Ислам дини » Дубалар » Бисмиллахтын пазилети




Бисмиллахтын пазилети


Суроо: Аузу жана Бисмиллахтын (Аузубиллахиминашшайтанирражим Бисмиллахиррахманиррахим) мааниси кандай?

Жооп

Аузубиллахиминашшайтанирражим – "Аллахтын ырайымынан узак болгон жана каар-азабына учурап, дүнүйөдө жана акыретте хэлак болгон (куруган) шайтандан Аллаху таалага сыйынамын, коргономун, жардам күтөмүн. Ага жалбарып кайрыламын” деген маанини билдирет.

Бисмиллахиррахманиррахим - "Бар болгон бардык нерсеге аны жаратуу менен жана жашоодо кармап туруу менен, жок болуудан коргоо менен жакшылык кылган Аллаху тааланын жардамы менен бул ишимди кыла алуудамын” деген маанини билдирет.

Бисмиллахтын пазилеттери

Суроо: Бисмиллахтын пазилеттери кандай?

Жооп

Алгач жазылган бул - Бисмиллах. Адам алейхиссаламга алгач келген нерсе – Бисмиллах. Момундар Бисмиллахтын жардамы менен Сырат көпүрөсүнөн өтүшөт. Бейишке чакыруу кагазында Бисмиллах жазылган.

Хадиси шарифтерде айтылды:

"Устаз балага Бисмиллах окуса бала дагы кайталап айтса Аллаху таала баланын эне-атасы жана устазы үчүн Тозокко кирбейт деп жаздырат.” [С. Абадиййа]

"Курани каримдин ачкычы – Бисмиллах.” [С. Абадиййа]

"Бисмиллах ар китептин ачкычы.” [Хатиб]

"Бисмиллах менен желген тамак берекелүү болот.” [Ибни Мажа]

"Бисмиллах менен башталбаган бардык маанилүү иштер кемчиликтүү болот.” [Байхаки]

"Үйгө кирип баратканда Бисмиллах окулса шайтан "Бул үйгө кирүүмө мүмкүнчүлүк жок” деп артына кайтып кетет.” [Тибйан]

"Амал дептеринде 700 Бисмиллах бар болгон адамды Аллаху таала Тозоктон чыгарат.” [Таргиб-ус-салат]

"Бисмиллах менен жазуу жазган адамдын муктаждыгы кетет, Аллаху таала дагы андан ыраазы болот.” [Дайлами]

"Ишин Бисмиллах менен баштаган адамдын күнөөлөрү кечирилет.” [И. Рафии]

"Тамакты Бисмиллахты айтып жеп, аягында Алхамдулиллах деген адамдын дасторкондон тура элегинде күнөөлөрү кечирилет.” [Табарани]

"Кыйынчылыкка дуушар болго адам "Бисмиллахиррахманиррахим ва ла хавла ва ла куввата илла биллахил алиййил азыим” деп айтса ар түрлүү кыйынчылыктан кутулат.” [Дайлами]

"Миң жолу Бисмиллахты окуган адамдын төрт миң чоң күнөөсү кечирилет.” [Таргиб-ус-салат]

"Бисмиллах жазылган бир кагазды жерден алып койгон адам сыддыктардан деп жазылат.” [Таргиб-ус-салат]

"Бисмиллахсыз атыр себинген адам шайтандарга да атыр сепкен болот.” [Ибни Сүнни]

"Шайтандан коргонуу үчүн тамакты Бисмиллах менен баштагыла.” [Табарани]

"Суу ичерде Бисмиллахты оку, ичип бүткөндө да Алхамдулиллах де жана үч демде ич!” [Ибни Сүнни]

"Тамакты баштарда Аллаху тааланын атын эстегиле, б.а., Бисмиллахты окугула! Башында Бисмиллахты окууну унуткан адам эсине келгенде "Бисмиллахи ала аввалихи ва ахирихи” десин!” [Абу Давуд, Тирмизи, Хаким]

"Тамакты баштаган адам Бисмиллахи десин. Бисмиллахи дегенди унутуп койгон болсо эстегенде "Бисмиллахи аввалуху ва ахираху” десин.” [Ибни Мажа]

"Шайтандан коргонуу үчүн тамак жегенде, эс алып жатканда жана түндө жатарда Бисмиллахты окугула!” [Табарани]

"Ажатканага кирип баратканда окулган Бисмиллах жиндердин көзүнө парда болот, аврат жерлерди көрө алышпайт.” [Тирмизи]

"Эшигин Бисмиллах менен жапкан адам шайтандан коргонот. Бир чыбык менен болсо дагы идиштерди Бисмиллах менен жаап койгула!” [Ибни Хиббан]

"Шайтан Бисмиллах айтылбаган тамакты өзүнө халал деп көрөт.” [Муслим]

"Шайтандан коргонуу үчүн үйгө кирип баратканда салам бергиле жана тамакты Бисмиллахты айтып жегиле!” [Табарани]

"Үйдөн чыгып баратканда "Бисмиллахи таваккалту алаллах, ла хавла ва ла куввата илла биллах” деп айткан адам коркунучтардан коргонот жана шайтан ал адамдан алыстайт.” [Тирмизи]

"Эй, Расулуллах! Канча көп жесек дагы тойбой жатабыз, тамагыбыздын берекеси болбой жатат”, - деп айтышты. Расулуллах: "Тамакты өзүнчө бөлөк жебей бирге жеп, Бисмиллах айтылса берекелүү болот.” – деп жооп берди. (Ибни Мажа)

Расулуллах алейхиссалам хазреттери Бисмиллахты айтып, сууну үч дем менен иччү, ичип бүткөндө Алхамдулиллах дечү. (И. Сүнни)

Суроо: Иштерди баштап жатканда кыскача Бисмиллах десе жетиштүү болобу?

Жооп

Жетиштүү болот. ["х” тамгасы белгилүү болушу үчүн] "Бисмиллахи” деп айтса андан да жакшыраак болот.

Бисмиллах менен башталган иш бүткөндө да "Алхамдулиллах” деп айтуу керек, б.а., Аллаху таалага шүгүр кылуу керек!

Ибрахим сүрөсүнүн: "Шүгүр кылсаңар, албетте, ниматтарымды арттырамын” деген маанидеги жетинчи аяты менен "Аз-көп бир ниматка жеткен адам "Алхамдулиллах” десе Аллаху таала ал адамга ошол ниматтан да жакшыраагын берет” жана "Жеп-ичкенден кийин "Алхамдулиллах” деген адамдан Аллаху таала ыраазы болот” деген маанидеги хадиси шарифтер ниматтарга шүгүр кылынса колдогу ниматтын жок болушунан кутула турганын жана жаңы ниматтардын да берилишине себеп боло турганын билдирүүдө. (Т. Гафилин)

Бисмиллах менен баштоо

 

Суроо: Ар бир кайырлуу ишти Бисмиллах менен баштоо керек болгондой эле каттарды, почталарды дагы Бисмиллах менен баштоо керек эмеспи?

Жооп

Бисмиллахты Ислам тамгалары менен жазуу керек. Бирок, Бисмиллах азыркы каттарда жерлерге ташталып кетүү ыктымалы болгондуктан каттарга жазбаган жакшыраак болот. Почталарда жана каттарда Ислам тамгалары менен жазылган түрүн латын тамгалары менен аралаштырып жазбаш керек. Ислам тамгалары менен жазылган каттарды жана Ислам тамгалары менен жазылган почталарды окуп жатканда Бисмиллахты айтуу сүннөт. Улуу Ислам аалымы Дост Мухаммед Кандихари хазреттери 29-чу катында мындай дейт:

 "Пайгамбарыбыз алейхиссалам каттарынын башында Бисмиллахиррахманиррахим келимесин жазчу. Мисалы,  Дыхйа-и Калби хазреттери аркылуу Рум башчысы Гераклиус жиберген катты Бисмиллах менен баштоо сүннөт. Худайбийа тынчтык келишиминде Хазрети Алиге Бисмиллахты жазуусун буюрду.”

Ар бир кайырлуу ишти Бисмиллах менен баштоо керек.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш