Ислам дини » Динибиз » Ыйман жана Ислам » Кымындай ыйман деген эмне?




Кымындай ыйман деген эмне?


Суроо: Бир да жакшылыгы жана ибадаты жок болгон, күнөөлөргө баткан бир адам чын жүрөктөн калима-и шахадатты айтса жана ошол абалда өлсө Бейишке киреби? 

ЖООП: Күнөөлөргө батып, ибадаттан алыс адамдын ыйман менен өлүүсү өтө кыйын. Эгер ыйман менен өлө алса гана күнөөлөрүнүн жазасын тарткандан кийин кийин сөзсүз Бейишке барат. 

Ибадат менен жакшылыкты төмөнсүнтпөө керек. Биз жөнөкөй деп ойлогон бир жакшылык кутулушубузга себеп болушу мүмкүн. Бир хадиси шарифтин мааниси да төмөнкүчө:

 "Өмүрүндө бир да жолу жакшылык кылбаган бир мусулман [башка мусулмандардын бутуна сайылбасын деп] бир тикенекти жолдон алып салды. Анын бул иши Аллахтын алдында кабыл болду жана Бейишке кирди.” [Абу Дауд]

 Суроо: Кымындай ыйманы бар адам Бейишке сөзсүз кирет деп айтылууда. Кымындай ыйман деген эмне?

 ЖООП: Амантудагы алты негизге ишенген, Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын айткандарынын бардыгына ишендим, жактырдым, баарын кабыл алдым деген адам кымындай ыйманга ээ болду дегенди билдирет.

 Эгер Аллахтын ырайымы кенен, Мухаммадун Расулуллах деп айтуунун кереги жок делсе, Исламият менен болгон мамилеси үзүлөт, кымындай ыйман пайда болбойт. Бир хадиси шарифтин мааниси төмөнкүйдөй:

 "Лаа илаха иллаллах Мухаммадун Расулуллах деп жүрөгүндө кымындай ыйманы болгон адам оттон чыгат.” [Бухари, Муслим, Тирмизи]

 Эгер ыймандын алты шартына ишенилсе, алардын бирине, мисалы, пайгамбарлардын бирине ишенилбесе, атүгүл, бир парзды, бир сүннөттү жактырбаса, ал адам момун боло албайт. Башкача айтканда, ыймандын алты шартына ишенбеген болот.

 Кымындай ыйман менен өлө алуу үчүн болсо арамдардан сактанууга, ибадаттарды кылууга аракет кылуу керек. Анткени, кылынган күнөөлөр ыйман нурун өчүрүшү мүмкүн, башкача айтканда, ал адамды күфүргө алып барышы мүмкүн.

 Суроо: Калима-и шахадатты айтып ыйман менен өлгөн ар бир адам сөзсүз Бейишке киреби?

 ЖООП: Кымындай ыймага ээ болгон адам сөзсүз Бейишке кирет. Бирок, ибадат кылбаган жана күнөөлөрдөн сактанбаган адам ыйманын сактап кала албайт, күфүргө кабылат. Сактап кала алган адам болсо сөзсүз Бейишке кирет.

 Хазрети Муаз айтат:

 Расулуллах: "Эй, Муаз! Аллаху тааланын пенделериндеги жана пенделердин Аллаху тааладагы акылары эмнелер?” – деп сурады.  Мен: "Аллах жана Анын Расулу жакшыраак билет”, - дедим. "Аллаху тааланын пенделериндеги акысы – Аллахка [Ал билдиргендей ишенип, жактырып] ибадат кылуулары жана Ага шерик кошпоолору. Пенделердин Аллахтагы акысы болсо – Ага шерик кошпогонго азап бербөөсү”, - деп буюрду. "Йа, Расулаллах! Адамдарга бул сүйүнчүнү айтайынбы?” - деп сураганда, "Жок, алар ушуга ишенип, жакшы иштерди таштап коюшу мүмкүн [башка буйруктарды аткарбай жана тыюулардан сактанбай, балээ-кырсыктарга кабылышы мүмкүн]”, - деп жооп берди. (Бухари, Муслим, Тирмизи)

Расулуллах: "Аллахтан башка илах жок экенине, Мухаммеддин Аллахтын Расулу экенине чын жүрөктөн шахадат кылган [муну сактап калып, мусулман болуп өлгөн] бардык адамга Аллаху таала отту арам кылды”, - деп буюрганда, "Йа, Расулаллах! Муну адамдарга билдирейинби?” – дедим. "Анда буга ишенип калышат да, жакшы иштерден баш тартышат”, - деп буюрду. (Бухари, Муслим, Тирмизи)

Хазрети Муаз билген нерсени жашыруу күнөөсүнөн кутулуу үчүн муну өлүмүнүн алдында билдирди.

Суроо: Чоң күнөө кылган момундар да Бейишке киреби?

ЖООП: Эгер шапаатка жетсе эч качан Жаханнамга кирбестен эле Бейишке кирет. Шапаат чоң күнөөлөр үчүн болот. Кымындай ыйманы бар адам Кыямат күнү чоң нематка жетет. Пайгамбарыбыз алейхиссалам ант берип мындай дейт:

"Мына бул нерселерди ант берип айтам:

1-Фажир болгон [ар кандай күнөөлөрдү кылган], оокатын кылууга да алсыз болгон момун Бейишке кирет.

2-Күнөөлөрүнүн себеби менен Жаханнамдын оту күйгүзгөн адам да Бейишке кирет.

3-Кыяматта Аллаху таала эч кимдин оюна да келбей турган абалда момундарды  кечирет.

4-Аллаху таала ушунчалык көп кечирет, ал тургай Иблис да "мен дагы кечирилээр бекенмин?” деп башын көтөрөт.” [Байхаки]

"Кимде бул нерселер болсо, Аллаху таала анын денесин Жаханнамга арам кылат, аны шайтандан жана напсиден сактайт. Напси [күнөө болгон] кандайдыр бир нерсени каалаганына карабастан, напсине ээ болуп, аны кылбаган жана напси [жакшы бир нерсени, бир ибадатты] кылгысы келбегенине карабастан, аны кылган адам напсинин шахват жана гадабына ээ болот. Мына бул нерселер кимде болсо, Аллаху таала аны ырайымына бөлөп, Бейишине киргизет. Бир кедейди баш калкалатуу, алсыз бирөөгө боор ооруу, кызматчыга жакшы мамиле кылуу, эне-атасына инфак кылуу (нафака берүү).” [Дайлами]   


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш