Ислам дини » Дубалар » Дуба текке кетпейт




Дуба текке кетпейт


Суроо: Аллаху таала Мумин сүрөсүнүн 60-аятында: "Дуба кылгыла, кабыл кылайын”, - деп билдирүүдө. Бирок, мен кылган дубалар дайым текке кетүүдө. Мунун себеби эмнеде?

Жооп

Жок, дуба текке кетпейт. Эки хадиси шарифтин мааниси:

"Раббиңер, албетте, хайа жана керем ээси. Кулдары колдорун көтөрүп бир нерсе сураганда алардын колдорун бош кайтаруудан хайа кылат.” [Тирмизи, Абу Давуд]

"Аллаху таала айтты: "Эй, адам баласы, мага шерик кошпой кулдук кыла турган болсоң амалыңдын жообун беремин. Дуба кылуу сенден, кабыл кылуу болсо менден.” [Табарани]

Аллаху таала: "Дубаңарды кабыл кыламын, колуңарды бош кайтарбаймын”, - деп билдирүүдө. Демек, дуба текке кетпейт. Бирок, биз каалаган нерсе болмоюнча дубабыз текке кетти деп ойлойбуз. Китептерде билдирилет:

Кылган дубаларыбыз менен күнөөлөрүбүз кечирилүүдө, келе турган бир балээ-кырсыктын алды алынган болууда, бир балээ же дарт жок болууда же болбосо дубаларыбыздын себеби менен сооп алуудабыз. Эки хадиси шарифтин мааниси да төмөндөгүдөй:

"Дуба кылган адам үч нерседен куру калбайт: Же күнөөсү кечирилет же дароо тилегенинин акыбетин алат, же болбосо акыретте сооп алат.” [Дайлами]

"Кул бир дуба кылганда тилеги орундалбаса ага бир хасана[сооп]жазылат.” [Дара Кутни]

Кечиккен дубалар да болот албетте. Ал дагы бекеринен эмес. Бир хадиси шарифте билдирилди:

"Момун дуба кылганда Аллаху таала Жабраил алейхиссаламга: "Тилегин дароо орундаба, мен анын үнүн жактырамын”, - деп буюрат. Фажир (күнөөкөр) дуба кылганда: "Мунун тилегин дароо орунда, мен анын үнүн жактырбаймын”, - деп буюрат.” [Ибни Нажжар]

Аллаху таала дубаны кабыл кылууну кечиктирип жаткан болсо демек көп нимат берет. Ошондуктан, шашылып, дубам эмнеге кабыл болбой жатат деп айтпоо керек. Бир хадиси шарифтин мааниси:

"Күнөө болгон бир нерсе үчүн же туугандык байланыштын үзүлүшү үчүн дуба кылмайынча же шашылып: "Дуба кылдым да кабыл болбоду” деп айтмайынча кылынган дуба кабыл болот.” [Муслим]

Суроо: Диний бир сухбаттан чыккан адамдын күнөөлөрү кечирилеби?

Жооп

Эгер ал сухбатта динге каршы нерселер айтылбаган болсо, албетте, күнөөлөр кечирилет. Имам Раббани хазреттери: "Салихлер менен бирге болгон адам ыйманын коргогон болот”, - деп билдирүүдө. Табииндин улууларынан Сабит бин Аслам хазреттери айтат: "Бир мусулман Аллаху таала эстелген жерге тоолордой көп күнөө менен кирсе, чыккан кезде үстүндө кымындай да күнөө калбайт. Момун кыямат күнү Аллаху тааланын алдында турат. Аллаху таала ага: "Эй, кулум! Сен дүнүйөдө мага ибадат кылган кулдарым менен бирге ибадат кылчу белең?” - деп сураганда ал момун: "Ооба, алар менен бирге мен дагы ибадат кылчу элем эй Рабби!” – дейт. Дагы Аллаху таала: "Эй, кулум, дүнүйөдө мага дуба кылып жалбарган жана мени зикир кылып эстеген кулдарым менен бирге сен дагы жалбарып мени эстедиңби?” - деп сурайт. Ал момун дагы: "Ооба, эй Рабби!” - деп жооп берет. Ошентип, Аллаху таала: "Иззатымдын акысы үчүн мени зикир кылып, эстеген ар бир жерде мен да сени эстедим. Кайда дуба кылып, жалбарган болсоң ал дубаңды кыбыл кылдым”, - деп айтат”. Сабит бин Аслам хазреттери төмөндөгү хадиси шарифти билдирди:

"Момундун эч бир дубасы кабыл кылынбай калбайт. Же күнөөсү кечирилет, же кайырлуу натыйжасын көрөт [мисалы, келе турган балээнин алдын алат] же болбосо акыретте натыйжасын көрөт.” [Дайлами]


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш