Ислам дини » Дубалар » Ихлас сүрөсүнүн пайдалары




Ихлас сүрөсүнүн пайдалары


Суроо: Ихлас сүрөсүн окуунун кандай пайдалары бар?

Жооп

Ихлас сүрөсүн [Кул хуваллаху ахад...] окуунун абдан көп пайдалары бар. Хадиси шарифтерде айтылды:

"Ихлас сүрөсүн окуу Курани каримдин үчтөн бирин окууга барабар.” [Бухари]

"Он жолу Ихласты окуган адамга Бейиште бир ак сарай берилет.” [И. Ахмед]

"Жатаар алдында жүз жолу Ихлас окуган адам Бейишке кирет.” [Тирмизи]

"Багымдат намазынан кийин 11 жолу Ихлас окуган адамга Бейиште бир ак сарай берилет.” [Хараити]

"Багымдат намазынан кийин 12 жолу Ихлас окуган адам Курани каримди төрт жолу хатмкылгандын сообун алат.” [Баззар]

"Эртең менен жана кечинде үч жолу Ихлас жана Муаввизатайнды (Фалак менен Нас сүрөлөрүн) окуу балээ жана кыйынчылыктардан коргойт.” [Тирмизи]

"Үйүнө кирип жатып Ихласты окуган адам кедейлик көрбөйт.” [Т. Куртуби]

"Ихласты окуган мусулманга Бейиш важип болот.” [Насаи]

"Бир адам сапарга чыгып жатып 11 жолу Ихлас окуса Аллаху таала сапардан кайтып келгенге чейин анын үйүн коргойт.” [И. Нажжар]

"Арафа күнү [Бисмиллах менен] миң жолу Ихласты окуган адамдын бардык күнөөлөрү кечирилет жана бардык дубасы кабыл болот.” [Абу-ш-шайх]

"Миң жолу Ихлас окуган адам өзүн Аллаху тааладан сатып алган болот.” [Рафии]

"Жума намазынан кийин жети жолу Ихлас жана Муаввизатайнды окуган адам бир жума кырсыктардан, балээлерден жана жамандыктардан коргонот.” [Ибни Сунни]

"Жатаар алдында Фатиха жана Ихлас окуган адам өлүмдөн башка бардын нерсенин зыянынан коргонгон болот.” [Ибни Абдилбар]

"Ушул үч нерсе кимде болсо Бейишке каалаган эшиктен кирет: Кул акысын төлөгөн, ар намаздан кийин 11 жолу Ихлас сүрөсүн окуган, өзүн өлтүргөн адамын кечирип өлгөн адам.” [Барика]

"Жанга, мал-мүлккө, намыска кол салбай, арактан да сактанып, Ихлас сүрөсүн жүз жолу окуган мусулмандын элүү жылдык күнөөсү кечирилет.” [Байхаки]

"50 жолу Ихлас сүрөсүн окуган мусулмандын 50 жылдык күнөөсү кечирилет.” [Дарими]

"Жатаар алдында Фатиха менен Ихласты окуган адам өлүмдөн башка бардык нерседен коргонгон болот.” [Баззар]

"Жума намазынан кийин жети жолу Ихлас, Фалак жана Нас сүрөлөрүн окуган адамды Аллах кийинки жумага чейин жамандыктардан коргойт.” [Ибни Сунни]

Пайгамбарыбыз алейхиссалам бир жери ооруганда Фалак менен Нас сүрөсүн окуп үйлөчү жана ооруган жерин масх кылчу. (Бухари)

Эскертүү: Жогорудагы хадиси шарифтер шартсыз билдирилген. Шартсыз билдирилген бир ибадаттын кабыл болушу үчүн кээ бир шарттар бар:

1 – Мусулман болуу,

2 – Ишеними туура болушу, бидатчы болбоо,

3 – Харамдардан, күнөөлөрдөн сактануу керек. Мисалы, намаз окубоо чоң күнөө.

Суроо: Ихлас сүрөсү болгон Кулхуваллаху ахадды окуган адам Куранды баштан аяк окуп чыккан болобу?

Жооп

Кулхуваллаху ахадды окуу абдан пайдалуу. Хадиси шарифтерде билдирилди:

"Кулхуваллаху ахадды окуган адам Курани каримдин үчтөн бирин окуган болот.” [Тирмизи]

"Элүү жолу "Ихлас” сүрөсүн окуган адамдын элүү жылдык күнөөсү кечирилет.” [Дарими]

Ясин-и шарифти окуунун дагы сообу абдан көп. Хадиси шарифте айтылды:

"Бир жолу Ясинди окуган адам он жолу Курани каримди окугандын сообун алат.” (Тирмизи)

Үч жолу Ихлас сүрөсүн окуган адам Курани каримди хатм кылган сыяктуу сооп алат. Бир жолу Ясин- и шарифти окуган адам он жолу Курани каримди хатм кылган сыяктуу сооп алат. Курани каримди окуган адам дагы хатм сообун алат. Хатмдын сообу башка, хатм кылган сыяктуу сооп алуу башка.

Бир кедей: "Акчам болгондо Аллах ыраазычылыгы үчүн бул жерге бир мечит салдырмакмын”, - деп чын жүрөктөн ниет кылса Аллаху таала ал адамга мечит салдырган сыяктуу сооп берет. Бирок, мечит салдырган адам мечит салдыргандын сообун алат. Б.а., көбүрөөк сооп алат. Мечит салуунун сообу менен мечит салдыруу сыяктуу сооп алуу башка.

Ихлас сүрөсүн үч жолу окуган адам Курани каримди хатм кылган сыяктуу сооп алат. Бирок, Курани каримди баштан аят окуган адам хатм сообун алат.

Суроо: Арафа күнү окула турган 1000 Ихлас шарифти окуп жатканда, намаздардан кийин окула турган 11 Ихлас шарифти окуп жатканда эң башында аузу бисмиллах айтылат, сүрөлөрдүн арасында болсо бир гана бисмиллах айтылат. Бул туурабы?

Жооп

Ооба туура.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш