Ислам дини » Дубалар » Албасты (албарсты) үчүн окулчу дуба




Албасты (албарсты) үчүн окулчу дуба


Суроо: Албарсты деген эмне жана андан кутулуу үчүн эмне кылыш керек?

ЖООП

Албарсты медицинада уйку параличи деп да айтылат. Доктурлар кан айлануусундагы иретсиздиктен жана психологиялык чыңалуудан улам болгондугун түшүндүрүү менен мындай дешет: «Уйку маалында физиологиялык паралич абалы болот, мындай маалда булчуңдар иштебейт. Адам уйкудан ойгонгондо кыймылдай албай жана үн чыгара албай калат. Үстүбүздө бир оор нерсе бар сыяктуу болот. Бираздан кийин өзүнөн өзү өтүп кетет.

Албарстыдан кутулуу үчүн даарат менен жатып, Аузу Бисмиллах окуп оң капталы менен кыбыланы беттенип жатып, оң алаканды оң жаактын алдына коюш керек. Аятал курси, үч Ихлас, кийин Фатиха жана бир жолудан эки Кул аузуну окуш керек. Кийин үч жолу «Астагфируллахал азим аллази ла илаха илла ху» деп окуп, үчүнчүсүнө «ал хайййал каййума ва атубу илайх» деп кошуу керек.

Ли илафи деп башталган Курайш сүрөсүн түнү жатарда 11 жолу окуу керек.

Төмөндөгү хадиси шарифтерде билдирилген дубаларды окуш керек:

«Бисмиллахиллази ла йадурру ма’асмихи шай’ун фил арды ва ла фиссамаи ва хувас-сами’ул алим» деген дубаны таңда 3 жолу окуганга кечке чейин, ал эми кечинде окуганга таңга чейин эч балээ жолобойт.» [Ибни Мажа]

«Аузу бикалиматиллахиттаммати мин шарри ма халака» деген дубаны окуганга ал жерден турганга чейин эч бир нерсе зыян тийгизе албайт.» [Муслим]

Аят хырзды дагы кырк күндөн ашык окуу керек жана дайым жанында алып жүрүү керек.

Бир доктурга кайрылып, коркууга каршы таблеткаларды алуу дагы пайдалуу болот.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш