Ислам дини » Дубалар » Ооруган кишиге окулчу дубалар




Ооруган кишиге окулчу дубалар


Оорулуу кишини зыяратта Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи ва саллам) окуган дубалары хадис китептеринде жазылган. Алар мына булар;

«Асалуллахэл-азыим. Раббел-аршил-азыим ан йашфийака» (Арш-и Азимдин Рабби болгон Аллаху Азимушшандан сага шыпаларды ихсан кылуусун тилеймин.)

Үй-бүлө мүчөлөрүнөн бири ооруп калган учурда Пайгамбарыбыз мубарек колдорун оорулуунун чекесине коюп мындай деп дуба кылган учурлары болор эле:

«Аллахумма Раббана. Азхибил-баса, шифаэн ла йугадиру сакамен.» (Аллахым, сен бүткүл адамдардын Раббисиң... Бул оорлуунун ыздырабын кетире көр жана шыпаа бере көр. Шыпааны берген бир гана Сенсиң. Сенден башка шыпаа жараткан эч ким жок. Сенин гана шыпааң бар. Бул кулуңа да оорудан из калбай тургандай шыпаа ихсан кыла көр!)

Хадиси шарифтерде мындай делди:

«Асыл дабаа – Курани карим.» (Ибни Наср)

«Фатиха менен Аятал курсини окуганга ал күнү көз тийбейт.» (Дайлами)

«Ла илаха илла анта субханака инни кунту миназ-залимин» дубасын окуган адам дарт жана балээден кутулат. (Хаким) (Эскертүү: 40 жолу окулса дагы да жакшы болот.)

Ооруган киши үчүн кезеги менен мына булар кылынуусу керек...

«Жети жолу Фатиха окуп ооруп жаткан жерге үйлөнсө шыпаа пайда болот.» (Т.Азизи)

«Ар күнү таңда жана кечте жыйырма төрт жолу «Астагфируллах» кийин «Астагфируллахалазим аллази ла илаха илла хувал хаййал каййума ва атубу илайх» делет, кийин он бир Ихлас, жети Фатиха жана отуз үч жолу «Аллахумма салли ва саллим ала сеййидина Мухаммедин ва ала али сеййидина Мухаммед» деп окулуп, сообу Пайгамбарыбыздын Асхабы кирам жана Олуялардын рухтары менен Силсилеи Алиййа делген улуу аалымдардын ысымдары окулуп рухтарына хадия кылынат жана бул улуу заттардын урматына шыпаа берүүсү үчүн Аллаху таалага дуба кылынат... Негизи эле бир зарыл нерсеге жетүү үчүн эки рекет намаз окулуп, сообу Силсилеи Алиййа улууларына хадия кылынуу аркылуу дуба кылынат.»

Ооруган жерди оң кол менен жети жолу масх кылып, ар жолкусунда «Аузу бииззетиллахи ва кудратихи мин шарри ма-ажиду ва ухазиру» деп окуган кишинин оору-ыздырабы калбайт. (Б.Арифин)

«Таңда жана кечте Бакара сүрөсүнүн башынан төрт аят жана «Аятал курси» мене кийинки эки аят жана бул сүрөнүн акырындагы үч аят жиндиге окулса жакшы болот.

Жамгыр суусуна Фатиха, Аятал курси, Ихлас жана Муаввизетейн сүрөлөрүн жетимиш жолудан окуп, бул суудан аралыксыз жети күн (таңда) ичкен кишинин оорусу айыгат. (Муну 5-10 салих мусулман киши окуса дагы да жакшы болот.)

Шыпаа аяттары сууга салынып ичилсе ооруларга шыпаа болот. Шыпаа аяттары: Тообо-14, Юнус-57, Нахл-69, Исра-82, Шуара-80 жана Фуссилет-44.»

Хадиси шарифте: «Дары колдонуу да тагдырдан, Аллахтын уруксаты менен пайда берүүсү мүмкүн», - делди. Дуба дагы дары сыяктуу жана Аллаху таала кааласа таасир кылат.

Денебиз бизге дүнүйөдө аманат. Динибиз аны жакшы сактообузду буюрууда. Оорулууну эмдетүү керек жана эмдөөнүн оорулуу кишинин абалына жараша дары менен, садака берүү менен жана дуба менен орундала тургандыгы билдирилген. Таасирлери анык болгон эмдөө, медициналык дарыларды да колдонуу парз, б.а., Аллаху тааланын буйругу. Таасири анык болгон дарылар азык сыяктуу. Тескериси кылына турган болсо, б.а., дары ичпестен киши өзүн өлүмгө таштаса чоң күнөөгө кирген болот.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш