Суроо: Аллаху таала Мумин сүрөсүнүн 60-аятында: "Дуба
кылгыла, кабыл кылайын”, - деп билдирүүдө. Бирок, мен кылган дубалар дайым
текке кетүүдө. Мунун себеби эмнеде?
Жооп
Жок, дуба текке кетпейт. Эки хадиси шарифтин
мааниси:
"Раббиңер, албетте, хайа жана керем
ээси. Кулдары колдорун көтөрүп бир нерсе сураганда алардын колдорун бош
кайтаруудан хайа кылат.” [Тирмизи, Абу Давуд]
"Аллаху таала айтты: "Эй, адам
баласы, мага шерик кошпой кулдук кыла турган болсоң амалыңдын жообун беремин.
Дуба кылуу сенден, кабыл кылуу болсо менден.” [Табарани]
Аллаху таала: "Дубаңарды кабыл
кыламын, колуңарды бош кайтарбаймын”, - деп билдирүүдө. Демек, дуба текке
кетпейт. Бирок, биз каалаган нерсе болмоюнча дубабыз текке кетти деп ойлойбуз.
Китептерде билдирилет:
Кылган дубаларыбыз менен күнөөлөрүбүз кечирилүүдө,
келе турган бир балээ-кырсыктын алды алынган болууда, бир балээ же дарт жок
болууда же болбосо дубаларыбыздын себеби менен сооп алуудабыз. Эки хадиси
шарифтин мааниси да төмөндөгүдөй:
"Дуба кылган адам үч нерседен куру
калбайт: Же күнөөсү кечирилет же дароо тилегенинин акыбетин алат, же болбосо
акыретте сооп алат.” [Дайлами]
"Кул бир дуба кылганда тилеги
орундалбаса ага бир хасана[сооп]жазылат.” [Дара Кутни]
Кечиккен дубалар да болот албетте. Ал дагы
бекеринен эмес. Бир хадиси шарифте билдирилди:
"Момун дуба кылганда Аллаху таала
Жабраил алейхиссаламга: "Тилегин дароо орундаба, мен анын үнүн
жактырамын”, - деп буюрат. Фажир (күнөөкөр) дуба кылганда: "Мунун
тилегин дароо орунда, мен анын үнүн жактырбаймын”, - деп буюрат.” [Ибни
Нажжар]
Аллаху таала дубаны кабыл кылууну кечиктирип
жаткан болсо демек көп нимат берет. Ошондуктан, шашылып, дубам эмнеге кабыл
болбой жатат деп айтпоо керек. Бир хадиси шарифтин мааниси:
"Күнөө болгон бир нерсе үчүн же туугандык
байланыштын үзүлүшү үчүн дуба кылмайынча же шашылып: "Дуба кылдым да кабыл
болбоду” деп айтмайынча кылынган дуба кабыл болот.” [Муслим]
Суроо: Диний бир сухбаттан чыккан адамдын күнөөлөрү
кечирилеби?
Жооп
Эгер ал сухбатта динге каршы нерселер айтылбаган
болсо, албетте, күнөөлөр кечирилет. Имам Раббани хазреттери: "Салихлер
менен бирге болгон адам ыйманын коргогон болот”, - деп билдирүүдө. Табииндин
улууларынан Сабит бин Аслам хазреттери айтат: "Бир
мусулман Аллаху таала эстелген жерге тоолордой көп күнөө менен кирсе, чыккан
кезде үстүндө кымындай да күнөө калбайт. Момун кыямат күнү Аллаху тааланын
алдында турат. Аллаху таала ага: "Эй, кулум! Сен дүнүйөдө мага
ибадат кылган кулдарым менен бирге ибадат кылчу белең?” - деп сураганда ал
момун: "Ооба, алар менен бирге мен дагы ибадат кылчу элем эй Рабби!” –
дейт. Дагы Аллаху таала: "Эй, кулум, дүнүйөдө мага дуба кылып
жалбарган жана мени зикир кылып эстеген кулдарым менен бирге сен дагы жалбарып
мени эстедиңби?” - деп сурайт. Ал момун дагы: "Ооба, эй Рабби!” - деп
жооп берет. Ошентип, Аллаху таала: "Иззатымдын акысы үчүн мени
зикир кылып, эстеген ар бир жерде мен да сени эстедим. Кайда дуба кылып,
жалбарган болсоң ал дубаңды кыбыл кылдым”, - деп айтат”. Сабит бин Аслам
хазреттери төмөндөгү хадиси шарифти билдирди:
"Момундун эч бир дубасы кабыл
кылынбай калбайт. Же күнөөсү кечирилет, же кайырлуу натыйжасын көрөт [мисалы, келе турган балээнин алдын
алат] же болбосо акыретте натыйжасын көрөт.” [Дайлами]