Ислам дини » Дубалар жана маанилери » Күнүмдүк орундала турчу адептер жана дубалар




Күнүмдүк орундала турчу адептер жана дубалар


Ар күнү жатарда Ясин жана Табарака сүрөсүн оку!

Уктоо адеби

Даарат менен Аузу бисмилах айтып, жүздү кыбылага каратып, оң тарап менен жаткан соң тизелер бүгүлөт, оң алакан оң бетинин астына коюлат. Кийин ар биринде бисмиллах айтып:

Аятал курси;

3 жолу Ихлас;

Фатиха;

Муаввизетейн (Фалак жана Нас)

3 жолу "Эстагфируллах-эл-азим, эл-керим, эл-лези ла илахе иллаху(эл-хаййул каййумэ вэ этувбу илейх)” кашаанын ичиндеги бөлүгү үчүнчү жолу айтылып жатканда окулат.

10 жолу "Ла хавле вэла куввэте илла биллах” онунчусунда кошумча кылып "-хил алиййул азим эллези ла илахе иллаху” деп окулат.

Багымдат намазына тура алуу үчүн адалдан тамактануу жана саатты керектүү убакытка коюу керек. Андан тышкары үч жолу Кавсар сүрөсүн окуу керек.

Уйкудан туруу адеби

"Бисмиллахи ве биллахи тевеккелтү алеллахи ла хавле ве ла куввете илла биллахил алиййил азим” делет.

Ажатканага кирүү адеби

Кирип баратканда "Бисмиллахиррахманиррахим” деп, сол бут менен кирилет.

Чыгып баратканда оң бут менен чыгып, "Алхамдулиллах” деп айтылат.

Үйдөн чыгуу адеби

Ниет. Алгач "Ниет кылдым Аллаху тааланын ыраазылыгы жана сүйүүсүнө жетүү үчүн, ырыскымды адалдан табууга; Аллаху таалага ыкылас жана ырахаттык менен ибадат кыла алууга, Ал сүйгөн Ислам динин кулдарына жеткирүүгө, Ага душман болгондордун жеңилүүсүн камсыз кылуу максатында жалгыз Ага гана ишенип, милдетимди аткаруу үчүн барууга”, – деп ниет кылынат.

"Рабби йессир вала түассир, Рабби теммим бил хайр.”

"Бисмиллах, тевеккелтү алеллах ла хавле ве ла куввете илла биллахи.”

"Ла илахе иллаллахү вахдехү ла шерике лех. Лехүл мүлкү ве лехүл хамдү йухйи ве йүмит ве хуве хаййун ла йамут, би йедихил хайр ве хуве ала күлли шейин кадир.”

3 жолу "Бисмиллахиллези ла йедүррү меасмихи шейүн фил арды ве ла фиссемаи ве хувес-семиул алим” окулат.

Аятал курси окулат.

11 жолу Курайш сүрөсү окулат.

11 жолу Ихлас сүрөсү окулат.

Муаввизетейн окулат.

"Аллахумме ма эсбаха (эмса” би мин ниметин эв би эхадин мин халкике фе минке вахдеке ла шерике леке фелекел хамдү ве лекеш-шүкр. Велхамдулиллахи раббилалэмин.”

Беш убак намаздардан кийин

"Аллахумме энтесселам ве минкесселамү...” деген соң үч жолу "Эстагфируллахэлазим эл керим эллези ла илахе иллахү элхаййүл каййүм ве этубу илейх” окулат.

Айетал күрси, анан 33 "сүбханаллах”, 33 "элхамдүлиллах”, 33 "Аллаху экбер” окулат. Анан "Ла илахе иллаллахү вахдехү ла шерике лех лехүл мүлкү ве лехүл хамдү йүхйи ве йүмит ве хүве хаййүн ла йамүт, бийедихил хайр ве хүве ала күлли шейин кадир. Эузү бисмиллах менен Сүбхане раббийел алиййил алел вэххаб” окулуп, анан дуба кылат.

Салаватү шерифе (салли-барик), Раббена атина... окулат.

11 жолу Ихлас сүрөсү окулат.

Муаввизетейн окулат.

67 жолу "эстагфируллах” айтылып, 67-чисинде "...-эл керим эллези ла илахе иллахү элхаййүл каййүм ве этубу илейх” кошуп окулат.

10 жолу "Сүбханаллахи ве би хамдихи, сүбханаллахил азыйм” окулат.

НАМАЗДАН КИЙИН ОКУЛЧУ ДУБА

Элхамдүлиллахи Раббил-алемин, эссалатү весселаму ала расулина Мухаммедин ве ала алихи ве сахбихи эжмаин.

Йа, Рабби, окуган намаздарымды кабыл кыл! Акыр жана акыбетибизди кайырылуу кыл! Акыркы демибизде калимаи тавхид айтуубузду насип кыл! Кайтыш болгондорубузду кечире көр!

Аллахуммагфир верхам ве энте хайруррахимин. Тевеффени мүслимен ве эл хыкни биссалихин. Аллахүммагфир ли вели валидеййе ве лил-мүминине вел мүминат йевме йекумул хисаб.

Йа, Рабби, бизди шайтан, душман жана напсибиздин жамандыктарынан сакта! Үйүбүзгө жакшылыктарды, кайырылуу жана берекелүү ырыскыларды бере көр! Мусулмандарга саламаттык бере көр! Дин душмандарын каарың менен жексен кыла көр! Исламиятка кызмат кылып жаткан мусулмандарга Өзүң жардам бере көр!

Аллахумма иннеке афүввүн керимүн түхиббул авфе фафүанни.

Йа, Рабби, оорулууларыбызга шыпаа, дарты барларга дабаа бере көр! Аллахүмме инни эсэлүкес-сыххате велафийете вел-эманете ве хуснел-хулкыверридаэ билкадери би рахметике йа эрхамеррахимин.

Риядан, бүлүктөн, ынтымаксыздыктан, ар түрдүү оорудан, кырсыктан, балээден, жалкоолуктан, алсыздыктан, кордуктан, зулумдан, жолдон тайдыра турган байлык жана кедейликтен, шайтан жана напсинин жамандыгынан, душмандын жеңишинен, жаман мүнөздөн, бидат иштерден, жүзүкаралыктан, ыкылассыз амалдан, ар түрдүү күнөөдөн, куфурга түшүп калуудан, жаман өмүрдөн, өлүм учурунда келе турчу фитналардан, динибизге, дүнүйөбүзгө зыян бере турган нерселерден бизди коргой көр!

Чыныгы ыйман, көркөм мүнөз, шүгүр кылуучу жүрөк, зикир кылуучу тил, тагдырга ыраазы болуучу кайрылуу өмүр, аз жеп-ичүү, аз уктоо, аз сүйлөө, аз күлүү жана көп кызмат кылууну, кабыр азабынан жана акырет коркунучтарынан кутулууну, өмүр бою ыраазычылыгыңа ылайык иш кылууну, шейит сыпатында кайтыш болууну жана акыркы демде ахли сүннөт ишенимине ылайык ыйман келтирүүнү жана тообо кылууну насип кыла көр!

Йа, Рабби, бизге Өзүңдүн сүйүүңдү, Сен сүйгөндөрдүн сүйүүсүн, сүйүүңө жеткире турчу амалдардын сүйүүсүн насип кыла көр! Илимибизди, ыкыласыбызды, жөндөмдүүлүгүбүздү арттыра көр, мурат жана мухластардан болуубузду насип кыла көр, бизди жоомарт, берешен пенделериңен кыла көр!

Эне-атабызга, перзенттерибизге, тууган-уруктарыбызга жана бардык дин бир туугандарыбызга кайырылуу өмүр, көркөм мүнөз, аклы салим, ден-соолук, хидаятка жеткирчү жол жана ал жолдо бекем болууну насип кыла көр, йа Рабби! Амин.

Велхамдү лиллахи Раббилалемин. Аллахүмме салли ала..., Аллахүмме барик ала... Аллахүмме раббена атина... Велхамдү лиллахи Раббилалемин. Эстагфируллах, эстагфируллах, эстагфируллахелазим элкерим эллези ла илахе иллаху эл хаййел-каййуме ве этубу илейх.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:

Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш