«Асхабы
кирамдын Абу Саид Худри хазреттери айтууда: Расулуллах алейхиссалам бир күнү
мечитке кирди жана Ансарлардан Абу Умамага жолукту да андан: «Эй, Аба Умама!
Намаздын сыртында эмне үчүн мечитте отурасың?» - деп сурады. Абу Умама: «Мени
курчап алган дарттар жана карыздардын айынан йа Расулаллах», - деди. «Сага бир
дуба үйрөтөйүн, муну окуганыңда Аллах дартыңа даба берет, карызыңды төлөтөт.
Таңда жана кечте бул дубаны оку», - деп буюрду. Дуба мындай: «Аллахумма инни
эузу бике минел-хемми вел-хазен ве эузу бике минел-ажзи вел-кесел ве эузу бике
минел-жубни вел-бухл ве эузу бике мин галебетид-дейни ве кахрир-рижал». Хазрети
Абу Умаме: «Муну окудум, дарттан жана карыздан кутулдум», - деди.»