Суроо: Дуба кылып жатканда асманды караса эч нерсе
болбойбу?
Жооп
Дуба кылып жатканда башты жогору көтөрүү дурус
эмес. Аллаху таала мекенден муназзах (бир мекенде эмес). Айрым бидатчылар
сыяктуу (Аллах сактасын) Аллаху таала асманда деп эсептөө өтө кооптуу.
Бухари риваят кылган бир хадиси шарифте намаз окуп
жатканда дагы асманды кароо катуу тыюу салынган. (Ал-Анвар)