Ислам дини » Дубалар » Жамгыр дубасы




Жамгыр дубасы


СурооЖамгыр дубасында эмне үчүн алакандар төмөн бурулат?

ЖООП

Жамгыр дубасында алакандар төмөнгө бурулбайт. С. Ахмед Тахтави хазреттери айткан: 

«Истиска» деген сөз жамгыр дубасы үчүн талаага чыгуу дегенди билдирет. Хамд кылынып, истигфар окулуп дуба кылынат. Пайгамбарыбыз алейхиссалам жана Асхабы кирам, Ислам аалымдары жамгыр дубасын кылышкан. Талаада эки рекет намаз окулат. Имам асага таянып хутба окуйт. Кийин кыбылага карап алакандарын асманга карата ачып, далысына чейин колдорун көтөрүп өйдө туруп дуба кылат. Ал жердегилер отурган жерлеринде амин дешет. Жамгыр дубасында гана колдор далыдан жогору көтөрүлөт. Бир нерсе суроо үчүн кылынган дубаларда алакандар асманга карата ачылат. Хадиси шарифте айтылды: «Аллаху таала колдорун көтөрүп дуба кылган адамдын дубасын кабыл кылбоодон уялат.» [Тирмизи]

Ооруу, жутчулук жана душмандан кутулуу үчүн кылынган дубаларда алакан ичтери төмөн каратылат. Жамгыр дубасына арасын тындырбастан 3 күн чыгуу, эски жамалуу кийим кийүү, дубага бара жатканда садага берүү, 3 күн орозо кармоо, көп тообо жана истигфар кылуу, кул акыларын өтөө, айбандарды дагы балдарынан бөлүп чыгаруу, карыларды жана жаш балдарды дагы чыгаруу сүннөт. Мусулман эмес адам, динсиз адам жамгыр дубасына алып барылбайт. Бөбөктөр энелеринен өзүнчө кармалат. Кийимдер тетири которулбайт. [Меракыл-фелах шархы]


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш