Ислам дини » Динибиз » Ыйман жана Ислам » Ыймандын шарттары (Аманту)




Ыймандын шарттары (Аманту)


Ыйман – Ахли сүннөт аалымдарынын китептеринде жазылган, пайгамбарыбыз Мухаммед алейхиссаламдан келген кабарларга ишенүү жана ишенгендигин айтуу дегенди билдирет. Аманту биллахи... де орун алган алты нерсеге ишенген жана Аллаху тааланын буйруктары менен тыюу салган нерселерин кабыл кылдым деген адам мусулман болот. Ар бир мусулман: "Аманту биллахи ва Малааикатихи ва Кутубихи ва Русулихи вал йавмил ахири ва бил кадари, хайрихи ва шаррихи миналлахи таала вал басу бадал мавти хаккун, ашхаду ан лаа илаха иллаллах ва ашхаду анна Мухаммадан абдуху ва расулуху", - деген сөздү жаттап, маанисин билүүгө тийиш. Балдарына да үйрөтүүгө тийиш. Бала бул алтоону билбесе, үйрөнбөсө жана ишенгенин айтпаса, балагатка жеткенде мусулман болбой муртад болот. Муртад - Ислам дининен чыккан адам деген сөз. Муртад болгон адамдын аялы экөөнүн никеси бузулат. Ошол бойдон кайтыш боло турган болсо, түбөлүк Жаханнамда (Тозокто) калат.

Мусулмандан туулган бала балагатка жеткенде бир гана: "Лаа илаха иллаллах Мухаммадун Расулуллах", - деп айтуу менен мусулман боло албайт. Ыйманды, Исламды билүү, түшүндүрө алуусу да керек. Ыйманды түшүндүрүү деген сөз – ишенүүгө тийиш алты нерсени түшүнүү, суралганда айтып бере алуу деген сөз. Исламды билүү – Аллаху тааланын буйруктары менен тыюуларын толук кабыл кылуу дегенди билдирет.

Амантунун мааниси:

Аллаху тааланын бар жана бир экендигине ишенүү. Периштелерине, китептерине, пайгамбарларына, акырет күнүнө, тагдырга, (жакшылык менен жамандыктын Аллахтан экендигине ишенүү.) Бул алты нерсе ыймандын шарттары деп аталат.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш