Ислам дини » Дубалар » Тообо истигфар кантип кылынат?




Тообо истигфар кантип кылынат?


Суроо: Тообо истигфар деген эмне, ал кантип кылынат?

Жооп

Истигфар кылуу "астагфируллах” деп айтуу болуп саналат. Тообо бул - харам болгон бир ишти кылгандан кийин катуу өкүнүп, Аллаху тааладан коркуу, кайра ал харам ишти кылбоого ниеттенүү, чечим чыгаруу. Хадиси шарифтерде айтылды:

"Тообо күнөөдөн кийин кайра ал күнөөнү кылбоо дегенди билдирет.” [И. Ахмед]

Күнөөдөн кийин дароо тообо кылуу - фарз. Тообону кечиктирүү да чоң күнөө. Ошондуктан, ага да айрыкча тообо кылуу керек. Курани каримде мындай деп билдирилди:

"Аллахка тообо кылгыла!” [Нур сүрөсү, 31]

"Аллаху таала тообо кылгандарды сүйөт.” [Бакара сүрөсү, 222]

"Аллаху таалага насух тообо кылгыла!” [Тахрим сүрөсү, 8]

Насух деген сөзгө 23 маани берилген. Бул маанилерден эң белгилүүсү күнөөлөргө катуу өкүнүп, истигфар кылуу жана кайра ал күнөөнү кылбоого чечим чыгаруу. Насух тообонун эмне экенин сураган кишиге Пайгамбарыбыз алейхиссалам мындай деп жооп берди:

"Насух тообосу бул – күнөөкөрдүн кылган күнөөсүнө катуу өкүнүүсү, Аллахтан магфират (кечирим) суроосу, андай күнөөнү кайра кылбоосу дегенди билдирет.” [Байхаки]

Истигфардын өтө көп артыкчылыктары бар. Курани каримде мындай мааниде билдирилди:

"Истигфар окугула! Жардам беремин.” [Худ сүрөсү, 52]

Хадиси шарифтерде:

"Аллаху таала күнөө кылып, кайра өкүнгөн адамды истигфар кыла электе эле кечирет.” [Табарани]

"Кичине күнөөлөрдү кыла бергенде кичинелиги жок болот. Чоң күнөөлөргө истигфар кылынса чоңдугу жок болот. [Дайлами]

"Истигфар кылган күндө 70 жолу ошол эле күнөөнү кылса муну уланткан болуп эсептелбейт" [Тирмизи]

"Күндө 70 жолу истигфар кылгандын 700 күнөөсү кечирилет.” [Байхаки]

"Истигфарды улантканды Аллаху таала дарттардан, кыйынчылыктардан куткарат. Күтпөгөн жерден ырыскы берет.” [Насаи]

"Бир момун күнөө кылганда периште үч саат күтөт, эгер ал момун истигфар кылса ал күнөөнү жазбайт.” [Хаким]

"Күнөөңөр көп болуп, асманга чейин жеткен болсо, өкүнө турган болсоңор Аллаху таала тообоңорду кабыл кылат.” [Ибни Мажа]

"Күнөөлөр жүрөктү дат бастырат, карайтат. Жүрөктөрдүн нуру бул – истигфар.” [Байхаки]

"Дарттарыңарды жана дабасын билдирейин. Дарттарыңар - күнөөлөр, дабасы болсо - истигфар.” [Хаким]

"Бир күнөөкөр истигфар кылат, анан күнөөнү кайра кылат, анан истигфар кылат. Үчүнчүсүндө кайра кылат, дагы тообо истигфар кылса, төртүнчү жолу ал күнөөнү кайра кылганда гана чоң күнөө жазылат.” [Дайлами]

"Күнөө кылууну улантып, тили менен гана истигфар кылган бирөө Раббисин мазактаган болот.” [Байхаки]

"Баары күнөө кылат. Бирок, күнөөкөрлөрдүн эң жакшысы - тообо кылганы.” [Хаким]

"Күнөөлөрүнө катуу өкүнүп, даарат алып, намаз окуган жана күнөөсү үчүн истигфар кылган адамды Аллаху таала кечирет.” [Насаи]

"Кыяматта амал дептеринде көп истигфар болгон адамга сүйүнүчтөр болчун!” [Байхаки]

Пайгамбарыбыз алейхиссалам: "Астагфируллахалазыим аллази ла илаха илла хуваррахмануррахим ал-хайй-ул-каййумуллази ла-йамуту ва атубу илайх Раббигфир ли” истигфарын 25 жолу окуган адамдын бөлмөсүндө, үй-бүлөсүндө, үйүндө, жана шаарында кырсык, балээ болбойт”, -деп айтты. Бул истигфарды айрыкча ар күнү таңда жана кечинде дагы үч жолу окууга тийиш. [Күндө 25 жолу окуу керек, айрыкча, таңда жана кечинде үч жолу окуу керек] Аалымдардын көпчүлүгү шакирттерине жана перзенттерине муну окууну айтышкан жана көп пайдасын көрүшкөн. Бул ниматтарга жете алуу үчүн Ахли сүннөт ишениминде болуу жана динибиздин буйрук жана тыюуларын сактоо шарт. Итикады (ишеними) бузук болгон адамдын, бидатчылардын окуусунун пайдасы болбойт. (Маарижулхидайа)

Ахли сүннөт итикадында болуу, кул акыларын жана казаларын өтөө жана харамдардан баш тартуу шарты менен Жума күнү багымдат намазынан мурда төмөндөгү дубаны окуган адамдын бардынк күнөөлөрүнүн кечириле тургандыгы хадиси шариф аркылуу билдирилди. Дуба:

"Астагфируллахалазыим аллази ла илаха илла хувал хаййал каййума ва атубу илайх.” [Рамуз]

Күнөөгө өкүнүү

Тообону истигфардан мурда кылуу керек! Тообо - жаман нерседен баш тартып, жакшы нерсеге кайтуу дегенди билдирет. Истигфар - күнөөнүн жамандыгын көрүп, андан баш тарткандан кийин кечирим талап кылуу. Хадиси шарифте: "Өкүнүү тообо болуп саналат”, -деп билдирилди. (Хаким)

Кылынган күнөөлөрдү ар эстеген сайын истигфар кылуу керек! Күнөөлөрдү эстеген сайын истигфар улантыла турган болсо өткөн күнөөлөр кечирилет.

Тообо кыла алуу Аллаху тааланын чоң ниматтарынан бири болуп саналат. Дагы күнөө кылып койом го деген кабатыр менен тообону кечиктирбөө керек! Анткени, хадиси шарифте: "Анан кыламын дегендер куруду”, -деп айтылды. Тактап айтканда, тообону жана башка жакшы иштерди кечиктиргендер, бүгүнкү ишти эртеңкиге калтыргандар алданды, зыян кылды. (И. Газали)

Күнөө кулдун көзүнө кичине болуп көрүнүшү мүкүн, бирок, Аллахтын алдында чоң болушу мүмкүн. Кул кичине күнөөсүн чоң деп билгенде ал күнөө Аллаху тааланын алдында кичирейет. Момун ыйманы жана илими менен кичине күнөөлөрдү дагы чоң деп билет. Качан күнөө кылганда жүрөгү сыздайт. Хадиси шарифтерде мындай деп айтылды:

"Момун күнөөсүн тоодой көрүп, үстүнө кулап кетүүсүнөн коркот. Мунафык болсо мурдунун үстүнө конуп кайра учуп кетчү чымын сыяктуу көрөт.” [Бухари]

Күнөө кылганын билүү

Андай болсо күнөө кылганын билүү чоң нимат. Бул адамдын ыймандуу экенин көрсөтөт. Аллаху тааланын акысы болгон күнөөлөргө тообо кылуу керек, катуу өкүнүү керек, күнөөдөн баш тартып, кафарат болушу үчүн көп сооп иш кылуу керек! Хадиси шарифте айтылды:

"Күнөө кылганда артынан аны жок кыла турган сооп иш кыл!” [И. Газали]

Кул акылары үчүн ээлерине жакшылык жана дуба кылуу керек! Акынын ээси өлгөн болсо ал адамды дуба менен эскерип, бала-бакырасына жана мурасчыларына жакшылык кылуу керек! Күнөөлөрү үчүн истигфар кылууну улантуу керек!

Хадиси шарифтерле айтылды:

"Истигфарды улантканды Аллаху таала бардык кыйынчылыктардан куткарат, күтпөгөн жерден ырыскы берет.” [Насаи]

Бирөө күнөө кылганда Аллаху тааланын ал күнөөнү көргөнүн билсе Аллаху таала кулунун өзүн эстегени үчун күнөөсүн кечирет. Хадиси шарифте айтылды:

"Кылган күнөөсүн Аллаху тааланын билип турганына ишенген адам күнөөсүнө тообо кылбаса дагы Аллаху таала аны кечирет.” [Табарани]

Кылган күнөөсүн Аллаху тааланын билип турганына ишенген адам Аллахка ишенет. Аллаху таалага ишенген адам күнөө кылганда күнөөсүн Аллаху таала көрүп турганы үчүн уялат жана кааласа да, каалабаса да өкүнөт. Өкүнүү болсо тообо болуп саналат. Тообо кылган адамды Аллаху таала кечирет. Хадиси шарифтерде айтылды:

"Эй, Рабби! Жакшылык кылганда куш кабар кылынган, жамандык кылганда истигфар кылгандардан кыла көр!” [Бухари]

"Жатканда 3 жолу "Астагфируллахалазыим аллази ла илаха илла хув ал-хаййал-каййума ва атувбу илайх” дегендин күнөөлөрү деңиз көбүктөрү сыяктуу көп болсо дагы кечирилет.” [Тирмизи]

"Раббим, Сени жаман сыпаттардан танзих кыламын. Жаман иштерди кылдым. Сенден башка күнөөлөрүмдү кечирүүчү жок. Мени кечире көр!” дегендин кумурскаларлардын санындай көп күнөөсү болсо дагы Аллаху таала кечирет.” [Байхаки]

"Эй, кулдарым! Коргогондоруман башка баарыңар күнөөкөрсүнөр. Менден кечирим сураганды кечиремин. Кечирүүгө кадыр экениме ишенгенди кечиремин.” [Тирмизи]

"Күнөөлөрдөн сактанбаганды Аллаху таала да [дүнүйө жана акыретте кырсыктардан] сактабайт.” [И. Хузайма]

"Момундар үчүн күндө 25 жолу истигфар окугандын жүрөгүнөн душмандык, куулук жана көралбастык чыгат. Аты олуялардын арасына жазылат. Ага бардык мусулмандардын саны канча болсо ошончо сооп берилет. Кыяматта бардык момундар: "Эй, Рабби! Бул кулуң биз үчүн истигфар окуду. Сен дагы аны кечире көр!” - деп айтышат.”

Момундар үчүн истигфар:

"Аллахуммагфир-ли валивалидаййа вали устазиййа валил-муминина вал-муминат, вал-муслимина вал-муслимат, ал-ахйа-и минхум вал-амват, бирахматика йа архамаррахимин.” [Мифтах-ун-нажат]

Күнөө кылууну уланткан адам унутчаак болот, жиндилик белгилери көрүнө баштайт, акылы да азаят. Хадиси шарифте айтылды:

"Күнөө кылгандын бир акылы кетет, кайра кайтып келбейт.” [И. Газали]

Күнөөлөрдүн бардыгы Аллаху тааланын буйругун аткарбоо болгондуктан чоң болуп саналат. Бир хадиси шарифте: "Кичине бир күнөөдөн качуу бардык жин жана адамдардын [нафил] ибадаттарынын топтомунан да жакшыраак”, -деп билдирилди. Ар бир күнөө Аллаху таалага каршы чыгуу болгондуктан чоң болуп саналат, бирок, айрымдары башкаларына караганда кичине көрүнөт. Бир кичине күнөөнү кылбоо бардык ааламдын нафил ибадаттарынан көбүрөөк сооп. Анткени, нафил ибадат фарз эмес. Күнөөлөрдөн сактануу болсо фарз. (Рыйад-ун-насыхин)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш