Ислам дини » Дубалар » Истихара кантип кылынат




Истихара кантип кылынат


Суроо: Истихара деген эмне жана истихара намазы кантип окулат?

ЖООП

Истихара – бул бир иштин ал адам үчүн кайырлуу болобу же болбойбу мына ошону түшүнүү үчүн даарат алып эки рекет намаз окугандан кийин бул тууралуу дубаны окуп ал ишке байланыштуу түш көрүү үчүн уйкуга жатуу.

Имам Газали хазреттери мындайча буюрат:

Төрт нерсени орундаган адам төрт нерседен куру калбайт:

1- Шүгүр кылган адам жакшылыктын артуусунан,

2- Тообо кылган адам кабыл болуусунан,

3- Истихара кылган адам жакшылыктан,

4- Истишара кылган (кеңешкен) адам туураны табуудан, акыйкатка жетүүдөн куру калбайт.

Кандайдыр бир ишти баштоодо, мисалы, үйлөнөрдө, үй аларда истихара кылуу керек. Хадиси шарифте буюрулду:

"Бактылуулук истихара намазын окуу менен орундалат.” [Хаким]

Үйлөнүүдөн мурда бир нече ирет истихара кылуу керек, Хак таалага жалбаруу керек. Напсинин жана жаман бирөөлөрдүн ортого кирип кетпөөсү үчүн жалбаруу керек. Салих, ишенимдүү адамдар менен кеңешкенден кийин истихара кылуу керек.

Бир ишти баштаарда же бир нерседен кутулууну каалаган кезиңизде эки рекет нафил намаз окуп [төмөндө көрсөтүлгөн арапча дубаны окуп]: «Эгер бул ишим, [мисалы, баланча адам менен үйлөнүүм же баланча үйдү алуум] дүнүйө жана акыретим үчүн кайырлуу болсо муну мага мубарек кыл. Эгер мен үчүн жакшы болбой турган болсо аны менден алыстат жана кайырлуу болгонун мага жеңилдет. Мени казаңа ыраазылык көрсөткөндөрдөн кыла көр, Йа Архамаррахимин», - деш керек.

Алгач күнөөлөргө тообо кылынат. Тоободо кыскача: «Йа Рабби! Балакатка киргенден азыркыга чейин кылган күнөөлөрүмө өкүндүм. Мындан кийин да, иншаллах, эч бир күнөө кылбоого сөз бердим», - деп айтылат. Кийин гусул алат. Гусулдан кийин ошол түнү "Истихарага ниет кылдым” деп эки рекет нафил намаз окулат. Биринчи рекетте Субханака жана Фатихадан кийин Кафирун, экинчи рекетте Фатихадан кийин Ихлас сүрөсү окулат. Истихара намазы бүткөндөн кийин мына бул дуба окулат:

"Аллахумма инни эстехирука би-илмика ва эстакдирука би кудратика ва эселука мин фадликел азим фе иннака такдиру ва ла акдиру ва талему ва ла алему ва анта алламул-гуйуб”.

Ушинтип жети түн истихара кылынат. [Күндүз дагы истихарага жатууга болот.] Гусул биринчи күнү гана алынат. Калган күндөрдө (гусул сынбаган болсо) гусул алуу зарыл эмес.

Истихараны башка бирөөнө кылдырууга болбойт. Истихараны ар ким өзү кылышы керек. Истихара кылууну үйрөнүп, бул сүннөттү ар ким өзү аткаруусу керек. Дене менен орундала турчу ибадаттарды башка бирөөнө аткартуу жаиз эмес.

Истихара намазын жана дубасын окугандан кийин эч сүйлөшпөстөн жатуу керек. Зарылчылык туула турган болсо сүйлөсө болот. Негизи, дайыма куптан намазынан кийин зарылчылык болбосо сүйлөшпөө мустахаб, жакшы болот.

Истихарадан кийин даарат менен кыбылага карап жатат. Түш көрсө же көрбөсө да жети күн улантат. Түшүндө ак же жашыл түс көрүү жакшылыкка белги. Кара же кызыл көрсө жамандыкка белги. Эгер түштө бир нерсе көрүлбөсө көңүлгө назар кылуу керек. Ал ишти кылуу арзуусу бар болсо ал ишти кылууга чечим чыгарат. Чечим чыгара албаган адам бир нече ирет дагы истихара кылуусу керек.

Кыла турчу ар бир иш үчүн истихара кылуу сүннөт жана мубарек. Бирок, истихара кылгандан кийин ал иштин кылынуусун же кылынбоосун көрсөткөн бир нерсенин уйкуда түштө же ойгоо кезде көрүнүүсү шарт эмес. Истихарадан кийин көңүлгө назар салуу керек. Ал ишти аткарууга болгон арзуу мурдагыдан да көп болгон болсо ал ишти аткарууну көрсөтөт. Эгер арзуу көбөйбөгөн жана мурдагыдан дагы да азайбаган болсо дагы эле орундоого тыюу жок. Мында ишти кылууга болгон арзуу артканга чейин истихараларды кайра-кайра кылуу керек. Истихаралар жетиге чейин кайталанат. Истихарадан кийин ал ишти кылууга болгон арзуунун азайгандыгы белгилүү болсо ал иштин кылынбоосун көрсөтөт. Мындай болгон кезде да истихараларды кайталап кылууга болот. Жада калса, кандай болгон күндө да истихараларды дайыма кайталаса дагы да орундуу жана жакшы болот. Ал ишти кылуу же кылбоодо этияттуу кыймыл аракет кылынган болот.

Башка бир истихара

Бир максаты бар адам даарат алып, таза жерге отуруп, үч жолу салават окуп, кийин ар бирине Бисмиллах менен Фатиха, кийин 11 Ихлас окуп, кийин үч жолу салават окуйт. Кийин оң тарабы менен жүзүн кыбылага каратып, оң колун оң жаагынын алдына коюп жатат, ниет кылган нерсесинин жакшы же жаман боло тургандыгын Аллаху тааланын уруксаты менен түшүндө көрөт. (Фетава-и Кары-ул-хидайа)

Истихарага моюн сунуу

Суроо: Истихара кылганда түштө көргөн нерсебизге моюн сунуубуз керекпи?

ЖООП

Истихара бир иштин биз үчүн жакшы болуп же болбой тургандыгын билүү үчүн кылынат. Ошондуктан, шарттарына ылайык кылынган болсо моюн сунуу керек. Эки хадиси шарифтин мааниси:

"Истихарада болуу жана тагдырга ыраазылык көрсөтүү кишинин бактылуу боло тургандыгына, мунун тескериси кишинин бактысыз боло тургандыгына белги.” [Тирмизи]

"Истихара кылган адам куру калбайт; истишаре кылган адам өкүнбөйт. Иктисат кылган адам тарлык чекпейт.” [Таберани]

Истихарага жатууда

Суроо: Истихара үчүн жатарда аялдардын күйөөлөрүнөн өзүнчө жатуулары керекпи?

ЖООП

Жок, керек эмес.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш