунафык эмес, бирок, мунафыктыктын
белгилеринин бирин кылган болот.
Бир
зат: "Йа, Расулаллах! Эне-ата перзентине зулумдук кылса да алардын
ыраазылыгын албаган адам Жаханнамга киреби?” – деп сураганда, жообунда 3
жолу: "Ооба, зулумдук кылышса да алардын ыраазылыктарын албаган адам
Жаханнамга кирет”, - деди. Бул жерден эне-атасынын ыраазылыгын албаган
адам кудум капыр сыяктуу түшүнүлүүдө. Негизи андай эмес. Күнөөлөрүнүн жазасын
тартпай Бейишке кире албайт дегенди билдирет.
"Сараң
Бейишке кирбейт”, "Сараңдык күфүр” сыяктуу хадиси шарифтерди
түшүндүрмөсү менен бирге окуу керек. Эгер түшүндүрмөсүз окулса, туура эмес
түшүнүп калууга себеп болот. Сараңдык канчалык жаман ахлактан болсо да,
ыймансыздык эмес. "Сараң күнөөсүнүн жазасын тартмайынча Бейишке кире албайт”
дегенди билдирет. Атүгүл, сообу күнөөсүнөн көп болсо, Жаханнамга кирбестен дагы
Бейишке кирет. Кечирим жана шапаатка жетүү менен да Бейишке кириши мүмкүн.
Туура ыймандын белгиси
Имам Раббани
хазрети мындай дейт:
Туура
ыймандын белгиси – капырларды душман деп билип, аларга мүнөздүү болгон жана
күфүрдүн белгиси болгон нерселерди кылбоо. Анткени, Ислам менен күфүр
бири-бирине терс. Алардын бирин баалоо экинчисине акарат кылуу жана жамандоо
болуп саналат. Аллахтын душмандарын жакшы көрүү жана алар менен аралашуу адамды
Аллахка душман болууга алып барат. Бир адам өзүн мусулманмын деп ойлойт.
Калимаи таухидди айтат, ишенем дейт. Намаз окуйт жана ибадат кылат. Бирок,
Аллахтын досторун жакшы көрбөө же Аллахтын душмандарын жакшы көрүү анын ыйманын
жок кылаарын билбейт. (1/163)
Аяти карималарда
мындай мааниде айтылат:
"Аллахка жана Кыямат күнүнө ыйман келтиргендер
аталары, бир туугандары жана туугандары болсо дагы Аллахтын жана Анын Расулунун
душмандарын жакшы көрүшпөйт.” [Мужадала,
22]
"Эй, ыйман келтиргендер! Мага жана силерге душман
болгондорду дос кылбагыла, сүйбөгүлө!” [Мумтахина, 1]
Хадиси
шарифтерде дагы мындайча айтылат:
"Үч нерсе ыймандын лаззатын арттырат: Аллахты жана Анын Расулун бардык
нерседен көбүрөөк жакшы көрүү, өзүн жакшы көрбөгөн мусулманды Аллахтын
ыраазылыгы үчүн жакшы көрүү жана Аллахтын душмандарын жакшы көрбөө.” [Табарани]
"Ыймандын эң күчтүү пайдубалы жана эң күчтүү белгиси –
хубби филлах, бугди филлах.” [Абу
Давуд] (Бугз – сүйбөө, душмандык дегендик. Бугди филлах – Аллах үчүн сүйбөө,
Аллах үчүн душмандык кылуу. Карама-каршысы болгон Хубби филлах – Аллах үчүн
сүйүү жана Аллах үчүн дос болуу.)
"Аллахтын душмандарын душман деп билбеген адам чыныгы
ыйман келтирген болбойт.” [И. Ахмед]
"Аллахтын досун сүйгөн жана душманын душман деп билген
адамдын ыйманы толук болот.” [Абу
Давуд]
Ыйман белгиси
Суроо: Кимдир
бирөөнүн ыймандуу экенин кантип биле алабыз?
ЖООП: Анын жүзүн
кароо менен гана түшүнүүгө болбойт. Эгер намаз окуп жаткан болсо, ыймандуу
экени түшүнүлөт. Эгер Аллахтан коркуп, бир күнөөсүн таштаган болсо, бул да
ыймандын белгиси. Же күнөө кылганда капаланган болсо, бул да анын ыймандуу
экенин көрсөтөт. Бир хадиси шариф:
"Жакшылык кылганда кубанган, күнөө кылганда капаланган
адам чыныгы момун.” [Тирмизи]
Эгер
мусулмандарды жакшы көрүп, дин душмандарын жана бидатчыларды жакшы көрбөсө, бул
да ыймандын белгиси.
Эгер
Аллаху тааланы жакшы көрсө бул да ыймандын белгиси. Хадиси шариф:
"Жүрөктөгү ыйман – Аллахты жакшы көрүү
дегендик.” [Дайлами]
Ыймандуу болуу
да жетпейт, туура ыймандуу болуш керек.
Аллахты
сүйүү – Анын досторун дос, душманын душман деп билүү. Ыймандын белгиси – хубби
филлах, бугди филлах. Ыймандуу болуу же болбоо бул жерде белгилүү болот.
Мисалы, бир адам салих мусулмандарды жакшы көрсө, капырларды жана бидатчыларды
жакшы көрбөсө, ал адамдын ыймандуу экендиги түшүнүлөт. Эгер Аллаху тааланын
буйруктарына жана тыюуларына да баш ийип жаткан болсо анын мусулман экендигинде
эч кандай шек калбайт.
Сажданын маанилүүлүгү
Суроо: Мусулман эмес бир адам сажда аятын уккандан
кийин тилават саждасын кылса, ага "мусулман болду” деп айтууга болобу?
ЖООП: Ооба, мусулман
болгондугу түшүнүлөт. (Баззазия, Ибни Абидин)
Дагы анын
сыңарындай, намаздарын жамаат менен окуган бир адамдын мусулман экендиги
түшүнүлөт. Анткени, Исламга чейинки чыныгы диндерде намаз жалгыз окулчу, жамаат
менен окулчу эмес. (И. Ахлакы)
Динибизде
захирге, сырткы көрүнүшкө ылайык өкүм берилгендиктен, мусулман эмес бир адам
ушуларды кылганда мусулман болгондугуна өкүм берилет. Болбосо, жаңылыш
ишениминен баш тармайынча, динибизде билдирилген нерселерге ийман
келтирмейинче, бул иштерди кылуу менен гана мусулман болгон болбойт. Мусулман
болуп көрүнүү үчүн мунафыктык да кылган болушу мүмкүн. Бирок, күфүрүн көрсөткөн
бир сөзү же иши көрүлмөйүнчө дүнүйөдө ага мусулман катары мамиле кылынат.
Намаз окуган адам момун болот
Суроо: Жамаат
менен намаз окуган бидатчыга капыр деп айтууга болобу?
ЖООП: Биз ишениминин күфүр экенин так билбеген адамды
капыр деп айтууга болбойт. Анткени, жамаат менен намаз окуу – Исламдын жышааны.
Жамаат менен намаз окуп жаткандыгы көрүлгөн бир адам күфүрү так билинмейинче
мусулман деп кабыл алынат. Анткени, намаз окуу - ыймандын белгиси.
Албетте,
бөтөнчөлүктөр бул өкүмгө жатпайт. Мисалы, ыйманы жок болсо да мечитке
мусулмандарды каттоого алуу үчүн же башка жаман максаттар менен келип жаткан
болушу мүмкүн. Бирок, алардын абалы билинбегендиктен, аларга да капыр деп
айтууга болбойт. Так билбестен же шектенүү менен эч кимди капыр деп айтпоо
керек. Намаз окуса да, диндин ачык бир буйругун, мисалы, "Арак арам эмес” же
"Хижаб парз эмес” деген адам күфүргө кабылган болот.