Ислам дини » Дубалар » Тамактан кийин кантип дуба кылынат




Тамактан кийин кантип дуба кылынат


СурооТамактануу алдында Бисмиллах айтуу фарзбы?

ЖООП

Фарз эмес. Такмактануу алдында Бисмиллахиррахманиррахим деп айтуу жана акырында Алхамдулиллах деп айтуу – сүннөт. (Хиндиййа)

Хадиси шарифте айтылган:

«Тамактан кийин «Ал-хамдулиллахиллази атамана хазаттаама ва разакана мин гайри хавлин минна ва ла куввах» деген дубаны окугандын күнөөлөрү кечирилет». [Абу Давуд]
«Бири ичип-жегенден кийин «Алхамдулиллахиллахи атамани ва ашбаани ва сакани ва арвани» деген дубаны окуса энеден төрөлгөн күнкүдөй күнөөсүз болот» [Ибни Сунни]
Пайгамбарыбыз алейхиссалам тамактан кийин «Ал-хамду-лиллахиллази ва сакана ва жаалана муслимин» деп дуба кылчу. (Тирмизи)

Тамактан кийин жогорудагы дубаларды дагы ичине камтыган мына бул дубасы окуса жакшы болот:

"Ал-хамду-лиллахиллази ашбаана ва арвана мин гайри хавлин минна ва ла куввах. Аллахумма ат'имхум кама ат'амунаАллахуммарзукна калбен такыййен, минешширки бериййен ла кафирен ва шакыййен валхамдуллихи раббилалемин»

Тамак дубасынын мааниси:

Биздин күчүбүз, кубатыбыз жок болбосо да бизди ниматтары менен тойгузган жана суусуздугубузду кандырган Аллаху таалага хамд болсун. Йа, Рабби, бизге бул тамактын даярдалуусунда эмгеги сиңген жана бизге бул ниматтарды тартуулагандарга сен да тартуула. Йа, Рабби, биздин көңүлүбүздү ширк, куфур жана жамандыктан корго. Бизге динибиздин буйруктарына баш ийген көңүл насип кыл.

Шүгүр дубасы:

Ар таңда бир жолу «Аллахумма ма эсбаха би мин ниматин эв би-эхадин мин халкыке, фе минке вахдеке, ла шерике леке, фе лекел хамду ве лекешшукр» деш керек. Ар кечте «Ма асбаха» дегендин ордуна «Ма эмса» деп бардыгын ошондой эле окуш керек. Пайгамбарыбыз «саллаллаху алейхи ва саллам» айткан: «Бул дубаны күндүз окуган ошол күндүн шүгүрүн кылган болот. Түнү окуганда ошол түндүн шүгүрүн өтөгөн болот». Даарат менен окуу шарт эмес. Ар күн жана ар түнү окуу керек. [Бул шүгүр дубасы жогорудагы тамак дубасына кошулуп окулса жакшы болот.]

Шүгүр дубасынын мааниси:

Йа, Рабби, мага жана калган жараткандарыңа берген материалдык жана руханий ниматтарың таңга (кечке) чейин биздин жаныбызда болуусу бир гана Сенден. Сенин ортогуң жок. Сага хамд жана шүгүр кылабыз. 

СурооТамак дубасын үн менен окуу жаизби?

ЖООП

Билбегендерге үйрөтүү үчүн ар дубаны үндү чыгарып окууга болот. 

Суроо«Ислам Ахлагы» китебинде: «Расулуллах тамактан кийин дуба кылып жаткан кезде колдорун көтөрчү эмес жана колдорун жүзүнө сүрчү эмес», - деп жазылган. Колдорду ачпастан жана алаканды жүзүбүзгө сүргөн сыяктуу кылуунун зыяны барбы? 

ЖООП

Зыяны жок.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш