Ислам дини » Дубалар » Исми аъзам дубасы




Исми аъзам дубасы


Суроо: Исми аъзам дубасы кайсы дуба?

Жооп: Исми аъзам Курани каримде. Кайсыл аяттар экендиги белгисиз. Хадиси шарифтерде айтылды:

"Исми аъзам менен кылынган дуба кабыл болот жана тилеги орундалат”. (Ибни Мажа)

"Аллаху тааланын Асмаи хуснасы менен дуба кылына турган болсо кабыл болот”. (Ширъа)

"Исми аъзам ушул үч сүрөдө: Бакара, Аали Имран жана Таха”. (Ибни Мажа)

Пайгамбарыбыз алейхиссалам исми аъзам тууралуу кээ бир ишараттарды билдирген:

"Йа бадиъассамавати вал арды, йа зал-жалали вал-икрам деп дуба кылган адамдын дубасы кабыл болот”. (Тирмизи)

"Башына дарт жана кыйынчылык келген адам Юнус пайгамбардын дубасын Ла илаха илла анта субханака инни кунту миназзалимин окусун! Аллаху таала аны сөзсүз куткарат”. (Тирмизи)

"Исми аъзам Ва илахукум илахун вахид, ла илаха илла хуваррахмануррахим аяты менен Аллаху ла илаха илла хувал хаййул каййум аятынын ичинде”. (Вакара 162 жана Аали Имран 2-аяттары.)

"Аллахумма бисмикал аъзам ва рыдваникал акбар дубасын дайым окугула. Анткени, бул асмаи хуснадан”. (Табарани)

 "Йа Рабби, Йа Рабби деген адамга Аллаху таала "Сура кулум, каалаган нерсеңди берейин” деп айтат”. (Дайлами)

"Кабыл болушу үчүн дубаны ыкылас менен кылууга тийиш, жеп-ичкени жана кийгени адалдан болууга тийиш, бөлмөсүндө арамдан бир жип бар болсо ал бөлмөдө кылынган дуба кабыл болбойт”. (Таргибус-салат)

Пайгамбарыбыз алейхиссалам дуба кылганда "Йа хаййу йа каййум” дечү. (Тирмизи)

"Аллахумма инни асъалука би-анна лакал-хамду ла илаха илла анта йа ханнан йа маннан йа зал-жалали вал-икрам деп дуба кылган бир затка да мындай деп айтты: "Аллахтын исми аъзамы менен дуба кылдың. Мындай дуба кылынганда Аллаху таала ал дубаны кабыл кылат”. (Насаи)

Хазрети Аиша энебиз айтат:

"Расулуллах: "Дубанын кабыл болуусуна себеп болчу исми аъзам дубасын билесиңби?" - деп сурады. Мен болсо билбеймин деп жооп бердим. Ошондо: "Йа Аиша, аны үйрөнүү жана аны менен дүнүйөлүк бир нерсе тилөө туура болбойт”, - деди. Туруп даарат алып, эки рекет намаз окуп, "Аллахумма инни адукаллах ва адукаррахман ва адукалбарраррахим ва адука биасмаикалхусна куллаха ма алимату минха ва ма лам алам антагфирали ва тархамани” дубасын окудум. Жылмайып "Исми азам окуган дубаңдын ичинде”, - деди”. (Ибни Мажа)

"Йа залжалали вал-икрам” деген бир адамга: "Аллахтан эмне тилесең тиле, кабыл болот”, - деди. (Тирмизи)

"Ла илаха иллаху валлаху акбар, ла илаха иллаллаху вахдаху ла шарика лах, лахул мулку валахул хамду ва хува ала кулли шайин кадир, ла илаха иллаллаху вала хавла вала куввата илла биллах деп дуба кылган адам бардык тилегине жетет”. (Табарани)

 "Аллахумма инни асъалука би-анни ашхаду аннака анталлаху лаилаха илла антал-ахадус-самадул-лази лам йалид ва лам йулад ва лам йакуллаху куфуван ахад” деп дуба кылган бир затка Пайгамбарыбыз алейхиссалам мындай деп айтты:

 "Аллахтын исми аъзамы менен дуба кылдың. Мындай дуба кылынганда Аллаху таала кабыл кылат”. (Тирмизи)

Суроо: Исми аъзамды тескери окуу деген бир нерсе барбы?

Жооп: Андай нерсе жок.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш