Ислам дини » Дубалар » Сыйкырдан жана жинден коргонуу үчүн




Сыйкырдан жана жинден коргонуу үчүн


Суроо: Рухий оорулар, сара [эпилепсия] жана жинден, сыйкырдан коргонуу, кутулуу үчүн эмне кылыш керек?

ЖООП

Аллаху таала бардык нерсени себеп менен жаратат. Бир нерсеге жетиш үчүн бул нерсенин жаратылуусуна себеп болгон нерсени орундаш керек. Ар нерсенин жаратылуусунда орток болгон руханий себеп – садага берүү, 70 жолу «Астагфируллах мин кулли ма керихаллах» дубасын окуу. Бул эки руханий себеп материалдык себептерди табууга да жардам берет. Рухий кыйынчылыктардын көбү жинден жана сыйкырдан пайда болот.

Рухий оорулар сара жана жинден коргонуш үчүн өтө баалуу китептерде билдирилген дубалардан кээ бирлери мына булар:

1-Аузу Бисмиллах менен Фатиха сүрөсүн окуш керек.

2-Аузу Бисмиллах менен эки Кул-аузу окуш керек.

3-Бираз сууга Аятал курси, Ихлас жана Муаввизетейн [Нас жана Фалак] сүрөлөрүн окуп, сыйкыр кылынган киши мындан үч жутум ичиши керек, калган суу менен гусул алыш керек.

4-Седир (кедр) багынын 7 даана жашыл жалбырагы эзилип суу менен аралаштырылат. Үстүнө Аятал курси, Ихлас жана Кул-аузулар окулат. 3 жутум ичип, калганы менен гусул алат.

5-Үч жолу Салават жана Фатиха, Аятал курси, Кафирун, Ихлас, Фалак жана Нас сүрөлөрү жети жолудан окулуп оорулууга үйлөнөт. Булар кайра окулуп оорулуунун төшөгүнө, үйдүн бардык жерине, бакчасына үйлөнөт.

6-Фатиха, Аятал курси жана 4 Кул [Кафирун, Ихлас, Фалак жана Нас сүрөлөрү] жети жолудан окулуп оорулууга үйлөнсө сыйкыр, көз тийүү, жаныбар чаккан, тиштеген жана бардык оорулар үчүн пайдалуу. Тузга окулуп, сууда ээритип ичирүү жана чагылган жерге сүрсө да болот.

7-Таңда жана кечте Бакара сүрөсүнүн башынан 4 аят жана Аятал курси менен Аятал курсиден кийинки эки аятты жана Бакара сүрөсүнүн акырындагы 3 аят жиндинин үстүнө окулса жакшы болот.

8-Таңда жана кечте 24 жолу Астагфируллах делип, кийин «Астагфируллахелазим аллази ла илаха илла хувал хаййал каййума ва атубу илайх» деп окулат. Кийин 11 Ихлас жана 7 жолу Фатиха жана 33 жолу «Аллахумма салли ва селлим ала сеййидина Мухаммедин ва ала аали сеййидина Мухаммед» деп окуп, сообун Пайгамбарыбыздын «алейхиссалам» жана Асхабы кирамдын жана Олуялардын, кийин ысымдары окулуп Силсиле-и алиййа улууларынын рухтарына хадия кылынат. Булардын урматына шыпаа берүүсү үчүн дуба кылынат.

9-Күндө 500 жолу «Ла хавла вала куввата илла биллах» дубасын окуш керек! Баштап жатканда жана бүтүргөндө жүз жолу салават келтириши керек.

10-Ха-Мим Мумин сүрөсүнүн башынан масир деген жерине чейин жана Аятал курси окушу керек.

11- «Ла илахе иллаллаху вахдаху ла шарика лах лахулмулку валахулхамду вахува ала кулли шайин кадир» дубасын окуш керек.

12-Жума күнү таңда оң колунун ичине Ниса сүрөсүнүн 100-чү аяты ваман йахруж деген жеринен рахима деген жерине чейин жазылат, кийин тили менен жаланып жуткурулат. 40 жылдык сыйкыр болсо да чечилет.

13-Кырк күн таң намазынын сүннөтү менен парзы ортосунда кырк бир жолу Фатиха окулат. Бисмилланын акырындагы Мими Фатиханын Лам ариби менен чоогу окулат. [Б.а., «Рахим-илхамду» делет.] Кийин кылынган дуба кабыл болот. Сууга үйлөнүп оорулуу же сыйкырланган кишиге ичилсе [ажалы келбеген оорулуу] шыпаа табат же сыйкыр чечилет. (Тафсир-и Азизи)

14-Сарадан (эпилепсиядан), сыйкырдан жана жинден коргонуу үчүн Аяти харзды окуш керек. Даарат алып, алгач 7 истигфар жана 11 салават окулуп, күн чыккандан жана асыр намазынан кийин күндө 2 жолу 40 күнгө чейин окулат, улантуу керек. Ар окуганда 1 Фатиха окуп, сообун Расулуллахтын, Бахаэддин Бухари, Ахмед Рифаи жана Имам Раббани хазреттеринин же ысымдарын окуу менен Силсиле-и алиййанын рухуна хадия кылуу керек. Аяти хырздын жанында алып жүргөн адам сыйкырдан, назардан коргонуп, мураты орундалат.

Жин мектубун жанында же үйүндө койгон кишиге жин келбейт жана жармашып алган жин дагы кетет. Кушлук намазын уланткан бирөөнө жин жармашпайт жана шейит болуп өлөт. Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи ва саллам) Абу Дужана үчүн, жиндердин зыяндарынан мусулмандарды коргоо үчүн Хазрети Алиге жаздырган мектубунун асыл нускасы мына бул;

 

Саадати Абадиййа китебинде мындай делген:

Сыйкыр кылбоо керек жана кылдыртпоо керек, бул харам жана күфүргө эң жакын болгон эң жаман харам. Сыйкырга тийиштүү кымындай бир нерсе кылбоого дыкат болуу керек. Хадиси шарифтерде мындай деп буюруллган: «Мусулман сыйкыр жасабайт, Аллах сактасын, ыйманы кеткенден кийин сыйкыры таасирин тийгизет.» Сыйкыр кылганда ыйманы кете тургандай.

[Имам Навави (рахметуллахи алейх) мындай деген: «Сыйкыр кылып жатканда күфүргө себеп болгон сөз же иш боло турган болсо бул күфүр. Мындай сөз же иш болбогон болсо чоң күнөө болот.»] Сыйкыр адамдарды оорулуу кылат. Сүйүү же жек көрүү пайда кылат. Тактап айтканда, рухка жана денеге таасир кылат. Сыйкыр аялдарга жана жаш балдарга көп таасир кылат. Сыйкырдын таасири анык эмес. Дарынын таасири сыяктуу болуп, Аллах каааласа таасирин жаратат. Каалабаса эч таасир кылдырбайт.

Бир сыйкырчы сыйкыры менен каалаганын албетте кылат, сыйкыр сөзсүз таасир кылат деген жана ишенген адам ыйманын жоготуп капыр болот. Аллаху таала болуусун тагдыр кылган болсо сыйкыр таасир кыла алат деп айтуусу керек. Сыйкыр кылынган адам «Мавахиб-и ладуниййа» котормосу, экинчи том, жүз сексен жетинчи [187] бетиндеги аяти карималарды жана дубаларды араби «Тасхил-ул-манафи» китебинин акырындагы Аяти хырзды багымдат жана асыр намаздарынан кийин жети күн бир жолудан окуп, мойнуна тагынса шыпаа табат. Бираз сууга Аятал курси жана Ихлас, Муаввизетейн куусу керек.  Сыйкырланган киши буларды үч жутум менен ичип, калганы менен гусул алуусу керек. Шыпаа табат.

Мавлана Мухаммед Осман Сахиб (рахметуллахи таала алейх) «Фаваид-и Оманиййа» китебинин жүз үчүнчү бетинин акырында мындай деген: «Сыйкыр жамандыктарынан кутулуу үчүн үч жолу Салавати шарифа окуп, кийин жети Фатиха, жети Аятал курси, жети Кафирун сүрөсү, жети Ихлас шариф, жети Фалак, жети Нас сүрөлөрүн окуп өзүнүн үчтүнө же ооруган кишинин үстүнө үйлөөсү керек. Буларды кайрадан окуп, сыйкырланган кишинин бөлмөсүнө, төшөгүнө, үйдүн ар жерине, бакчасына үйлөөсү керек. Иншааллаху таала сыйкырдан тазаланат. [Муну кылгандыгы үчүн акы албоосу керек.] Бүткүл оорулар үчүн дагы жакшы болот.

Багымдат жана куптан намаздарынан кийин улуу аалымдардын [силсиле-и алиййанын] аттарын, кийин Фатиха-и шарифаны окуп, рухтарына багыштап, аларды васила кылып орундалган дубанын кабыл болгондугу тажрыйба кылынган.»

Саадати Абадиййада дагы мындай делген:

                Аятал курси, Ихлас, Муаввизетейн жана Фатиха сүрөлөрүн тез окуп туруу дагы адамды жинден коргойт. Бул аяти карималарды окуу менен жана бул мектубду алып жүрүү менен жана шыпаа аяттарын окуу менен, жазып суусун ичүү менен пайдаланууну каалагандардын Ахли сүннөт итикадына (ишенимине) шай туура ыйман ээси болуусу керек. Буларды жазган адамдын жана колдонгондун ишеними итикады туура болбосо жана күфүр белгилерин колдонуп харам иш кылса пайдалары көрүлбөйт.

                Саадати Абадиййада дагы мындай делген:

Кады Бадруддин Шаблинин (рахметуллахи таала алейх)«Акам-ил-Маржан» аттуу китеби арапча жана абдан көлөмдүү. Жин тууралуу баяндалган. Бир жеринде мындай делген: «Жинден өткөн, болгон нерселерди сурап билүү жаиз. Келечекте боло турчу нерселерди суроо жаиз эмес. Өткөн нерселерди көрүп, угуп билишет. Сара оорусун (эпилепсия) жана башка жин ургандарды жинден куткаруу үчүн күфүргө себеп болгон нерселерди кылуу жаиз эмес. Жинден кутулуу үчүн эң жакшы он чараны [кыскартып] жазуудабыз:

 

1- Аузу Бисмиллах менен Фатиха сүрөсүн окуу.

2- Аузу Бисмиллах менен эки Кул-аузуну окуу.

3- Аузу Бисмиллах  менен Бакара сүрөсүнүн алгачкы беш аятын окуу.

4- Аузу Бисмиллах менен Аятал курси окуу.

5- Аузу Бисмиллах менен Бакара сүрөсүнүн акыркы эки аятын окуу.

6- Аузу Бисмиллах  менен Ха-Мим Мумин сүрөсүнүн башынан «масир»ге чейин жана Аятал курси окуу.

7- «Ла илаха иллаллаху вахдаху ла шарика лах лахулмулку ва лахулхамду ва хува ала кулли шайин кадир» окуу.

8- Көп «Аллах» деп айтуу.

9- Дайым даарат менен болуу, парздарды жана сүннөттөрдү эч калтырбоо.

10- Аялдарды кароодон, көп сүйлөөдөн, тамак көп жегенден жана адам жыйындарынан сактануу. «Баракат» китебинде Мухаммед Саиди (рахметуллахи таала алейх) баяндап жатып акырында Имам Раббанинин (рахметуллахи таала алейх) Жинден коргонуу үчүн «Ла хавла вала куввата илла биллах-ил-алиййил азыим» окугандыгын жазууда. Имам Раббани хазреттери жүз жетимиш төртүнчү мектубунда Жинди кетирүү үчүн муну окууну сунуштоодо. Бул «Калима-и тамжид» деп аталат.»

Саадати Абадиййа китебинде жазылган:

Жин жана шайтандын зыянынан кутулуу үчүн жана сара оорусуна жана сыйкырга каршы «Тасхил-ил-Манафи» китебинин акырындагы «Аяти хырз»ды жети күн окуу керек жана жазып, үстүндө алып жүрүү керек.

Жалаладдин Суютинин «рахметуллахи алейх «Китабуррахма фиттыбб-и валхикма» китебинде сыйкыр, көз тийүү жана жинден коргонуу үчүн баалуу маалымат бар. Жүз элүүнчү бабында мындай делген: «Шайтандын васвасасынан, кыйынчылыктан кутулуу үчүн ар күнү бул дубаны окуу керек: Йа Аллах-ур-ракиб-ул-хафиз-ур-рахим. Йа Аллаху-ул-хайй-ул-халим-улазим-ур-рауф-ул-карим. Йа Аллах-ул-хайй-ул-каййум-ул-каиму ала кулли нафсин бима касабат, хул байни ва байна адувви!» Жүз жетимиш төртүнчү пунктунун акырында мындай делген: «Хилтит же шайтан терси аттуу замкты жанында алып жүргөн адамга жин келбейт. Сара менен ооруган адам муну жыттаса жакшы болот.» Asa Foetide делген бул замк кою түстүү, жагымсыз жыттуу, дабыркай сыяктуу, спазмолитик, башкача айтканда, нервдерди сооротуучу катары Европада порошок жана таблетка түрүндө булчуң жана нервдердин чыңалуусун кетирүү үчүн колдонууда. «Цитрон», б.а., бак коону  бар болгон үйгө жин кирбей тургандыгы «Хаят-ул-хайван» жана «Камус» китептеринде жазылуу.

Билдирилген окумаларды бир канча убакыт улантуу керек. Эгер чынында эле үстүндө сыйкыр бар болсо адамда жеңилдөө пайда болот. Мындан сыйкыр экендиги түшүнүлөт. Окуу улантылат. Окулганы менен эч өзгөрүү пайда болбой жаткан болсо анда психологиялык экендиги түшүнүлөт. Доктурга баруусу керек.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш