Ислам дини » Дубалар » Аллаху тааланын ыраазы болуусу




Аллаху тааланын ыраазы болуусу


Суроо: Китептерде: "Аллаху тааланын сыпаттары түбөлүк, башкача айтканда, чексиз болгондугу сыяктуу, бир адамга ыраазы болуусу да чексиз. Алгач ыраазы болуп, анан нааразы болбойт” деп жазылган. Бир адам башында капыр болуп, анан мусулман болушу мүмкүн. Же болбосо мусулман болуп туруп анан капыр да болушу мүмкүн. Бул жагдайда Аллахтын ыраазы болуусу өзгөрүп жатпайбы?

Жооп: Аллаху тааланын ыраазы болуусу эч качан өзгөрбөйт. Өкүм натыйжага карай берилет. Тактап айтканда, акыркы демде ыйман менен өлөбү же ыймансыз өлөбү; маанилүү болгон нерсе мына ушул. Аллаху таала да эзелий болгон илими менен бир адамдын соңун албетте билет. Эгер ал адам ыйман менен өлө турган болсо ага ыраазы, ыймансыз өлө турган болсо ага ыраазы эмес. Капыр боло турган мусулманга Аллаху таала ыраазы болмок беле? Мусулман боло турган капырдан да ошол жагдайы менен эмес, соңунда мусулман боло тургандыгы үчүн мусулмандыгынан ыраазы болот.

Бир мусулман дуба кылып жатканда "Аллах сага ыраазы болсун” деп айтуу "Сенин бул күнөөкөр абалыңа ыраазы болсун” дегендик эмес. "Сени Өзү ыраазы болгон абалга өзгөртсүн” дегендик.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш