Ислам дини » Динибиз » Ыйман жана Ислам » Ыймандын туу чокусуна чыгуу




Ыймандын туу чокусуна чыгуу


Суроо: Аллахтын бар экенин далилдеген макалаларды дайыма окуу менен ыймандын туу чокусуна оңой чыга алабызбы? 

ЖООП: Андай жазууну окуу менен ыймандын туу чокусуна чыгуу мүмкүн эмес. Расулуллах алейхиссалам туу чокуга кантип чыгыла турганын билдирген эле. Бир хадиси шарифте мындай деп айтылат:

 "Төмөнкүлөрдү кылуу ыйманды туу чокуга чыгарат:

 1-Аллахтын өкүмүнө сабыр кылуу,

 2-Каза жана тагдырга ыраазы болуу,

 3-Толук тобокел ээси болуу,

 4-Аллахка толук моюн сунуу.” [Абу Нуайм]

 Эми жогоруда аталган төрт нерсени кыскача түшүндүрөлү:

 Сабыр:

 Бир парзды аткаруу же бир күнөөдөн сактанууга сабырсыз жетүү мүмкүн эмес. Расулуллах алейхиссаламдан: "Ыйман деген эмне?” – деп сурашканда, "Сабыр”, - деп жооп берди. (Дайлами)

 Сабыр ачуу болсо да, мөмөсү таттуу. Үч хадиси шарифтин мааниси:

 "Сабырдын ыймандагы орду баштын денедеги орду сыяктуу.” [Дайлами]

 "Сабыр кылган пендеден Аллах ыраазы болот.” [Дайлами]

 "Сабырдуу жана ихластуу адам Бейишке кирет.” [Табарани]

 Үч аяти кариманын мааниси төмөнкүдөй:

 "Сабыр кылгандарга сыйлыктары эсепсиз берилет.” [Зумар, 10]

 "Сабыр кылуучуларга [ихсанымды] сүйүнчүлө!” [Бакара, 155]

 "Сабыр кылууда жарышкыла!” [А. Имран, 200]

 Хазрети Хызыр: "Күнөө кылбоого сабыр кылуунун аркасында ладун илимине жеттим”, - деген болчу.

Тагдырга ыраазы болуу:

Аллахтан келген бардык нерсеге ыраазы болуу чоң немат. Хадиси шарифтерде мындай деп айтылган:

"Тагдырга ыраазы болуу – бакыттын белгиси.” [Тирмизи]

"Мына бул 3 нерсени кылган адам дүнүйө жана акыреттин жакшылыгына жетет: Казага ыраазы болуу, балээ-кыйынчылыкка сабыр кылуу, рахат учурда дуба.” [Дайлами]

"Мына бул 3 нерсени кылган адам 40 олуянын бири болот: Казага ыраазы болуу, арам иш кылбоого сабыр кылуу, бугди филлах.” [Дайлами] 

"Аллаху таала: "Менин каза жана тагдырыма ыраазы болбогон, жактырбаган жана балээ-кыйынчылыкка сабыр кылбаган адам менден башка Раб издесин!” – деди.”[Табарани] 

"Йа, Рабби! Мени Сенин каза жана тагдырыңа ыраазы болгон, балээ-кыйынчылыкка сабыр кылган жана нематтарыңа шүгүр кылган адамдардан кыла көр!” деп дуба кылуунун эң сонун дубалардын бири экени билдирилген. 

Тобокел: 

Тобокел парз. Курани каримде мындай мааниде айтылган: 

"Эгер ыйманыңар болсо Аллахка тобокел кылгыла.” [Маида, 23] 

"Тобокел кылган адамга Аллах жетиштүү.” [Талак, 3] 

"Аллах тобокел кылгандарды жакшы көрөт.” [Ал-и Имран, 159] 

Эң бийик даража – Аллаху тааланын сүйүүсүнө жетүү. "Хасбияллах” сөзү Аллах мага жетет деген маанини билдирет. Ибрахим алейхиссалам отко ыргытылганда "Хасбияллах вал ниъмал вакил” деди жана кутулду. Аллаху таала Давуд алейхиссаламга минтип вахий кылды: 

"Эгер бир пенде пенделерге эмес мага чын ихласы менен тобокел кылса, ар ким ага тузак койсо да ага сөзсүз чыгуунун бир жолун ачам. Эгер бир пенде мага эмес макулукка ишенсе, бардык көтөрүлүү себептерин токтотуп, чөгүүнүн жолдорун жеңилдетем.” [Ибни Асакир] 

Даракка таянба куурайт, адамга таянба өлөт. 

Аллахка моюн сунуу, багынуу: 

Моюн сунуу, багынуу – туткун болуу, кул, пенде болуу дегендик. Аллахка моюн сунуу, багынуу да Аллахтын кулу болуу жана Анын бардык буйруктарын аткарууга даяр болуу дегенди билдирет. Анткени, мусулман деген сөз Аллахка моюн сунган, багынган адам деген маанини билдирет. Курани каримде да моюн сунууга, багынууга буюрулат: 

"Биз бир гана Аллахка моюн сундук деп айткыла!” [Бакара, 136] 

"Ааламдардын Раббине моюн сунуу менен намаз окугула.” [Анъам, 71-72] 

Балкыс ыйманын билдирүү үчүн: "Ааламдардын Рабби болгон Аллахка моюн сундум”, - деди. (Намл, 44) 

Хадиси шарифте дагы мындай деп айтылган: 

"Мына бул беш нерсе ыймандан: Аллахка моюн сунуу, тагдырына ыраазы болуу, ишин Аллахка тапшыруу, Ага ишенүү, балээ-кыйынчылыкка сабыр кылуу.” [Баззар] 

Мына ушуларды орундаган адам ыймандын туу чокусуна чыгат. 

Биз камил (толук, жетик) ыйманга ээбизби? 

Суроо: Биз жетик ыйманга жеткенибизди биле алабызбы? 

ЖООП: Ооба, кээ бир белгилери бар. Адам ушуларды карап, жетик ыйман ээси болгонун же болбогонун түшүнө алат. Мисалы, Хасан бин Мухаммед бин Хасан хазреттери мындай дейт: 

Ушул үч нерсени орундаган адам толук ыйман ээси болот: 

1-Сүйөт, бирок, сүйүүсү батылга (адашууга, жаңылыштыкка) кабылтпайт. 

2-Ачууланат, бирок, ачуусу хактан ажыратпайт. 

3-Күчтүү болгондо да акысы жок нерсеге кол сунбайт. 

Кутман сахабалар: "Биз адамдардан келчү кыйынчылыктарга сабыр кылбагандарды толук ыймандуу деп эсептечү эмес элек”, - дешет. Бир аяттын мааниси: 

"Чыныгы, асыл жакшылык – Аллахка, акырет күнүнө, периштелерге, китептерге, пайгамбарларга ишенүү, Аллахтын ыраазылыгы үчүн туугандарга, жетимдерге, кембагалдарга, жолдо калып кеткендерге, саилдерге (муктаж болуп сурагандарга), мукатеб (өз башын азат кылууну каалаган) кул [жана туткундарга] жакшы көргөн малынан сарптоо, намаз окуу, зекет берүү, келишимдеги убадаларын аткаруу, кыйынчылык, оору жана согушта сабыр кылуу.” [Бакара, 177] 

Жогорудагы аяти каримада адамды жетилдирген негиздер ачык билдирилген. Булар: бекем ыйман, жакшылык, жардам жана напсини тарбыялоо. Бул касиеттерге ээ болгон бир адам ыйман жана итикады боюнча сыдк менен сыпатталган, такыбаа менен макталган. Пайгамбарыбыз алейхиссалам: "Бул аятта билдирилген нерселерге амал кылган адам камил ыйман ээси болот”, - деп буюрду. (Тибян) 

Арамдардан сактанган жана ибадаттарын кылган адам камил ыйманга ээ болот. 

Ибадаттарын кылып, ыйманыма бир зыян келип калбасын деп корккон адам жана "күнөөлөрүм көп, ибадаттарым мени куткарбайт” деп ойлогон адамдын ыйманы күчтүү дегендик. (Баззазиййа) 

Маселеге байланыштуу хадиси шарифтердин айрымдары төмөнкүдөй: 

"Бул үч адамдын ыйманы кемелга жеткен: 

1-Эч кимдин айыптоосунан коркпой Аллахтын жолунда жүргөн, 

2-Амалына рия аралаштырбаган, 

3-Дүнүйө жана акыретке байланыштуу эки иштен дүнүйөгө эмес акыретке байланыштуу болгонун тандаган адам.” [Дайлами] 

"Төмөндөгү нерселерди кылган адам камил ыймандуу: 

1-Аллах үчүн жакшы көргөн, Аллах үчүн жек көргөн, 

2-Тили менен да Аллахты эстеген, 

3-Өзүнө жаккан нерсени башка бирөөгө да жактырган, 

4-Өзү үчүн каалабаган бир нерсени башкага да каалабаган, 

5-Жакшы нерсени гана сүйлөгөн же унчукпаган.” [Табарани] 

"Жакшы көргөн нерсесин Аллах үчүн гана жакшы көргөн адамдын ыйманы камил болот.” [Байхаки] 

"Аллахтын досторун сүйгөн жана душмандарын душман деп эсептеген адамдын ыйманы толук болот.” [Абу Давуд] 

"Ихсан ээси болгон адамдын ыйманы толук болот.” [И.Ахмед] 

"Ыйманы толук болгон момун – көркөм ахлакка ээ болгон адам.” [Табарани, Дайлами] 

"Каерде болсо да Аллаху тааланы унутпоо толук ыйманды көрсөтөт.” [Байхаки] 

"Аллахты жана Анын Расулун баарынан көп сүйгөн, сүйгөнүн Аллахтын ыраазылыгы үчүн гана сүйгөн жана отко түшүүдөн көрө капырлыкка түшүп калуудан корккон адамдын ыйманы толук болот.” [Бухари] 

"Балээ-кыйынчылыкты немат, молчулук жана ырахаттыкты коркунуч деп эсептебеген адамдын ыйманы толук болбойт.” [Табарани] 

"Кошунасы зыянынан ишенимдүү болбогон адамдын ыйманы толук болбойт.” [Баззар] 

Ыйманды жалтыратуу үчүн 

Суроо: Ыйманды кубаттандырып, жалтыратуу үчүн эмне кылуу керек? 

ЖООП: Ыйманды кубаттандырган, даамын сездирген, жалтыраткан нерселер көп. Алардын айрымдары төмөнкүлөр: 

1- Көркөм ахлактуу болуу. 

2-Дайыма Аллаху тааланы эстөө. 

3- Ихластуу болуу. 

4- Жоомарт болуу. 

5- Өз ыктыярынан сырткары чоң кыйынчылыктарга кабылуу. (Салих адам тууралуу) 

6-Арамдардан сактануу. 

7-Күфүргө кабылуудан катуу коркуу. 

8-Жакшы көргөн нерсесин Аллах үчүн жакшы көрүү, жаман көргөн несесин Аллах үчүн жаман көрүү. 

9-Салих болуу. 

10-Намазга чоң маани берүү. 

Бул маселеге байланыштуу кээ бир хадиси шарифтер төмөнкүчө: 

"Куран окуу жана Аллахты зикир кылуу ыйманды кубаттандырат.” [Дайлами] 

"Мусулман жоомарт адамдын ыйманы кубаттуу.” [Дайлами] 

"Аллахтан коркуп арамды карабаган адам ыйманынын даамын татат.” [Табарани] 

"Үч нерсе ыймандын даамын арттырат: Аллахты жана Анын Расулун баарынан артык сүйүү, өзүн сүйбөгөн мусулманды Аллахтын ыраазылыгы үчүн сүйүү жана Аллахтын душмандарын сүйбөө.” [Табарани] 

"Жакшылык кылганда сүйүнгөн, күнөө кылганда кайгырган адам ыймандуу.” [Табарани]

 "Дааратын жаңырткан адамдын ыйманы жаңырган [жаркыраган] болот.” [И. Газали] 

"Куран окуу жана зикир ыйманды кубаттандырат.” [Дайлами] 

"Каерде болсо да Аллаху тааланы унутпаган адамдын ыйманы кубаттуу.” [Байхаки] 

Эртең менен жана кечинде төмөнкү дубаны окуган адам ширктен сактанган болот жана ыйманы кубаттанат. 

"Аллахумма инни аъузу бика мин ан-ушрика бика шай-ан ва ана аъламу ва астагфиру-ка ли-ма ла-аъламу иннака анта алламулгуйуб.” [И. Ахмед] 

Эгер бир ишти тигиндей кылсак дүнүйөлүк пайдабыз боло турганы, башкача кылсак акыреттик пайдабыз боло турганы билинсе, биз болсо акыреттик пайданы тандай алсак ыйманыбыздын кубаттуу экендиги, дүнүйөлүк кызыкчылыктарды тандап жатсак ыйманыбыздын алсыз экендиги түшүнүлөт. Эгер бардык ибадаттар, соода-сатыктар, ар бир иш Аллахтын ыраазылыгы үчүн кылынып жаткан болсо ыйманды сактайт, кубаттандырат жана жалтыратат. Ыйманды сактоо үчүн ихлас менен ибадат кылуу керек. Булар жүрөктү жалтыратат. Ихлас менен улуулар менен байланышуу, мисалы, сукбаттарына катышуу, китептерин окуу, аларды ойлоо да жүрөктү жалтыратат. Жүрөгү жалтыраган адам ыйманын сактайт. 

Олуялардын баяндарын окуу, угуу сүйүүнү арттырат. Кутман сахабалардын баяндары ыйманды кубаттандырат, күнөөлөрдү ээритет. (Олуялар Энциклопедиясы) 


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш