Ислам дини » Дубалар » Үйгө кирип-чыгууда




Үйгө кирип-чыгууда


Суроо: Үйгө кирип баратканда же үйдөн чыгып баратканда кайсы дубаларды окуу керек?

Жооп

Үйгө "Аят-ал курси” менен "Ихлас” сүрөлөрүн окуп кирүү керек. Бир хадиси шарифтин мааниси мындай:

"Үйгө кирип баратканда Ихлас шарифти окуган адам жакырчылык көрбөйт.” [Э. О. Илмихалы]

Сахабалардан Сухайл радыйаллаху анх бул сунушка ылайык амал кылып бай болгон.

Үйгө оң бут менен кирип, салам берүү керек. Үйдө эч ким болбосо: "Ассаламу алайна ва ала ибадиллахиссалихин”– деп айтуу керек. Үйдөн чыгып баратканда да Аят-ал курсини окуу керек. Бир хадиси шарифтин мааниси:

"Үйдөн чыгып баратканда "Бисмиллах, таваккалту алаллах, Ла хавла ва ла куввата илла биллах” деген адам кооптуу нерселерден коргонот, шайтан андан алыстайт.” [Тирмизи]

Үйдөн чыгып баратканда Аят-ал курсини окуган адам бардык иштеринде ийгиликтүү болот. Үйгө келгенде дагы окуса эки Аят-ал курсинин арасындагы иштер кайырлуу болот.

Хадиси шарифтерде айтылды:

"Кимде-ким үйүнөн чыгып баратканда Аят-ал курсини окуса жетимиш периште үйүнө кайтып келгенге чейин ага дуба менен истигфар кылат.” [Э. О. Илмихалы]

Күндө эртең менен: "Өзүмдүн, үй-бүлөмдүн ырыскысын халалдан таап, эч кимге муктаж болбоо, ибадаттарымды ылайыгы менен орундай алуу жана адамдарга кызмат кыла алуу үчүн жумушума бара жатам”, - деп ниет кылуу керек.

Үйгө кирип баратканда дуба

Суроо: Үйгө кирип баратканда окуу керек болгон Аят-ал курси менен Ихлас сүрөлөрүн качан окуу керек? Бир досум: "Үйгө киргенде окулат”, - деди, ал эми башка бирөө болсо: "Кире электе окулат”, - дейт. Дагы бири: "Көп кабаттуу үйдүн эшигинен кирип баратканда, лифтке кирип жатканда окулат”, - деди. Кайсынысы туура?

Жооп

Үч абалда тең окуса болот.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш