Ислам дини » Динибиз » Ыйман жана Ислам » Ыйман деген эмне?




Ыйман деген эмне?


Ыйман - акыркы пайгамбар Мухаммед алехиссаламдын пайгамбар катары көрсөткөн нерселерин акыл, тажрыйба жана философияга таянбастан кабыл кылып, аларга ишенүү жана ыйман келтирүү дегенди билдирет. Акыл пайгамбар тарабынан билдирилген нерселерди туура деп эсептей турган болсо, бул толук жетилген акыл болуп саналат.

Пайгамбарыбыз Мухаммед алейхиссаламдын пайгамбар катары билдирген буйруктарына ишенбөө же шектенүү - куфур болуп эсептелет. Б.а., бул - Ислам динине ишенбегендикке жатат. Мындай адам "кафир" (капыр) деп аталат.

Ыйман - бул Курани каримде жана хадис экендиги так белгилүү болгон хадиси шарифтерде анык көрсөтүлгөн нерселерге толук ишенүү. Буларга ишенген адамдар "момун" жана "мусулман" деп аталат. Алар Мухаммед алейхиссаламдын үммөтү болуп эсептелет. Мухаммед алейхиссаламдын үммөтүнүн ичинде туура жолду карманган, Пайгамбар билдиргендей ыйман келтирген жалгыз бир топ бар, ал "ахли суннат вал жамаат" тобу. Мусулмандар жетимиш үч топко бөлүнөт. Алардын жетимиш экиси туура жолдон тайып "Бидат фыркасы" болгон, ал эми жалгыз бир гана топ туура жолду карманган. Ошол туура жолдогу топ "ахли суннат вал жамаат" тобу деп аталды. Бул тууралуу пайгамбарыбыз Мухаммед алейхиссалам хадиси шарифте мындайча билдирет: "Исраил уулдары жетимиш бир топко бөлүнөт, алардын жетимиши Тозокко барып, бирөө гана кутулат. Христиандар да жетимиш эки топко бөлүнөт. Алардын жетимиш бири Тозок отунда күйөт, бирөө кутулат. Бир канча убакыттан кийин менин үммөтүм да жетимиш үч топко бөлүнөт. Анын жетимиш экиси Тозокто күйүп, бирөө гана калат". Сахабалар Тозоктон кутулган топ кимдер деп сурашканда: "Тозоктон кутулган топ - менин жана сахабаларымдын жолу менен жүргөндөр", - деп жооп берди. Бул хадис төрт "Сунан" деген китебинде жазылган.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш