Ислам дини » Дубалар » Кыйынчылыктан кутулуу үчүн эмне кылуу керек?




Кыйынчылыктан кутулуу үчүн эмне кылуу керек?


Суроо: Кыйынчылыктан кутулуу үчүн эмне кылуу керек?

Жооп

Кыйынчылыктан кутулуу үчүн себептерге жармашуу керек. "Мээнет кылбастан дуба кылган адам куралсыз согушка кирген адам сыяктуу” деген маанидеги хадиси шариф себептерге жармашууну буйрук кылууда. Курани каримде: "Ар кыйынчылыктан кийин бир жеңилдик бар”, -деп билдирилүүдө. Кыйынчылыктардан кутулуунун да чарасы бар. Эч качан убакытты бош өткөрбөй, пайдалуу бир иш менен алектенүү керек. "Сабыр - кутулуунун ачкычы” деген сөзгө ылайык бир иш менен алектенип, сабыр кылып, кыйын абалдан жол таап чыгуу керек.

Психолог доктурлар кыйынчылыктын негизги чарасынын бир иш менен алектенүү экендигин айтышууда. Адам өзүнө жаккан бир иш тапса жеңилдейт. Айрыкча, руханий жактан айрым дубаларды окуу да өтө пайдалуу.

Хадиси шарифтерде айтылды:

"Күндө эртең менен жана кечинде жети жолу "Хасбийаллаху ла илаха иллаху алейхи таваккалту ва хува Рабб-ул аршил азим” дубасын окуган адам дүнүйө жана акырет кыйынчылыктарынан кутулат.” [Ибни Сунни]

"Ла хавла ва ла куввата илла биллахты окуу 99 дартка даба. Булардын эң жеңили кыйынчылык.” [Хаким]

"Башына бир кыйынчылык келгенде "Бисмиллахиррахманиррахим вала хавла вала куввата илла биллахил алиййил азим” деген адамды Аллаху таала кайгы жана балээлерден коргойт.” [Дайлами, Ибни Сунни]

"Ырыскыга жеткен адам көп Алхамдулиллах десин. Ырыскысы азайган адам көп истигфар кылсын. Таарынып кайгыланган адам ла хавла вала куввата илла биллахи десин.” [Байхаки, Хатиб]

"Кыйынчылыкка туш болгон жана карыз болуп калган адам миң жолу "Ла хавла ва ла куввата илла биллахил алиййил азыим” десе Аллаху таала иштерине жеңилдик берет.” [Шира]

"Кыйынчылыкта "Хасбуналлах ва нимал-вакил” деп айткыла!” [И. Мардавайни]

"Ясин сүрөсүн окуган адамдын кыйынчылыгы кетет.” [Дайлами]

"Ла илаха иллаллах кабла кулли шай’ин, Ла илаха иллаллах ба’да кулли шай’ин, Ла илаха иллаллах йабка Раббуна ва йафни куллу шай’ин" деген адам кыйынчылыктан кутулат.” [Табарани]

"Жума намазынан кийин Ихлас, Фалак жана Нас сүрөлөрүн жети жолу окуган адам бир жума кыйынчылык, балээ жана кайгылардан кутулат.” [И. Сунни]

"Ла илаха илла анта субханака инни кунту миназзалимин” деген адам туш болгон балээден кутулат.” [И. Сунни]

"Кыйынчылыктын кетүүсү үчүн бул дубаны окугула: "Ла илаха иллаллахулазим-ул-халим ла илаха иллаллаху Раббул-Арш-ил азыим ла илаха иллаллаху Раббус-самавати ва Раббул-Арди Раббул Аршил-карим.” [Муслим]

"Кыйынчылыкка туш болгон адам 7 жолу "Аллах, Аллаху Рабби, ла ушрику бихи шай’а" деп айтсын!” [Насаи]

"Кыйынчылыкта "Аллах, Аллах Раббуна ла шарикалах” деп айткыла!” [Байхаки]

Кыйынчылыктан кутулуу үчүн Аллаху таалага чын дилден жалбарып, 14 сажда аятын [жатка, өйдө туруп] окуп, ар биринен кийин дароо сажда кылуу керек. (Нур-ул-изах)

"Бисмиллахиррахманиррахим ва ла-хавла ва ла-куввата илла биллахил алиййил азыим” дубасын окуу нерв ооруларына жана бардык кыйынчылыктарга жакшы болот.

Имам Жафар хазреттеринин кыйынчылыкка туш болгондо окуп, кыйынчылыктан кутулган дубасы төмөндөгүдөй:

"Йа уддати ында шиддати, ва йа гавси ында курбати! Ухрусни би-айникаллати ла танаму вакфини бирукника аллази ла йураму.”

Мааниси:

"Кыйынчылыкта таянычым, кайгыда жардам берүүчүм, дайым көрүп турган Раббим, мени коргой көр, чексиз кудуретиң менен жардам бере көр!

Хасан Басри хазреттерине жетишсиздиктен, кедейликтен, баласыздыктан арызданып келишти. Баарына тең истигфар кылгыла деп айтты. Себебин сурашканда төмөндөгү маанидеги аяттарды окуду:

"Кечиримдүү болгон Раббиңерге истигфар кылгыла (кечирим сурагыла)! Силерге асмандан мол жамгыр жиберсин, силерди дүйнө-мүлк жана перзенттер менен кубаттап, силер үчүн бакчаларды жана соолубас дарыяларды берсин.” [Нух сүрөсү, 10-12]

Бир хадиси шарифтин мааниси:

"Истигфарды уланткан адамды Аллаху таала ар түрлүү кыйынчылыктан, кайгы-капачылыктан, дарттан, тардыктан куткарып, кененчиликке жеткирет жана күтпөгөн жерден ырыскы берет.” [Насаи, Абу Давуд, Ибни Мажа]

Чөнтөккө алтын салып жүрүү дагы кыйынчылык үчүн пайдалуу. Садага берүү жана 70 жолу "Астагфируллах мин кулли ма карихаллах” деп айтуу кыйынчылыкты кетирет. Бул истигфардын мааниси: "Эй, Рабби! Сен ыраазы болбогон нерселерден эмне кылган болсом бардыгын кечире көр, кылбагандарымы да кылуудан коргой көр.”

Кыйынчылыкта төмөндөгүлөрдү кылуу да жакшы болот. Хадиси шарифтерде мындай деп айтылды:

"Садага берүү аркылуу кыйынчылыктардын алдын алгыла.” [Дайлами]

"Тарак колдонуу кыйынчылыкты кетирет.” [Дайлами]

"Жыпар жыт жана таза кийим кыйынчылыкты азайтат.” [Бостан]

"Даараттан ашып калган сууну ичүү кыйынчылыкты кетирет.” [Дайлами]

"Агат шакек колдонуу кыйынчылыкты кетирет.” [Укайли]

"Башкасынын кыйынчылыгын кетирген адамдын кыйынчылыгы кетет.” [И. Ахмед]

"Кыйынчылыкка туш болгондо дубам кабыл болсун деген адам молчулук кезде көп дуба кылсын.” [Тирмизи]

"Эң жогору ибадат - кыйынчылыкка сабыр кылуу.” [Тирмизи]

Курани каримде дагы мындай деп билдирилди:

"Сабыр жана намаз аркылуу Аллахка сыйынып, жардам сурагыла.” [Бакара сүрөсү, 45]

"Эй, ыйман келтиргендер! Сабыр жана намаз аркылуу Аллахтан жардам сурагыла! Анткени, Аллах, албетте, сабыр кылгандар менен бирге.” [Бакара сүрөсү, 153]

"(Туура окулган) Намаз мункар жана фахштан (адепсиздиктен, акылга жана динге тура келбеген баңгизат, ичкилик, зина, ливата сыяктуу ар түрлүү жамандыктан, күнөөдөн) кайтарат.” [Анкебут сүрөсү, 45]

Ар кыйынчылыктын дарысы - беш маал намазды туура окуу. Намаз туура окула турган болсо бардык кыйынчылыктарды жок кылат.

Кыйынчылыкта

Суроо: Төрт миң жолу Аллах исм-и шарифин айтып, өзүнө үйлөгөн адамдын кыйынчылыктан кутула тургандыгы чынбы?

Жооп

Ооба чын.

Суроо: Жаным сыгылып турат деп айтуу жаизби?

Жооп

Жаиз. Жаны сыгылган адамдын калима-и тамжидди айтуусу жакшы болот. Бир хадиси шарифтин мааниси:

"Ла хавла ва ла куввата илла биллахил алиййил азыимди” окуу 99 дартка даба болот. Булардын эң жеңили кыйынчылыктан кутулуу.”  [Абу Нуайм]

Суроо: "Кыйынчылыктардан кутулууну каалоо өлүмдү каалоо маанисине келгендиктен жакшы эмес. Анткени, мусулман кыйынчылыктардан өлгөндө гана кутулат” деген сөз жаңылыш эмеспи?

Жооп

Ооба жаңылыш. Аллаху тааладан ар дайым чын ден-соолук жана бакыт-таалай тилөө керек жана бардык кыйынчылыктардан кутулуу үчүн дуба кылуу керек. Ушуга карабастан кыйынчылык келсе сабыр кылып, кутулуу үчүн да дуба кылып, себептерге жармашуу керек. Жогорудагы хадиси шарифтерде да белгилүү болгондой кыйынчылыктан кутулууну каалоо динибиздин буйругу болуп саналат.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш