Ислам дини » Дубалар » Бизге эмне болду?




Бизге эмне болду?


Суроо: Сүйүү менен жаңы үйлөндүм, жубайым абдан жакшы, кандайдыр бир кемчилиги жок, бирок, азыр аны көргөндө жийиркенем. Майда-барат нерсе үчүн эле урушуп кетебиз. Үй-бүлөлөрүбүз дагы бири-бирин жаман көрүп башташты. Бизге эмне болду экен? Ажырашып кетүүдөн башка чара жокпу?

ЖООП: Бул абал көп кишинин башына түшүүдө. Ошондуктан, жалпылап жооп берели. Мындай кайгылуу жагдайлардын бир канча себеби болуусу мүмкүн. Душмандык үчүн башка бирөөлөр буларга сыйкыр кылдарган болуусу мүмкүн. Эне-аталар же бир туугандары балдары бири-бирин сүйүшсүн деп сыйкыр кылдырышкан болуулары мүмкүн. Ишеним жана ибадаттарында кемчилик болуусу мүмкүн. Эки тараптын бири-бирине психологиялык ыңгайсыздыгы болуусу мүмкүн. Үй-бүлө маселелерин жакшы билбестиктен болуусу мүмкүн. Көз тийген болуусу мүмкүн. Дагы башка себептер болуусу мүмкүн. Негизги себеби билине турган болсо мунун чарасы дагы да жеңил болот. Себеби эмне болсо болсун динибизде ар дарттын чарасы бар.

Жаңы үйлөнгөндөр же үйүндө кокустан белгисиз тынчсыздык пайда болгон үй-бүлөлөр мына буларга көңүл буруулары керек:

1- Туура ыйманга, Ахли сүннөт итикадына (акыйдасына, ишенимине) ээби? Муну сөзсүз текшерүүлөрү керек.

2- Гусул, даарат жана намазы туурабы? Курани каримде туура окулган намаздын ар кандай жамандыктан алыс кыла тургандыгы билдирилген. Намаздын туура болуусу үчүн гусулдун жана даараттын туура болуусу керек. Бул маалыматтар Саадати Абадиййа сыяктуу Исламиятты түшүндүргөн мутабар эмгектерден үйрөнүлүүсү керек.

3- Аяти хырзды эрежесине ылайык окуу жана тумар кылып ороп, өзү бирге алып жүрүү (же мойнуна тагынып) жүрүү жакшы болот.

4- Ар күнү 500 жолу «Ла хавла вала куввата илла биллахил алиййил азим» окуу керек. Баштаганда 100 жана бүтүргөндө дагы 100 жолу «Аллахумма салли ала Мухаммедин ва ала али Мухаммед» деш керек.

5- Жунуп жана дааратсыз жүрбөөгө аракет кылуу керек.

6- Сыйкыр кылдырбоо керек, жинчи-бакшылардан узак туруу керек.

Жинчилерге жана сыйкырчыларга ишенүү Аллахтан башка биринин бардык нерсени билгендигине ишенгендик болуп, бул күфүр болот (ыйманды кетирет). Сыйкыр кылууну үйрөнүү да, үйрөтүү да арам. Мусулмандарды зыяндан коргоо үчүн үйрөнүү дагы арам. Кайырлуу иш үчүн, мисалы, сыйкырды жандыруу үчүн сыйкыр кылуу да арам. Хадиси шарифте: «Сыйкыр кылган жана кылдырган жана буларга ишенген бизден эмес», - деп буюрулду. (Баззар)

Сыйкыр адамдарды ооруга чалдыктырат. Сүйүү же жек көрүүгө себеп болот. Сыйкыр аялдарга жана жаш балдарга көбүрөөк таасир кылат. Сыйкырдын таасири анык эмес. Дарынын таасири сыяктуу, Аллаху таала кааласа таасирин жаратат. Кааласа таасирин жаратпайт. Ошондуктан, «Сыйкырчы сыйкыры менен каалаганын кыла алат, сыйкыр сөзсүз таасир кылат» деген жана буга ишенген адамдын ыйманы кетет. «Аллаху таала тагдыр кылган болсо сыйкыр таасир кылышы мүмкүн» деш керек! Имам Раббани хазреттери айткан: «Сыйкыр күфүргө эң жакын болгон арам.» Хадиси шарифте: «Мусулман сыйкыр кылбайт. Аллах сактасын, ыйманы кеткенден кийин сыйкыр таасир кылат», - деп буюрулду. (3/41)

Имам Навави хазреттери: «Сыйкыр кылып жатканда күфүргө себеп болгон сөз же иш болсо күфүр. Мындай сөз жана иш болбосо чоң күнөө», - деген.

Хадиси шарифте айтылган:

«Балээге жетелеген жети нерседен бири – сыйкыр.» [Бухари]

«Төлгөчүгө, сыйкырчыга ишенген адам Куранга ишенбеген болот.» [Таберани]

«Сыйкырчыга ишенген адам Жаннатка кире албайт.» [Ибни Хиббан]

«Төлгө ачтырган адам төлгөчүгө ишенбеген болсо дагы 40 күн намазы кабыл болбойт.» [Муслим]

«Төлгө ачуу бутка сыйынуу сыяктуу.» [Абу Давуд]

Сыйкырдан жана жинден коргонуу үчүн

Суроо: Рухий оорулардан, коркуулардан, назардан жана ар түрдүү кыйынчылыктардан кутулуу жана сыйкыр жандыруу үчүн эмне кылыш керек? Жинден коргонуу үчүн кайсы дубаларды окуш керек?

ЖООП: Аллаху таала бардык нерсени себеп менен жаратат. Бир нерсеге жетүү үчүн бул нерсенин жаратылуусуна себеп болгон нерсени кылыш керек. Бардык нерсенин жаратылуусунда орток болгон рухий себеп садага берүү, 70 жолу «Астагфируллах мин кулли ма карихаллах» дубасын окуу. Булар материалдык себептерди табууга да жардам берет. Рухий кыйынчылыктардын көбү жинден жана сыякырдан пайда болот. Рухий оорулар талма жана жинден коргонуу үчүн баалуу китептерде билдирилген ушул дубалардын бири же бардыгы окулат:

1- Аузу Билмиллах менен Фатиха сүрөөсүн окуш керек. Аузу Бисмиллах менен эки Кул-аузу окуш керек.

2- Бираз сууга Аятал курси, Ихлас жана Муаввизатейн [Нас жана Фалак] сүрөлөрүн окуу керек. Сыйкыр кылынган адам мындан үч жутум ичип, калган суу менен гусул алуусу керек.

3- Седир багынын (кедр, ийне жалбырактуу карагай түрү) 7 жашыл жалбырагы эзилип сууга аралаштырылат. Үстүнө Аятал курси, Ихлас жана Кул-аузулар окулат. 3 жутум ичилип, калганы менен гусул алынат. 

4- Үч жолу Салават жана Фатиха, Аятал курси, Кафирун, Ихлас, Фалак жана Нас сүрөлөрү жети жолудан окулуп оорулууга үйлөнөт. Булар кайрадан окулуп, оорулуунун төшөгүнө, үйдүн ар тарабына, бакчасына үйлөнөт. 

5- Фатиха, Аятал курси жана 4 Кул [Кафирун, Фалак жана Нас сүрөлөрү]жети жолудан окулуп оорулууга үйлөнсө сыйкыр, назар, жаныбарлардын зыяны жана бардык дарттарга каршы таасирлүү. Тузга окулуп, сууда ээритип ичүү жана айбан тиштеген же чаккан жерге сүрсө да болот. 

6- Таңда жана кечте Бакара сүрөсүнүн башынан 4 аят жана Аятал курси менен Аятал курсиден кийинки эки аятты жана Бакара сүрөсүнүн акырындагы 3 аят жиндинин үстүнө окулса жакшы болот. 

7- Таңда жана кечте 24 жолу Астагфируллах делип, кийин «Астагфируллах алазим аллази ла илаха илла хувал каййума ва атубу илайх» делет. Кийин 11 Ихлас, 7 Фатиха жана 33 жолу Аллахумма салли ва саллим ала сеййидина Мухаммедин ва ала али сеййидина Мухаммед деп окуп, сообу Расулуллахтын, Асхаб-ы кирамдын, Олуялардын жана Силсиле-и алиййа улууларынын рухтарына хадия кылынат. Булардын урматына шыпаа берүүсү үчүн дуба кылынат. Ар таңда жана кечте ушундай дуба кылынат.

8- Күндө 500 жолу «Ла хавла вала куввата илла биллах» деп окуш керек, муну окуп баштаганда жана бүтүргөндө 100 жолу салават айтыш керек. [Муну ар күн сөзсүз окуш керек, кечиктирбеш керек.]

9- Ха-Мим Мумин сүрөсүнүн башынан масир’ге чейин жана Аятал курси менен «Ла илаха иллаллаху вахдаху ла шарика лах лахулмулку валахулхамду вахува ала кулли шайин кадир» деп окуу керек.

10- Жума күнү соор убагында оң колунун ичине Ниса сүрөсү 100. аятты, ваман йахруж’дан рахима’га чейин жазып, кийин тил менен жаланып жутулат. 40 жылдык сыйкыр болсо дагы чечилет.

11- Сар’адан (эпилепсиядан) кутулуу жана жинден коргонуу жана сыйкыр жандыруу үчүн Аят-и хырз окуш керек! Даарат алынып, 7 истигфар жана салават окулуп, оруулуунун сакайуусуна ниет кылынып күн чыккандан жана асыр намазынан кийин күндө эки жолу оорулуу адамдын үстүнө окулушу керек, ишараттуу жерлерде оорулуу адамдын үстүнө үйлөнүшү керек, шыпаа тапканга чейин [40 күнгө чейин] улантыш керек. Ар жолкусунун акырында бир Фатиха окуп, сообу Расулуллахтын, Бахаэддин Бухари, Ахмед Рыфаи жана Имам Раббани хазреттеринин рухуна хадия кылынышы керек. Бир көчүрмөсү тумар түрүндө кылынып, жанына салып жүрсө сыйкырдан, көз тийүүдөн коргойт. Мурат максаты пайда болот.

Имам Шарани хазреттери: «Кушлук намазын уланткан адамга жин мусаллат болбойт (асылбайт)», - деген. Жин мактубун жанында же үйүнө кармаса жин келбейт жана ал жерди ээлеп алган жин болсо кетет.

Дуба дары сыяктуу. Аллаху таала кааласа таасир кылат. Б.а., таасирин Аллаху таала бергендигине ишенүү керек!

Хадиси шарифте айтылды:

«Дарт-балээ келгенде Хазрети Юнустун дубасын окусун! Аллаху таала аны сөзсүз куткарат. Дуба мына бул: Ла илаха илла анта субханака, инни кунту миназ-залимин.» [Хаким]

Жин зыян бериши мүмкүн

Суроо: Кээ бирөөлөр жиндердин бар экендигин кабыл кылышпайт. Кээ бирөөлөр болсо Курани каримде Жин сүрөсү болгондугу үчүн жиндердин бар экендигин четке кагышпайт, бирок, зыян бере ала тургандыктарын кабыл кылышпайт. Жин психикалык жактан зыян бере алабы?

ЖООП: Ооба, зыян бериши мүмкүн, ооруга чалдыктырышы мүмкүн. Коргоочу периштелер адамды жиндердин зыянынан коргошот. Жинден коргонуу үчүн аят-и хырзды жаныбызда алып жүрүүбүз керек. Бир хадиси шарифтин мааниси мындай: «Үйүндө Фатиха жана Аятал курси окуган адамга ал күнү жин жана шайтан зыян бере албайт.» [Дайлами]

Жиндер адамдардын тамырларына чейин кирип зыян бере алат. Жиндерден пайда болгон оорулардан сактануу үчүн түрдүү дубалар бар. Дубалардын эң кундуусу Фатиха сүрөсү. Хадиси шарифте: «Дарылардын эң жакшысы Курани карим», - деп айтылган. Оорулууга окулса ооруусу жеңилдейт. Ажалы келбеген болсо жакшы болот. Ажалы келген болсо рухун тапшыруусу жеңил болот.

Мажмуа-тул-фаваид китебинде: «Бир адам жин мактубун жанында алып жүрсө же үйүндө кармаса бул адамдын үйүнө жана тегерегине жин келбейт жана ал жерди ээлеп зыян берген жин дагы кетет», - деп айтылган.

Пайгамбарыбыз алейхиссалам үч түрдүү дары колдончу. Курани карим же дуба окучу. Тажрыйба менен табылган дарыларды колдончу. Экөөнү тең аралаш дагы колдончу. (Мавахиб)

Тумар

Тумардын динибиздеги орду кандай?

ЖООП: Ичинде күфүргө себеп болгон тумарларды жазуу жана колдонуу жаиз болбойт. Сыйкырды сыйкыр жасап жандыруу дагы арам. Сыйкырчы, жинчи-бакшы делген кишилерге барбаш керек, айткандарына ишенбеш керек. Там Илмихал Саадати Абадиййа китебинин сыйкыр тууралуу бөлүмүн сөзсүз окуш керек.

Дубанын кабыл болуусу

Суроо: Дубанын кабыл болуусу үчүн эмне кылыш керек?

ЖООП: Курани каримдин жана дубанын таасир кылуусу үчүн кээ бир шарттардын сакталуусу керек. Окугандын же жазгандын буга ишенүүсү, оорулуу киши зыяндуу тамактардан, шектүү дарылардан сактануусу, ысыктан жана сууктан сактануусу керек. Окуган адамдын ишениминин бузук болбоосу, арам иш кылуудан, кул акысынан сактануусу, арам жана ыплас нерсени жеп-ичпеши жана буга акы албоосу шарт.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш