Ислам дини » Дубалар » Дубаларга байланыштуу суроолор




Дубаларга байланыштуу суроолор


Суроо: "Болуп өткөн, башка келген нерседе кайыр бар” же "Жакшысы, кайырлуусу болор иншаллах” деп айтылып калат. Минтип айтуу туурабы?

ЖООП

Болгон нерсенин жакшылыгы бар деп айтуу өзүбүздүн каалоо жана тандообуздан сырткары себептерине жармашканыбызга карабай башыбызга эмне келсе да сабыр кылуу, даттанбоо керек. Сабыр кылсак биз үчүн натыйжасынын жакшы боло тургандыгын билиш керек деген сөз. Болбосо, ар кимдин башына келген нерселер ал адам үчүн сөзсүз жакшы болот дегенди билдирбейт.

"Кайырлуусу болор иншаллах” деп айтуу Аллаху таала мунун натыйжасын сен үчүн кайырлуу кылсын, ката жана кемчилигиңди кечирсин, жаңылуудан, зыян тартуудан сактасын, сага жакшылык берсин деген сөз.

Суроо: Башыбызга бир жамандык түшкөндө, жакыныбыздан бири кайтыш болгондо кандай дуба кылышыбыз керек?

ЖООП

Умму селеме энебиз:

Пайгамбарыбыз "саллаллаху алейхи ва саллам”: "Кыйынчылыкка түшкөн адам "Инна лиллахи ва инна илайхи ражиун” [аятын окугандан кийин], Йа Рабби, башыма келген кайгынын сыйлыгын бер жана мага мындан дагы жакшысын бер” деп дуба кылса, Аллаху таала аны ал кыйынчылыктан куткарат жана ага андан да жакшысын берет”, - деп айтты. Кийин мен: "Мен Абу Селеме өлгөндө ушинтип дуба кылгам. Аллаху таала мага Абу Селемеден дагы жакшысы болгон Расулуллахты берди”, - деди. (Муслим)

Суроо: Хатми тахлил сыяктуу зикирлерди, бир максат-тилек үчүн окулган дубаларды дааратсыз да окууга болобу?

ЖООП

Ооба, бардык зикирлерди жана дубаларды дааратсыз да окууга болот. Бирок, даарат менен окуу, албетте, жакшы болот. Анын үстүнө, кандайдыр бир тилек менен окулган дуба жана зикирлерди даарат менен окууга аракет кылуу керек.
Суроо:
 Кул ауузу менен башталган сүрөлөрдү окугандан кийин алаканга үйлөп алаканды денеге сүртүнүн пайдасы барбы?

ЖООП

Расулуллах алейхиссалам кээ бир аяттарды окуп мубарек алакандарына үйлөп, алакандары менен денелерин масх кылчу. Көп ооруларга жакшы.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш